Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Орус олигархын ойлондурган Кумтөр


Москва. Александр Лебедев. Орусиялык мультимиллионер.

Орусиялык ири ишкер, Москва менен Лондондо иштеген медиамагнат жана КГБнын мурдагы кызматкери Александр Лебедев Кумтөр кенине кызыкты.

Александр Лебедев Кумтөргө барып келгенин "Инстаграмдагы" баракчасына жарыялады. Ал Кумтөр алтын кениндеги экологиялык кесепеттерди жана коррупциялык иштерди иликтөөгө барганын белгиледи. Айрым интернет колдонуучулар ишкердин кенде бизнес кызыкчылыгы болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Азырынча орусиялык ишкердин Кыргызстандын жогорку кызмат адамдары менен жолукканы тууралуу маалымат чыккан жок. Бирок анын жазган постторуна караганда, ал Кыргызстанга учуп келип, Кумтөргө барган күнү президент Садыр Жапаровдун 15-июнда алтын кендин эмгек жамааты менен жолуккан учурга туура келет.

Бирок мамлекет башчынын басма сөз кызматы Садыр Жапаров менен Александр Лебедевдин Кумтөрдө жолу кесилишкенин ырастаган жок. Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев орусиялык мультимиллионер Лебедевдин Кыргызстанга жеке сапар менен келип-кеткени анын өзүнүн иши экенин айтып, анын журналисттик иликтөө демилгеси тууралуу комментарий бербеди.

Александр Лебедев деген ким?

"Инстаграм" баракчасына Кыргызстанда 4,4 миң метр бийиктикте жайгашкан Кумтөрдө болгонун жазган орусиялык ишкер Александр Лебедев канадалык тарап алтын казуу үчүн өлкөнүн буга чейинки жетекчилерине пара берип, табиятты талкалап келгенин белгилеген.

Ал өткөн 25 жылда наркы 12 млрд. доллардан ашуун алтын казылып, бирок анын бир нече миллиону гана Кыргызстанда калганын айткан.

Социалдык тармактын колдонуучулары андан Кумтөргө эмнеге барганын сурагандарга Александр Лебедев "экологиялык зыяндын көлөмүн жана паракорчулукту далилдөөгө жардамдашуу үчүн" деп жооп кайтарды.

Global Voices уюмунун өкүлү Айгерим Тургунбаева мультимиллионер Лебедевдин Кумтөргө кызыкчылыгы эмнеде деген суроо анын баракчасында кызуу талкуу жаратканын билдирди:

“Александр Лебедев чоң инвестор. Анын Орусиядан сырткары Британия, Франция жана Европанын башка бир топ өлкөлөрүндө ири бизнестери бар. Андан башка анын ресторан жана мейманкана тармактары дагы көп экени ачык булактарда жазылган. Анан ал Англиядагы Лорддор палатасынын туруктуу мүчөсү. Адатта Москва менен Лондондун ортосунда иштеп жашайт. Анан Лебедев Кумтөргө экологияны коргоо, анын зыянын иликтөө максаты менен барып келгенин жарыялаптыр. Бирок бул жерде анын башка бир максаты бар го. Жеке өзүнүн же башка өнөктөштөрүнүн инвестициялык кызыкчылыгы биринчи орунда деген ойдомун. Анткени ишкер үчүн биринчи кезекте пайда турат. Лебедев кызына жана апасына Кыргызстандан алып барган белектерин кийгизип, “Мен апама Кыргызстандагы Кумтөр тууралуу айтып берсем, ал президент Садыр Жапаровдун азыркы аракеттерин колдой турганын айтты” деп жазган. Менимче, ал инвестиция салып, бул жерден кандайдыр бир пайда көргүсү келет. Ошондуктан бул жакка келип, ары-жак бер-жагын чалгындап, коомчулуктун маанайын байкап көргүсү келип жаткандай элес калтырды. Орусиялык мультимиллионер жөндөн-жөн эле Кыргызстанга экология үчүн күрөшүүгө келбейт да”,- дейт Тургунбаева.

Мультимиллионердин таржымалы: КГБдан банкирликке

Александр Лебедев Москва менен Лондондун ортосунда иштеген ири ишкер, банкир, ар кайсы тармак боюнча жүзгө чукул ишкананы ичине камтыган финансалык өнөр жай холдингинин ээси.

Forbes журналынын маалыматы боюнча Лебедев 2000-жылдары миллиарддык байлык топтогон. 2006-жылы анын байлыгы 3,7 млрд. долларга жеткен. Кийин жарымынан көбүнөн ажырап, 2015-жылы ишкердин дүйнө-мүлкү 400 млн. АКШ долларына барабар экени жарыяланган.

Лебедев СССРдин тушунда КГБнын жашыруун кызматтарында иштеп жүрүп, коопсуздук органдарынын подполковник наамына жетип, 1991-жылы банк тармагына өтүп кеткен. Ага чейин Лондондогу элчиликте иштеп жүргөндө ири бизнес байланыштарды тапканы анын өмүр таржымалында көрсөтүлгөн.

Юрист Клара Сооронкулова мында “Кумтөргө” байланыштуу сүйлөшүүлөр боюнча сырдуу жагдайлар бар дейт:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

“Атайын кызматтын мурдагы кызматкери Максат Мамытканов “Кумтөр” боюнча иликтөө жүргүзүп, бул алтын кен долбоорунун башында кезинде чет өлкөлөргө чыгып кеткен Орусиянын жарандары, КГБнын мурдагы кызматкерлери турган деген бүтүмгө келген. Керек болсо кайсы бир ысымдар дагы айтылган болчу. Азыр эми кыргыз бийлиги бул кенди алып, тышкы башкаруу киргизип, канадалык тарап менен тирешип турат. Лебедев КГБда иштеп, ошол системадан чыкканы анын таржымалында жазылган. Анын бул жакка сапары бир топ табышмактуу болуп, Лебедев журналисттик иликтөө жасаганы келиптир дегени кишинин күлкүсүн келтирет. Менимче, мындай учурда Лебедев сыяктуу ири ишкер, мультимиллионер жөн эле Кумтөргө келе бербейт. Бул жерде жаңы сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн ортого түшүп келди го деген божомол бар”, - деген оюн ортого салды Клара Сооронкулова.

Александр Лебедевдин "Инстаграммында" канадалык компания Кумтөрдөн кеткен соң эми анын ордуна жаңы бизнес ачуу ниети бар-жогун андан сурагандар да болду. Бирок орусиялык ири ишкер буга окшогон ишкердикке же инвестиция салууга байланыштуу суроолордун көбүн жоопсуз калтырган.

Александр Лебедев өзүнүн постторун апасынын жана кызынын сүрөттөрү менен кошо жайгаштырган.

Клара Сооронкулова Лебедевдин Кумтөргө келишин алтын казууга байланышкан кызыкчылык дегенди да жокко чыгарбайт:

“Дагы бир жүйөлүү версия бар. Канадалык компания кеткен соң, бул алтын кенин колуна алууга кызыкдар чет элдик инвесторлор дагы көп болушу мүмкүн. Анткени, кен иштетүүгө даяр. Комбинат эбак курулган. Алтындын баасы күндөн-күнгө кымбаттап эле келе жатат. Бул жерде анын кандайдыр бир бизнес кызыкчылыгы дагы болушу мүмкүн. Эгерде жөн эле сүйлөшкөнү келсе, кайсы бир жерден сүйлөшө беришмек. Анын Кумтөргө чейин чыгып барып, бардыгын өз көзү менен көрүп келгени анын кандайдыр бир кызыкчылыгы бар экенин айгинелейт. Мүмкүн ал кимдир бирөөлөр менен жекеме-жеке жолугушуусу дагы ыктымал. Бирок укуктук жактан алганда бул алтын кени боюнча эл аралык соттордо чыр-чатак териштирилип бүтмөйүнчө мындай тобокелчиликке барууну көпчүлүк инвесторлор жактыра беришпейт. Себеби, кендин тагдыры эртең кандай болору белгисиз. Ошондуктан бул жерде чиеленишкен, табышмактуу жана түшүнүксүз жагдайлардын болушу менен катар эле ачык-айкындуулук болбогону көп түкшүмөлдөрдү жаратууда”.

Орусиялык ишкер Лебедев медиа магнат катары дагы белгилүү. Анын карамагында Орусиядагы “Новая газета” Британиядагы London Live телеканалы, Evening Standard, Independent, Newspaper басылмалары сыяктуу медиа ресурстар бар экени интернеттеги ачык булактарда көрсөтүлгөн. “Кумтөр Голд компани” кат жүзүндө суроо-талапка ири ишкер Лебедев журналисттик иликтөө жүргүзүү үчүн уруксат сурап, кенге барганын ырастаган жооп алдык. Бирок ал иликтөөнүн мазмунун тууралуу маалымат ала алган жокпуз.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова кыргыз өкмөтү кендеги буга чейинки абалды чагылдыруу үчүн эл аралык медианы тартып, маалымат өнөктүгүн жүргүзүүнү мерчемдеп жатканын айтты:

“Центерра Голд” тигил жакта туруп алып, “эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес, ага эч кандай себептер жок дегендей доомат артып келе жатпайбы. Мындай жагдайда биз эл аралык журналисттер, эксперттер жана экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, чет өлкөлүк парламенттер аралык бирикмелердин мүчөлөрү сыяктуу бир топ жактардан чакырып, аларга Кумтөрдөгү чыныгы абалды көргөзүп, чагылдырууну туура көрдүк. Буга байланыштуу бир катар эл аралык деңгээлде чагылдырган маалымат каражаттары өздөрү кызыкчылыгын айтып, алды келип, көрүп кетишүүдө. Лебедев деле мына ошол максатта кендеги абалды көргөнү келиптир”

Ошентип, Кутманова Лебедевдин кенге келишинде эч кандай бизнес кызыкчылык жок экенин, ал Кумтөрдөгү экологиялык абалды эле көргөнү келгенин белгиледи. Жогорку Кеңеш быйыл 17-майда “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Буга анын ишмердигин иликтеген мамлекеттик комиссиянын сунушу негиз болду.

Чечимде зарылдыгына жараша компанияны тыштан башкаруу узарып турары көрсөтүлгөн.

Талаш-тартыштын таржымалы

Ошол эле кезде 31-майда "Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча сотуна кайрылганын “Центерра Голд” компаниясы жарыялаган.

Компания Кумтөр алтын кениндеги соңку окуяларды “негизсиз басып алуу” деп мүнөздөп, ошого жооп жана кызыкчылыктарды коргоо боюнча кошумча чара катары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде сотко кайрылганын белгилеген. Анда кыргыз өкмөтү "Центерра Голд" менен түзүлгөн инвестициялык келишимди бузганын билдирген.

Билдирүүдө “Сот көзөмөлдөгөн бул процесс башка нерселер менен бирге эле дүйнөлүк алкакта "Кумтөр Голд" менен "Кумтөр оперейтингге" каршы бардык доолордун автоматтык түрдө убактылуу токтотулушун камсыз кылат. "Центерра Голд" эл аралык деңгээлде таанылган, ырааттуу реструктуризациялоо процесси кыргыз өкмөтү менен потенциалдуу сүйлөшүүлөргө өбөлгө түзөт деп үмүттөнөт” деп жазылган.

“Центерра Голд” компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перринин “Биз Кыргызстандын өкмөтүн талкууга бир нече жолу чакырдык, бирок алар биз менен байланышуудан баш тартууда. Биз Кыргызстандын бийлиги менен конструктивдүү диалог жүргүзүүгө дагы деле даярбыз” деген сөзү келтирилди.

Жакында 8-июнда Нью-Йорк соту бул ишти карап, судья Лиза Бекермандын макулдугуна ылайык, эки компанияны юридикалык же административдик жоопко тартуу, алардан доо өндүрүү же ал ишканалардын мүлкүн тартып алуу аракеттерине убактылуу чектөө коюучу буйрук ишке киргизилген.

Кыргыз өкмөтү сырттан башкаруу киргизген “Кумтөр Голд Компани" ишканасы Нью-Йорк соту карап баштаган бул ишке тынчсыздануусун билдирген. Мындай маалымат 10-июнда компаниянын сайтына жарыяланды.

"Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет жана АКШнын банкроттук соту тарабынан көрүлө турган чаралар укуктук күчкө ээ эмес. АКШнын банкроттук соту процедуранын автоматтык түрдө токтотулушуна байланыштуу Кыргыз Республикасын буйруктун чөйрөсүнөн четтетүүдөн баш тартканы белгилүү болду, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын кийинки сот угуу этабында автоматтык түрдө токтото туруудан андан ары чыгарып салууну талап кылуу укугу сакталып калды", - деп айтылат компания тараткан билдирүүдө.

Анда компания түзүлгөн күндөн тартып Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүп келатканы белгиленет.

Ошентип, кыргыз өкмөтү дагы, "Центерра Голд" дагы ар кимиси өз алдынча "Кумтөр Гол компани" ишканасына кожоюн экенин ырастап, анын атынан билдирүү жасап, талаш-тартыш эл аралык соттордогу тирешке чейин өсүп жетти.

Жогорку Кеңеш 17-майда бекиткен мамлекеттик комиссиянын тыянагында кен казылган аймактарда экологиялык жана техникалык эрежелер бузулганы, мөңгүлөр талкаланып, алтын казуудан чыккан топурак калдыктары мөңгү үстүнө төгүлгөнү, Кумтөр алтын кенинен Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, ал эми "Центерра Голд" 11,5 миллиард доллар пайда тапканы айтылган.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

16-майда “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын андагы үлүшү 26% түзөт.

Саясатчыларга жеткен Кумтөр чыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:52:02 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG