Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:56

Тайырбек Сарпашев бир жарым айга камалды


Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди кармады.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 19-июнда Сарпашевдин бөгөт чарасын карап, 31-июлга чейин УКМКнын абагында калтырды.

Кумтөргө байланыштуу камалган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арыз Бишкек шаардык сотунда каралбай калды.

Атайын кызмат 18-июнда тараткан маалыматка караганда, Тайырбек Сарпашев канадалык "Центерра Голд" компаниясынын өкүлдөрү менен жең ичинен сүйлөшүп Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирген.

Тергөө ал өкмөттө иштеп турганда мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылганын аныктады.

Мындан тышкары Сарпашев "Кумтөр Голд" ишканасына мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, Кумтөр кенинде жайгашкан “Лысый” жана “Давыдов” мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Суу кодексин өзгөртүү боюнча документти парламенттин кароосуна киргизген.

УКМК аны 17-июнда Жазык кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) менен шектүү катары кармады.

Сарпашевдун жакындары жана жактоочусу азырынча буга байланыштуу комментарий бере элек.

Ал 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон.

Сарпашев 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган.

Ал арада "Кумтөр ишинен" улам камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арыз Бишкек шаардык сотунда каралбай калды. Буга 18-июндагы отурумга кылмышка шектүүлөр алып келинбегени негиз болду. Кийинки сот отуруму 23-июнда өтөт.

Эки депутаттын адвокаттары алардын коргоосундагы адамдардын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган. Алар сот жабык өтүп, жараянга шектүүлөр алынып келбегенине нааразы болушту. Ал эми Жээнбеков менен Зулпукаровдун 100дөй тарапташы соттун имаратынын сыртында митинг кылышты.

Митингге Асылбек Жээнбековдун агасы — Жусупбек Шарипов дагы келди. Ал учурда Кыргызстандын Украина жана Молдовадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштейт.

Депутаттар "Кумтөр иши" боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-майда эки айга камакка алынган.

Бул иш боюнча 2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев да эки айга камалган. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков кармалган. Баарына тең Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду.

Кийинчерээк Талантбек Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков тергөө менен кызматташуу тууралуу тил катка кол коюп бергенине байланыштуу үй камагына бошотулган.

"Азаттыкка" маалым болгондой, экс-депутаттар мамлекеттик бюджетке ондогон миллион сом каражат да төгүп бермей болушкан.

“Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар да күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан. Алар тергөөнүн купуялыгынан улам сурактын чоо-жайын ачык айтыша элек.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG