Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Кулов: Октябрь окуялары боюнча Жээнбеков үн катыш керек


Феликс Кулов
Феликс Кулов

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов "Азаттыкка" октябрь окуяларына байланыштуу суракка чакыртуулар тууралуу пикирин билдирип, экс-президент Сооронбай Жээнбеков үн катышы керектигин билдирди.

“Октябрь окуялары биринчиден кайсы себептерден улам чыкканын караш керек. Эксперттер "туура эмес шайлоо өттү" деп жатат, бирок шайлоо туура эмес өтсө эле бийлик алмашпайт да. Эмне үчүн Сооронбай Жээнбеков бийликтен кетти? Анын арызын окусам, "күч колдонуу, зордук-зомбулуктун алдын алып" деп айтып жатат. Президентке күч колдонуп, кысым кылгандарды ким текшерип жатат? Биз анын сөзүн уга элекпиз, Сооронбай Жээнбеков ким коркутканын ачык айтыш керек".

Кулов октябрь окуялары боюнча ошол кездеги ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевге издөө жарыяланбаганы да суроо жаратарын айтты.

ИИМ октябрь окуялары боюнча бир катар саясатчыларды суракка чакырды.

Милиция октябрь окуяларынан улам оппозициялык саясатчы Жеңиш Молдокматовду камаган. Ага алгач "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып коюлган. Кийин мындай берене өзгөрүп, Октябрь окуяларында "калайман башаламандык уюштурган" деген кине тагылган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG