Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Кумтөр жана темир жолдун келечеги


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Кумтөрдүн айланасындагы окуяларды бир катар эл аралык басылмалар да көңүл сыртында калтырган жок. Өзгөчө кен казуу, финансылык маселелерге адистешкен жана Борбор Азияны чагылдырган сайттар жакындан байкоо салып турган кези.

"The Diplomat" "Кумтөр" глобалдык көз караштан алганда орточо ишкана болуп эсептелгени менен Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 10 процентин түзөрүн, былтыр кенди иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы 160 миллион доллар салык төлөп, өлкөнүн эң ири салык төгүүчүсүнө айланганын эске салды.

Алтын кен кыргыз бюджети менен канадалык инвесторлор үчүн саан уйдай болгонун белгилеген макаланын автору Паоло Сорбелло азыркы тирештин төркүнүнө токтолуп, Кумтөр башынан эле талаш-тартыштын чордонунда болуп келгенин, аны толук көзөмөлгө алуу же улутташтыруу маселеси дайыма эле айтылып жүргөнүн жазды.

Макалада "президент Садыр Жапаров бул эрегиште бейтарап позицияны карманат деп эсептөөгө болбойт" деген ой да камтылган.

"Себеби ал 2013-жылы кенди улутташтырууну талап кылган нааразылык акцияларын баштап чыккан. Ошол маалда президент жакында Кумтөрдү улутташтыруу артыкчылыктуу маселелердин катарына кирбей турганын билдирген", - деп жазды Сорбелло.

"The Financial Times" гезити да бул темага кайрылып, Кыргызстанды эл аралык сотто териштирүү күтүп жатканын, арбитражга жеткирген иштин чоо-жайын, тараптардын жүйөлөрүн баяндаган.

Материалда чөлкөмдөгү жападан жалгыз демократиялык өлкөдөгү мындай окуя Кыргызстанда иш алып барган финансылык институттарды жана Батыштагы кээ бир өкмөттөрдү чочутканы белгиленет.

"Алтын өндүрүү Кыргызстандын ири киреше булагы жана "Кумтөр" ички дүң өнүмүнө сезилерлик салым кошкон ишкана", - деп жазган автор Канада менен Британия биргелешип жасаган билдирүүдө кыргыз өкмөтүнүн кадамы сырткы соодага жана тикелей инвестицияларга, өлкөнүн ансыз да начар экономикасына, жөнөкөй элдин турмушуна залакасын тийгизерин эскертишкенин белгилейт.

Автор пандемиядан катуу жабыркаган Кыргызстан биринчилерден болуп Дүйнөлүк банкка жана Эл аралык валюта фондуна жардам сурап кайрылганын эске салат. Макалада чет өлкөлүк бир эксперттин пикирине да орун берилген.

"Кумтөр" ишканасын ичинен билген, учурда өкмөт үчүн иштеген ал адам “Кыргызстандын экономикалык абалы өтө начар, толугу менен сырткы колдоодон көз каранды. Каржылоо токтоп калса, өлкө кыйынчылыктарга кептелет. Сырткы жардамдан кол жууп калса, өлкө муну көтөрө албайт”, - деп айткан.

Гезит Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, депутат Акылбек Жапаровдон да комментарий алган. Ал канадалык компанияны мурдагы президенттердин администрациялары менен жең ичинен иштеп келгени үчүн айыптап, “мыйзамдар боюнча жашоого убакыт келди” деп айтты.

Андан тышкары басылма Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы да Кумтөрдүн айланасындагы окуяларга камтамачылыгын билдиргенин жазды.

"Eurasianet" Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашырууну талдап, Бишкектин өз аймагынан өтчү тилкени салууга дарамети жетеби деген маселеге басым жасаган.

Крис Риклтон долбоор ишке ашса, Кавказ аркылуу Перс булуңуна жана Түркияга карай жаңы соода жолун ачуу мүмкүнчүлүгү турганын, бирок чейрек кылымдан бери жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга электигин жазат.

Анын айтымында, тоолуу рельеф, акчанын тартыштыгы, жол өзүн кантип актары тууралуу так идеянын жоктугу жолтоо болууда. Негизги маселе Кыргызстанга барып такаларын белгилеген журналист Кытай Борбор Азиядагы инфраструктуралык долбоорлорго каражат бөлүүгө барган сайын этияттык менен мамиле кылып жатканын, акыркы кезде биргелешип каржыланган демилгелерге ыктаганын айтат.

“Кыргыз аткаминерлери үмүт үзбөй долбоорду алдыга сүрөп жатат. Мартта өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен жолугушуудан кийин кыргыз премьер-министри Улукбек Марипов Ташкент айрым участокторду финансылоого даяр деп айтканы менен өзбек тарап комментарийлерден карманды”, - деп жазат автор.

Андан ары сөз болгон темир жолдун потенциалы ашыкча бааланганы тууралуу баяндалат.

"Альтернатива катары былтыр июнда аралаш жол ачылганы, поезд кытай-кыргыз чек арасына жүк тартып келип, андан ары машинелерге жүктөлүп өзбек чек арасына жеткирилип, кайра поезддерге салынганы кабарланган. Артка 500 тонна кездеме алынып келген. Ошол маалда чыккан маалыматтарда мындай рейсти ишке ашырууга 10 саат кетери айтылган. Бул, албетте жаман эмес, бирок мындан да жакшы болушу мүмкүн эле", - деп жазды Риклтон адистердин пикирлерине таянып.

XS
SM
MD
LG