Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Кумтөр: Камоолордун тогуз жыл мурунку төркүнү


Кармалган саясатчылар Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Талант Узакбаев, Исхак Пирматов (солдон оңго). Жаңы сүрөттөрү жана 2012-жылкы Кумтөрдү мамлекетке алуу талкууланган жыйындагы сүрөттөрү.
Кармалган саясатчылар Төрөбай Зулпукаров, Асылбек Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Талант Узакбаев, Исхак Пирматов (солдон оңго). Жаңы сүрөттөрү жана 2012-жылкы Кумтөрдү мамлекетке алуу талкууланган жыйындагы сүрөттөрү.

Кумтөргө байланыштуу камалган саясатчыларга кайсы келишимдер жана кайсы токтомдор боюнча айып тагылып жатканы расмий айтыла элек. Бирок айыпталуучулардын адвокаттары тергөө таккан кине 2012-жылкы парламенттин чечимине барып такалып жатканын билдирүүдө.

Ал жылы эмне маселе каралган? Кармалган төбөлдөр анда кандай кызматтарда отуруп, кандай аракеттерге барган? “Азаттык” ушул суроолорго жооп издеп көрдү.

Айыптоонун учкай баяны

Ошентип чуулгандуу иш боюнча эки депутат: Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, эки экс-депутат: Исхак Пирматов, Талант Узакбаев жана бир экс-премьер-министр: Өмүрбек Бабанов камалды. Бешөөнө тең Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү, тагыраагы “Коррупция” менен айып тагылды.

Саясатчыларды кармаган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) алардын бардыгы Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу жемкорлук аракеттерге шек саналып жатканын расмий кабарлады. Бирок мекеме кайсы жылда болгон аракеттер, кайсы фактылар экенин тактаган жок.

Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 2-июнда Жалал-Абадда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып бул иштин арты терең экенин, зарыл болсо экс-президенттер да жоопко тартыларын маалымдады:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Эч кандай саясий куугунтук, жердешчилик маселеси жок. Ошол окуяга кимдин тиешеси болсо кылган кылмышына жараша жазага тартууга милдеттүүбүз. Ошол милдетибизди аткарып жатабыз. Кумтөр алтын кенин акыркы 25 жылдан бери талап-тоноп, анын тегерегинде интрига уюштуруп, биздин аткаминерлер жетеленме болуп калганын элибиз көрдү. Мындан ары андай болбойт. Ал жерде көптөгөн мурдагы премьер-министрлер, спикерлер бар. Депутаттар, мамлекеттик чоң кызматта иштегендер бар. Керек болсо мүмкүн, биз кээ бир мурда иштеп кеткен президенттерди да жоопко тартабыз. Себеби алардын түздөн-түз тиешеси бар”, - деди ал.

Бирок УКМКнын жетекчилиги баары бир соңку кылмыш иштин предметин чыгара элек. Ал эми айыпталуучулардан Өмүрбек Бабанов гана муну "абсурд" деп атап, дооматты четке какты. Калгандары билдирүү беришкен жок.

“Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар да күбө катары көрсөтмө берди.

Экс-депутат Жылдызкан Жолдошова да күбө катары суракка чакырылды. Булар да тергөөнүн купуялуулугуна ылайык, иштин жөнүн ачык айтыша элек.

Ошол себептүү биз айыпталуучулардын адвокаттарынын сөзү менен баяныбызды улап туралы.

Демек, тергөөдөгү жиптин учун биринчилерден болуп Асылбек Жээнбековдун адвокаты Давран Касымов чыгарды.

Ал 2-июнга караган түнү Биринчи май райондук сотунун алдында журналисттерге комментарий берип жатып, кардарынын кармалышын “мыйзамсыз” деп атаган. Адвокат ар бир кылмыштын кесепети болорун, бирок азыр тергөө койгон кесепет түшүнүксүз болуп жатканына токтолгон.

Давран Касымов
Давран Касымов

“Тергөө тобу бир гана "2012-жылы Садыр Жапаров Кумтөр боюнча көтөргөн демилгени депутаттар кабыл албай коюшкан" деп, ошону кесепет катары беришиптир. Биз муну туура эмес деп эсептейбиз. Себеби добуш берип жатканда ар бир депутат өз ыктыяры менен берет да, аны эч ким мажбурлабайт. Эгер кимдир бирөөгө күч көрсөтүп, кимдир бирөөнү коркутса, депутат өзү мыйзам чегинде укук коргоо органдарына кайрылышы керек болчу. Асылбек Жээнбеков “Центерра Голд” компаниясы боюнча “бардык келишимдерди туура жолго салганга аракеттерди кылганбыз” деп жатат”, - деген Давран Касымов 1-июндун кечинде.

Камалган саясатчыларга козголгон кылмыш ишинин башка деталдарын Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Пирматовдун жактоочусу Тимур Карабаев да өз билдирүүлөрүндө учкай айткандай болду.

Адвокат кардары Пирматов 2012-жылы парламенттин тармактык комитетин жетектеп турганда ошол кездеги депутат Садыр Жапаровдун Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу токтом долбоорун колдобой койгонун айтып, экс-депутат мына ушуну үчүн тергөөнүн каарына калып жатканына токтолду.

Тимур Карабаев
Тимур Карабаев

“Исхак Пирматовго коюлган айып толугу менен – абсурд. Эч кандай далилдик базасы жок. Аны 2012-жылы ошол кездеги депутат Садыр Жапаров Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу токтом долбоорун колдобогонуна байланыштуу айыптап жатат. Анда спикер Асылбек Жээнбеков долбоорду өткөрбөө үчүн депутаттар менен келишип, башкаларга бөлөк долбоор даярдоо тапшырмасын берип, Пирматов ошону аткарган деп жатышат. Бул айыптоонун баары куру сөз. Депутат айткан сөзү, берген добушу үчүн жооп бербейт”, - деди 2-июнда Тимур Карабаев.

Мындан улам биз атайын кызмат иликтеп жаткан кылмыш иштин мазмуну Кумтөргө байланыштуу 2003-2007-2009-жылкы келишимдер, макулдашуулар жана токтомдор эмес, 2012-жылкы парламенттин чечими экенин аңдагандай болдук. Анда тогуз жыл мурдагы тарыхка кайтып баралы.

Кумтөр жана депутаттык комиссия

2010-жылкы апрель окуясында бийлик алмашкандан кийин, 2011-жылы Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундардан куралган уюмдар Кумтөр кенин улутташтыруу демилгеси менен чыгат.

Буга байланыштуу Жети-Өгүздө, Балыкчыда жана Бишкекте нааразылык акциясы өтөт. Бирок ал сунушту ошол учурдагы парламент төрагасы Акматбек Келдибеков четке кагып, келишимдерди кайра кароонун зарылчылыгы жок деген билдирүү таратат.

2012-жылдын 7-февралында Кумтөрдө иштеген 1,5 миңдей кызматкер айлыкты көбөйтүү талабы менен мөөнөтсүз иш таштайт. Бул чыр 14-15-февралда парламентте талкууланат. Соңунда кендеги абалды иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлөт.

Береги комиссиянын иш мөөнөтү үч ай деп белгиленет. Ал «Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниясынын жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүш процессинин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча иши, мамлекеттин көзөмөлүн иликтеш керек болчу.

Комиссиянын төрагалыгына депутат Садыр Жапаров, мүчөлүгүнө эл өкүлдөрү Айнуру Алтыбаева, Бакыт Жетигенов, Максат Сабиров, Урмат Аманбаева, Марат Султанов, Эркин Сакебаев, Акылбек Султанов, Ширин Айтматова жана Ташболот Балтабаев бекилет.

Ортодо Ысык-Көлдө дагы нааразылыктар тутанат. Жети-Өгүздө чыккандар Барскоон айылында Кумтөргө кетчү жолду тосот. Чыр 15-июндарга келип бир аз жөнгө салынат.

Толук 125 күндүк изилдөө иштеринен кийин депутаттык комиссия 20-июнда парламентте отчёт берет. Жыйынды алгач жабык өткөрүү сунушталып, депутаттар Камчыбек Ташиев менен Жылдызкан Жолдошованын каршылыгы менен ачык талкуу жүрөт.

Парламенттик угууга премьер-министр Өмүрбек Бабанов баш болгон өкмөт мүчөлөрү, мекеме жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн башчылары, “Кумтөр Оперейтинг Компани” жетекчилиги менен Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, жарандык коом жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, кен жайгашкан аймак тургундары да катышат. Экономика министри катары Темир Сариев, финансы министри катары Акылбек Жапаров, Социалдык фонддун төрагасы катары Мухаммедкалый Абылгазиев да жыйында болгон.

Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Садыр Жапаров комиссиянын корутундусун жарым сааттан ашык убакыт окуйт.

“Ушул убакка чейин бардыгы болуп 258,6 тонна алтын сатылып, өткөрүлсө, Кыргызстан болгону 1 тонна 400 килограмм гана алтын алган. Комиссиянын жыйынтыгы “Кумтөр Оперейтинг Компани” жабык акционердик коому Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактабаган көп сандагы фактыларды аныктады. Ушунун кесепетинен айлана-чөйрөгө орду толгус зыян келтирилүүдө. Ушуларды эске алганда комиссиянын ишин улантуу, “Кумтөр Оперейтинг” компаниясынан жана мамлекеттик органдардан жетишпеген документтерди алуу, “Кумтөр Оперейтинг” тараптан келтирилген зыяндын толук өлчөмүн аныктоо үчүн эсеп-кысап жүргүзүү жана баштапкы маалыматтарды алуу зарыл экендиги талашсыз. Мыйзам бузуулардын ачылган бардык фактылары боюнча күнөөлүү адамдарды жаза тартуу үчүн тергөө ишин жүргүзүү зарыл деп эсептейбиз. Бул эл аралык масштабдагы кылмыш, кылымдын кылмышы десек жаңылышпайбыз”, - деген ал.

Кумтөр кенине байланыштуу сессиянын 1-бөлүгү. 2012-жылдын 20-июну.

Жыйында көз карандысыз юрист Динара Кутманова экологиялык зыяндар тууралуу кошумча, чакан баяндама жасайт. Комиссия даярдаган атайын тасма да көрсөтүлөт.

20-июндагы талкуулар көпкө узарып кетет да, маселени кароо эки күндөн кийинкиге, 22-июнга жылат. Бул күнкүгө убактылуу депутаттык комиссия Кумтөр талашын чечүү үчүн токтом долбоорун даярдап келүүгө милдеттеме алат.

Садыр Жапаров андагы билдирүүлөрүндө Кумтөр кенине Кыргызстандын атынан оперативдик башкаруу киргизүүнү сунуштайт. Ал муну “Кумтөр Алтын Компани” аттуу мамлекеттик ишкана түзүп, ошол аркылуу ишке ашырууга болорун белгилейт.

Де-факто, бул кен 100% Кыргызстанга өтөт дегенди түшүндүргөн. Болгону чет элдик соттошуулардан буйтоо үчүн “улутташтыруу” же “мамлекеттештирүү” деген аталыштардан качышканы көрүнүп турат.

22-июнда ушул жагдай үчүн депутат, парламенттин Экономиканын тармактарын өнүктүрүү комитетинин төрагасы Исхак Пирматов Садыр Жапаровду жарга такайт.

Исхак Пирматов:

“Акыркы бир жума ичинде өзүңүздүн берген интервьюларыңызда, же болбосо сиздер даярдаган Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорунда “улутташтыруу” деген термин колдонулду беле? Сиздин оозуңуздан ошондой термин чыктыбы, чыкпадыбы?”.

Садыр Жапаров:

“Урматтуу коллегам, бул жерде “улутташтыруу” жана “денонсациялоо” деген маселе жок. Оозуман андай термин чыккан жок.

Исхак Пирматов:

“Анда эмне себептен сиз Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирип жатасыз. Эч кандай реакция жасабай жатасыз. Мен беш күндөн бери бардык каналдардан көрүп жатам, серепчилердин сөзүн угуп жатам. Анда сизди “Кумтөрдү улутташтыруунун жана экспроприациянын (күч менен тартып алуу) демилгечиси болуп жатат” деп ачык айтып жатышат.

Садыр Жапаров:

“Урматтуу Исхак Пирматович, массалык маалымат каражаттарында чыккан ар бир материалга эле реакция кыла берсем, анда мен 24 саат уктабашым керек. Мен күн сайын интервью менен алек болушум керек болуп калат. Кечээ мына “Садыр Жапаров “барып басып алыш керек” деп айтты” деп маалымат чыкты. Мен айтып жатам, оперативдүү түрдө көзөмөлгө алып, барып кайтарып калыш керек деп айтып жатам. Мүлктү, акчаны, алтынды чыгарып кетпесин деп, ошентип айтсам, аны башкача кылып берип жатышат. Андан сырткары “Центерра” казылып алынган алтындын 20% кыргыз өкмөтүнө берип турсун, аны кол тийгис запас катары Улуттук банкта сакташ керек дедим”.

Садыр Жапаров менен Исхак Пирматов. 2012-жылдын 22-июну. Видеодон алынган скриншот.
Садыр Жапаров менен Исхак Пирматов. 2012-жылдын 22-июну. Видеодон алынган скриншот.

Ушул эле күнкү жыйында сөз алган “Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев “Кумтөрдөгү алтын казуу башынан эле коррупция менен башталганын, кендин баары уурдалып кетип жатканын” белгилейт.

Ал мурдагы келишимдерге ылайык 2007-2008-жылдары Кумтөр толугу менен кыргыз өкмөтүнө өтүшү керектигин маалымдап, чоңдордун чыккынчылыгы менен Бишкек кайрадан куржалак калганын айтат. Текебаев ошол себептүү кенди биротоло “улутташтырып” алууну жактап, алардын фракциясы ушул боюнча өз алдынча токтом сунуштай турганын жарыялайт.

Ошол кездеги өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов кепке кошулуп, улутташтыруу чакырыктарынан этият болууга чакырат.

“66,7% акциябызды финансылык афёра менен 33%, 15% чейин түшүрүп алганыбыз чыккынчылык. Бүгүнкү күндө комиссия түзүп туруп, эл аралык экологиялык компанияларды керек болсо бюджеттен каржылап, Кумтөргө экологиялык айыппул салышыбыз керек. Пакетибизди көбөйткөнгө да бул мүмкүнчүлүк берет. Эгер биз жөн эле токтом менен алып койсок, анда бул сөзсүз эл аралык сотко алып келет. Ал соттун баасы 2 млрд. эмес, 5 миллиардга чейин келет. Басып алыш, тартып алыш эң оңой иш, бирок анын аркасы эмне болот, жакшылап ойлонушубуз керек”, - дейт Бабанов.

Талаш-тартыштан кийин депутаттар арасында Кумтөргө байланыштуу төрт токтом бышып жетилет. Анын биринчиси коммиссиянын төрагасы Садыр Жапаровдун долбоору, экинчиси көпчүлүк коалициянын долбоору, үчүнчүсү “Ата Мекен” фракциясы сунуштаган токтом долбоору. Төртүнчүсүнүн мазмуну кенен айтылбайт.

Башкача айтканда, Кумтөр кенин мамлекетке алуу боюнча токтом долбоору өтпөй калуу коркунучуна кептелет. Андай болсо төрт ай иштеген комиссиянын иши бир тыйын болуп калмак.

Кумтөр кенине байланыштуу сессиянын 7-бөлүгү. 2012-жылдын 22-июну.

Жыйында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров сөзгө чектөө коюуну демилгелеп, токтомду кайра карап чыгуу зарылдыгын маалымдайт:

“Урматтуу төрага, регламентти сактасак, депутаттар бир маселеде эки жолудан ашыкча чыкпаса. Биз комиссиянын ишин жокко чыгаргыбыз келбейт, колдоп беришибиз керек. Бирок Садыр Нургожоевич, сиз макул болуп берсеңиз, 3-күнгө чейин депутаттар биргеликте бир токтом долбоорун иштеп чыгалы. Азыр өтпөй калса, дагы туура эмес болуп калат”, - дейт ал.

Ушуну менен маселе чечилбей калат да, дагы кийинки аптага жылат. Ушул маалда ачык-айкын жана жең ичинен сүйлөшүүлөр уланып турат.

Ташиевдин эскертүүсү, Жапаровдун өкүнүчү

Жалпы жыйынга чыгарыла турган токтом долбоору көпчүлүк коалициянын, фракциялардын, комитеттердин бардыгы менен макулдашылышы керек болчу.

Анын ичинде Исхак Пирматов төрагалык кылган Экономиканын тармактарын өнүктүрүү комитети менен Талантбек Узакбаев жетектеген Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети токтомдун мазмунун бекитүүдө чечүүчү ролду ойногон.

Ошол себептүү чечүүчү күнү 27-июнда токтомдун долбоорун Талантбек Узакбаев окуйт. Ага ылайык, Кумтөр өкмөткө алынбай турган болот жана чечим кабыл алуу үчүн жаңыдан мамлекеттик комиссия түзүлмөк.

Бирок депутаттык комиссиянын төрагасы Садыр Жапаров бул токтомго каршы чыгып, Кумтөрдү мамлекетке алуу боюнча өздөрү сунуштаган токтом долбоорун гана добушка коюуну төрага Асылбек Жээнбековдон суранат. Асылбек Жээнбеков эки токтом тең талкууланганын, экөө тең талкуусуз добуш берүүгө коюларын билдирет.

Депутат Камчыбек Ташиев токтомду иштеп чыккандарга жана аны сүрөгөндөр кийин жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

“Комиссия түздүк, ал чечимин чыгарды. Элдин башын айлантканды токтотолу, эгер комиссиянын чечимин колдобосоңор, колдобойбуз деп айткыла. Жеке мен колдойм. Кечээ депутат Эгемберди Эрматов агабыз ток этерин айтты, “ушул ишти көрбөсөңөр көр болобуз, балдар” деди. Бүгүн чечпесек эртең кеч болуп калат. Өйдө-ылдыйга тартып, кол коюп, кайра артка тартып, бирөө менен барып жең ичинен сүйлөшүп алып, өзүбүздүн ишибизди бүтүрүп алып, жүрө берсек, мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын ким карайт? Мына мен бул жердеги комитеттин төрагаларына, жеке көзүңөргө сайып айтып коёюн. Агам Талант Узакбаев, сиз Жети-Өгүздүн, Кумтөрдүн зыянын көрүп турган элдин кулунусуз, бирок сиз бүгүн элге каршы чечим чыгарып жатасыз. Исхак Пирматов, урматтуу иним, сен дагы Ала-Бука, Чаткалдагы алтын кендердин зыяндарын өз көзүң менен көрүп жүрүп, комитеттин момундай чечимине кол койдуңар. Андан сырткары дагы бир комитет бар. Силер туура эмес кылып жатасыңар. Бүгүн комиссиянын чечимин колдобосок, кийин элибиз, журтубуз өзү келип чечип берет. Биз “Кумтөрдү” коррупция аралашкан мафия деп айттыкпы, аны аягына чыгарышыбыз керек. Аягына чыгарбасак болбойт”, - деген ал.

Кумтөр кенине байланыштуу сессиянын 8-бөлүгү. 2012-жылдын 27-июну.

Парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков ушул жерден кепке аралашып, кызматташы Камчыбек Ташиевди токтомду иштеп чыккандарга акарат келтирбөөгө үндөйт.

“Камчыбек Кыдыршаевич, бул алардын пикири, кол коебу же койбойбу, өздөрү чечет. Бул алардын жумушу. Сиз бул жерде аларга басым жасабаңыз. Анан сиз андай-мындай деп, эл угуп отурат, аларды эл душманы кылбаңыз. Алардын да өз ой-пикири бар, көз карандысыздыгы бар, алар дагы депутат”, - дейт спикер.

Эл өкүлдөрү Карганбек Самаков, Талант Мамытов, Исмаил Исаков, Мыктыбек Абдылдаев, Курмантай Абдиев, Камила Талиева, Жылдызкан Жолдошова, Бөдөш Мамырова жана башкалар депутаттык комиссиянын чечимин колдоп, Садыр Жапаров сунуштаган токтомду гана добушка чыгарууну талап кылышат. Алар кен толук өлкөгө өтүшү керектигин белгилешет.

Ал эми депутат Максат Сабиров кен өкмөткө өтсө иштете албай каларын айтса, башка депутат Курманбек Дыйканбаев өкмөт менен коалиция сунуштаган токтом долбоорун колдоп чыгат.

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы, депутат Талантбек Узакбаев өз оюн мындайча келтирет.

“Урматтуу депутаттар, биз үч комитет биригип, сиздердин берген тапшырманы аткардык. Менде стенограмма турат, өткөндө 92 депутаттан 91 добуш менен кайра карап, кайра иштеп чыгып, жыйынтыктап, алып келгиле деген чечим болгон. Биз комитеттер фракциялардын, айрым депутаттардын сунушун карап, токтомду даярдап келдик. Бул жерде силер чечим кабыл алып келипсиңер деген сөз туура эмес, биз чечим кабыл ала албайбыз. Чечимди мына азыр сиздер кабыл аласыздар”, -дейт.

Натыйжада Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков депутаттык комиссия сунуштаган токтом долбоорду жана комитеттер даярдаган долбоорду өз-өзүнчө добушка коёт.

Садыр Жапаровдун токтом долбооруна 34 киши гана макул болуп, өтпөй калат. 46 депутат каршы добуш берет, дагы 30дай киши добуш берген эмес. Анын ичинде Төрөбай Зулпукаров, Талантбек Узакбаев, Максат Сабиров жана башкалар “каршы” добуш берсе, Исхак Пирматов, Асылбек Жээнбеков жана башкалар добуш берүүдөн баш тарткан.

Ал эми комитеттер тараптан даярдалган жана фракциялар менен өкмөттүн макулдашылган токтом долбоору 67 добуш менен өтөт. Каршы 11 гана добуш болот.

Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Садыр Жапаров сөз алып, позициясын мындайча корутундулайт.

“Сиздер кабыл алган чечим менен “бар, ууруну кармап кел” деп, ууруларды жибергендей болуп калды. Мына бир мисал, министрдин орун басары Оселедко 2010-жылдын 13-декабрында фабриканын ичинде мыйзамсыз курулган мешке активдештирилген көмүрдү күйгүзүп ийип, андан алган алтынды уурдап кетүүгө уруксат берген. “Мына ушуну иштете бергиле” деген. Анан ушундай министр, алардын орун басарлары, контрабанданын башында турган адамдарды иликтегиле деп тапшырма бердиңер. Мен жаңы түзүлө турган мамлекеттик комиссияга киргенден баш тартамын, мындан ары ишиңерди кыла бергиле!”, - деп туруп кетет.

Садыр Жапаров. Токтому кабыл алынбай калгандан кийин. 2012-жылдын 27-июну.
Садыр Жапаров. Токтому кабыл алынбай калгандан кийин. 2012-жылдын 27-июну.

Жогорку Кеңештин 2012-жылдын 27-июндагы жыйыны мына ушинтип жыйынтыкталат. Бул күнү кабыл алынган парламенттин токтомуна ылайык, Кумтөр кенин иликтөө өкмөткө тапшырылат.

Мамлекеттик комиссиянын курамы 4-июлда бекитилип, анын төрагасы катары ошол учурдагы экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев бекилет. Бул комиссиянын иши бир жылча созулат жана ал өзүнчө сөз.

Депутаттар Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов болсо 2012-жылдын 3-октябрда Бишкекте митинг кылып, Ак үйдүн дарбазасынан ашып өтүшөт. Натыйжада үчөө тең камакка алынат. Ал окуянын баяны да узун кеп.

Тогуз жылдан кийинки жоопкерчилик

Мына эми 2021-жылы Садыр Жапаров президенттик кызматка келгенден кийин тогуз жыл мурда ал өзү депутаттык комиссиянын төрагасы катары берген сунуштары толук ишке кирди десек болчудай.

Болгону аны быйыл майда депутат Акылбек Жапаров жетектеген жаңы депутаттык комиссиянын колу менен аткарылгандай болду. Талаш али бүтө элек, бирок аны өкмөт өз колуна алып, өз башкаруучусу катары Тенгиз Бөлтүрүктү “Кумтөр Голд Компани” компаниясына киргизди.

Мына ушундан соң тогуз жыл мурда ишке ашпай калган аракетке байланыштуу иш козголуп, бир нече адам кармалып отурат. Ошол себептүү айрымдар бул жагдайды бийликтин “бир кездеги идеясын колдобой койгон адамдарды куугунтуктап, өч алуусу” катары баалап жаткан.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Кумтөр иши" боюнча акыркы чуулгандуу кармоолорду эл аралык сотко даярдык менен байланыштырды. Ал мындай пикирин “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө билдирди.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

“Бизди эл аралык сот күтүп отурат. Эл аралык сотто Кумтөр боюнча келишим башынан эле коррупциялык экенин, президент, өкмөтү баш болуп кол алдындагыларга тапшырма берип, зордоп жасатып жатканын далилдеп алып барсак, дүйнөлүк коомчулук коррупцияга терс пикирин билдирет. Бүгүн баарын массалык түрдө кармап, ушуну далилдеп жатканын өч алуу, пиар катары карабастан, биз далилдик базабызды бекемдөө катары караш керек”, - деди Өмүрбек Текебаев.

Эгер соңку кылмыш ишинде, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев айткандай мурдагы президенттин жоопкерчилиги каралса, анда 2011-жылдан 2017-жылга чейин президент болгон Алмазбек Атамбаевдин да атын атоого туура келип калат. Азырынча камактагы жаткан экс-төбөлдүн ысымы атала элек.

Ошол эле убакта айрымдар коомчулукта Кумтөргө байланыштуу бардык кылмыш иштер иликтениш керек болсо, анда 2003-2007-2009-жылкы келишимдер жана макулдашуулар да иликтениши керектигин белгилешет.

Маселен, экс-вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов “Политклиника” гезитине берген маегинде мурдагы келишимдердеги алешемдиктерди атап берди:

Базарбай Мамбетов
Базарбай Мамбетов

“Канаданын “Камеко” компаниясы менен алгачкы келишим 1992-жылы түзүлгөн. Соңку келишим 1994-жылы түзүлүп, “Камекого” Кумтөрдүн баары берилген. Ошол жерден Кыргызстандын үлүшү 67%, Канаданын үлүшү 33% деп айтылган. Бирок ал келишимде жазылган эмес, жөн гана элди алаксытуу үчүн гана айтып коюшкан. Андай эч бир документте жок. Ортодо “Камеко” өзүнүн үлүшүн сатып, “Центерра Голдго” берип коюп оюндан чыгып кеткен. Алтынды алып баштагандан кийин Кумтөрдү башкарууну Кыргызстанга өткөрүп бериш керек болчу да. Ошондо алтынды 1997-жылы казып баштаса, 2007-жылы алар бизге бериши керек эле. Бирок ага жеткирбей, 2003-жылдын 31-декабрында Акаевдин макулдугу менен реструктуризациялоо кылып салышкан. Ошол жерде 67% деген үлүш, Кыргызстандыкы 33% болуп калган. Ошондо гана келишимде бекитилген. 2009-жылдын 24-апрелинде болсо, Кумтөр долбоору боюнча жаңы келишимди кабыл алышып, Кыргызстанга 13%, Канадага 83% алып кетет дегенди макулдашкан. Мына ошого кол койдурганга Канаданын компаниясы биздин аткаминерлерге канча миллион акча төлөгөн? 2009-жылкы келишимди бекитүүдө Акылбек Жапаров өзү деле аралашып жүрбөдү беле. Мына ушуларды да иликтеш керек”, - деди ал.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров быйыл 17-майда парламенттин жыйынында «Кумтөр Голд» 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. Ал мунун 3 миллиард 86 миллиону келтирилген экологиялык зыян боюнча айыппул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык экенин белгилеген.

Саясатчыларга жеткен Кумтөр чыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:52:02 0:00

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG