Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Кумтөр: коруктан кемиген 16 миң гектар жер


“Сары-Чат-Ээр-Таш” коругунда чубап бараткан эчки-теке, 2016-жыл.

УКМК мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү 2019-жылы “Кумтөр Голд Компаниге” кен иштетүүгө 16 миң гектардан ашуун кошумча жер тилкесин берип, Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругуна чейин кирип кеткени боюнча ишти иликтеп жатат.

Бул ишке байланыштуу Абылгазиевден башка да жогорку кызмат адамдары менен депутаттар жоопко тартыла турганы жарыяланган. Буга чейин Абылгазиевдин өкмөтү коруктун жери кен казууга берилгенин төгүндөп келген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 22-январда мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге жана өкмөттүн жооптуу кызмат адамдарына 2019-жылы “Кумтөр Голд Компаниге” кен иштетүүгө мыйзамсыз жер берүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Абылгазиев 2019-жылы 27-августта “Центерра Голд” менен 2017-жылы бекитилген Стратегиялык келишимди күчүнө киргизүүнүн алдында ага жалпысынан 26 400 гектар жерди кен иштетүүгө бергени, анын ичинде Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругунун аймагы дагы кирип кеткени аныкталган. Бул тууралуу соңку мамлекеттик комиссиянын иликтөө корутундусунда белгиленген.

Үлкөндөрдүн үстүнөн айланган булут

Жогорку Кеңеш 17-майда мамлекеттик комиссиянын отчетун уккан учурда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул иш боюнча дагы бир топ жогорку кызмат адамдары жоопко тартыларын билдирген:

“2018-жылдын 18-августунда Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясында №184 менен катталган буйрукка ылайык, “Кумтөр Голд компани” жабык акционердик коомунун пайдалануусуна жалпы аянты 24 178,2 гектарды түзгөн жер тилкеси, андан 10 070 гектар өндүрүштүк жер катары, ал эми 14 108 гектар запас катары өткөрүлүп берилген. 2019-жылдын 20-февралында Жети-Өгүз районундагы Мамлекеттик кадастрдын филиалы тарабынан жалпы аянты 26 400 гектар жерди убактылуу колдонууга күбөлүк берилген. Анын ичинен 10 070 гектар өндүрүштүк жер катары, ал эми 14 108 гектар запас катары көрсөтүлгөн. Айыл чарбалык жоготуулардын жана алынбай калган пайданын алдын ала суммасы 390 977 566 сомду түздү. Бул жерде да коррупциялык элементтер бар. Мамлекеттик администрациянын мындай чечимин кабыл алууга мамлекеттин башында турган турган жетекчилерге чейин аралашкан. Алар качан, кимдерге чалып, эмне дешкени, эмнени сүйлөшкөнү, мындай чечимди кабыл алууга ким кантип мажбурлаганы. Бардыгы бар”.

Депутат Акылбек Жапаров жетектеген соңку мамлекеттик комиссиянын корутундусунда “Кумтөргө” 1994-жылы 15 жылга берилген 10 070 гектар жердин пайдалануу мөөнөтү 2009-жылы аяктаганы жазылган.

Ага ылайык, 2010-жылы 25-мартта ошол кездеги премьер Данияр Үсөнов бир токтом менен ал жер аянтын пайдалануу мөөнөтүн узартып, ага кошуп 16 330 гектар жер берилгени көрсөтүлгөн. Жалпысынан алганда берилген жер 26 400 гектарды түзөт.

“Кумтөр Голд” болсо ал жер 1997-жылы эле лицензиялык аянтка алынып, анын 10 миң гектарынан кен казылып келгенин, ал эми 2009-жылы экөө концессиялык жер категориясынын макамына бириктирилгенин айтып келген.

Көздү кычыштырган коруктун жери

Бирок Ысык-Көл облусунун экс-губернатору Эмилбек Каптагаев мурдагы жердин мөөнөтү эле узартылбай, ага кошумча да жер берилгени аныкталганын белгиледи:

“1994-жылдагы башкы макулдашууда, андан кийин 2003-жылы келишим өзгөргөндө деле мына ошол Кумтөрдөгү кен каза турган жер аянты 10 070 гектар деп эле көрсөтүлгөн. 2009-жылы жаңы шарттарды камтыган макулдашуу бекитилген учурда 16 330 гектар жерди расмийлештирип берүүнү макулдашкан. Бул жердин дээрлик бардыгы “Кумтөргө” чектеш жайгашкан Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругуна караштуу. Чудинов менен Үсөновдун өкмөттөрүнүн токтомдору ошол үчүн чыккан. Кыргызстандын алтын кен долбоорундагы үлүшү да ошол кошумча жер тилкелерин коруктун эсебинен расмийлештирип берүүнүн эсебинен жогору көтөрүлгөн. Бирок “Кумтөр Голд” кийин мыйзам негизинде өткөрүлүп бериле турган 16 миң гектардан ашуун жер аянтына мурда эле кирип алып, ал жакта ар кандай геологиялык чалгындоолорду жүргүзүп келген. Мыйзам боюнча ал жакта мындай иштерди жүргүзүүгө тыюу салынган. 2002-жылы мен Ысык-Көл облусунун губернаторунун орун басары болуп турганда биз компанияга бул боюнча суроо-талап жиберип, жооп ала алган эмеспиз. 1994-жылга карата Кумтөрдөгү алтындын жалпы запасы 945 тонна деп эсептелип келсе, геологиялык чалгындоолордун жыйынтыгы кандай болгонун канадалык тарап бизге айтпай, купуя сактап келди. Анан эле 16 330 гектар жерди расмийлештирип, мыйзамдуу негизде алганга аракет жасай башташты. Ошого караганда кийинки кошумча берилген 16 миң гектар жер аянтында дагы алтын кени болушу мүмкүн деген чоң суроо бар”, - дейт Каптагаев.

Үсөновдун токтомун "тирилткен" Абылгазиев

“Кумтөрдү” иликтеген убактылуу депутаттык комиссия 2012-жылы 16 330 гектар жердин бир бөлүгү Жети-Өгүздөгү Сары-Чат - Ээр-Таш коругунан «Кумтөргө» берилгенин таап чыккан. Ошондо Бабановдун өкмөтү Данияр Үсөновдун токтомун жокко чыгарып, бирок 2009-жылы 5-июндагы Чудиновдун кен казуу максатында коруктун чек арасын өзгөрткөн токтомун калтырып койгон.

Комиссиянын корутундусуна ылайык, 2019-жылы 3-июлда Мухаммедкалый Абылгазиев 2009-жылкы концессиялык макулдашуунун шарттарын сөзсүз аткарууну негиздеп, иш жүзүндө мурдагы премьер Данияр Үсөновдун токтомун калыбына келтиргени белгилүү болду.

Андан көп өтпөй, 2019-жылы 27-августта өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 2017-жылы кол коюп, бектилип, бирок эки жылдай күчүнө кирбей, токтоп калган Стратегиялык макулдашууну ишке киргизген.

Кийин бийликтен кетип, 2021-жылдын башында жаңы бийликтин учурунда кылмыш иши козголуп, камакка алынган мурдагы премьер-министр Абылгазиев "Кумтөр" долбоору боюнча эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келгени маалым. Ал кезинде коруктун аймагынан жер тилкелери "Кумтөргө" берилбегенин айтып келген. Анын 2019-жылы 3-июлда кол койгон өкмөттүн №339 токтому чыкканы тууралуу маалымат тергөө амалдарынан кийин гана коомчулукка белгилүү болду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы өз учурунда "Кумтөргө" мурдагы пайдалануу мөөнөтү бүтүп калган жер аянты узартылып, ага кошумча 16 миң 330 гектар жер берилгени тууралуу маалыматты аткаруу бийлигинин расмий сайтына жарыялаган эмес.

Кийин бул иш боюнча кармалган Мухаммедкалый Абылгазиев суракка кирип баратып эч качан мыйзамсыз ишке барбаганын айтып, коррупциялык иш боюнча өзүнө карата айыптоолорду четке каккан:

“Мени күбө катары суракка чакырышыптыр. Буга чейин кандайдыр бир иштер боюнча чакырышкан эмес. Азыркы бийликтеги адамдар тергөө адилеттүү боло турганын айтып жатышат. Мен азырынча ишенип турам. Ошон үчүн менде качайын, өз элимден, өз жеримден башка жакка кетейин оюм жок. Мен өкмөттү жетектеп турганда эч кандай мыйзам бузган эмесмин. Андыктан бардык суроолорго жооп бергенге даярмын”.

"Корукка кол салуу кантип башталган?"

Анткен менен парламенттин экс-вице-спикери Кубанычбек Исабеков “Кумтөргө” мыйзамсыз жер берүү фактысы кантип ачылганын, бирок ага баа берүү кечеңдеп, кайра анын кайтарылып берилгени тууралуу буларды билдирди:

"16 330 гектар жер боюнча мурда эле кылмыш ишин козгоп, ага тиешеси бар кызмат адамдарын камакка алыш керек болчу. 2011-жылы бул тууралуу билип калып, ал кездеги премьер-министр болуп турган Атамбаевге кайрылдым. Бирок ал жооп бербей койду. Анан мен Финполго, кийин сотко арыз менен кайрылып, 2010-жылы 25-мартта мурдагы өкмөт башчысы Данияр Үсөнов 16 миң гектар жерди жалпысынан 26 миң гектарга толуктап туруп, мыйзамсыз берип салганын айтып чыккам. Ал жер тилкелери өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймагына кирген тилкелер болчу. Мен анда бул жерлерге техника киргизип, талкалап баштаганын айткам. Бирок мени анда эч ким уккан жок. Бардыгы мага каршы чыгышты. Ошондо парламент депуттарына аталган токтомду бердим. Алар андагы премьер-министр Бабановго басым кылып отуруп, аталган токтомду акыры жокко чыгартышкан. 2009-жылы бизге, парламентке ратификацияга келген мыйзам долбоорунда андай жер тилкелери тууралуу сөз жок. Бирок ар кандай оюндар жүрүп, өкмөт башчылыкка келген Абылгазиев жерди кайра 2019-жылы “Кумтөргө” кайтарып берип салып жатпайбы. Ал ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековго айтпай туруп, жаап-жашырып берип салды дейсиңерби? Бул жерде мен көп нерселерден шекшип, күмөн санаган маселелер бар”.

"Жымырылган алтын жылгалар"

Мамлекеттик комиссиянын отчетунда 2019-жылы 3-июлда Мухаммедкалый Абылгазиев токтом менен бекиткен "Жалпы мамлекеттик маанидеги кен тилкелеринин тизмесине Сары-Чат-Ээр-Таш мамлекеттик коругуна караштуу Үч-Кошкон жана Сары-Булак тилкелери кирип кеткен. Ал эми Стратегиялык макулдашуу 27-августта күчүнө кирген. Анда 2009-жылы бекитилген макулдашуунун шарттарды сактоого кепилдик берилип, кыргыз тарап экологиялык доолордон баш тартууга макулдук берген.

2009-жылы 5-июнда экс-премьер-министр Игорь Чудинов коруктун чегин кыскартса, Данияр Үсөнов ал тилкелерди 16 330 гектардын ичинде “Кумтөргө” берген токтомдорду бекиткенин мурда депутаттык жана мамлекеттик комиссиялар аныктаган. Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги 2010-жылы Үч-Кошкон, Сары-Булак, Тоголок, Сарысай жана Жангарт тилкелеринин Сары-Чат-Ээр-Таш коругуна караганын далилдеп, Геология агенттиги менен талашып келген.

Аталган тилкелерде алтындын канча запасы бар экени расмий айтылбаганы менен эл арасында коруктун аймагына караган бул жерлер кайберендер менен илбирстер байырлаган алтын жылгылар катары белгилүү.

  • Кара чарчы (квадрат) менен 26,4 миң гектар концессиялык аянт белгиленген;
  • Кызыл сызык менен – Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун аймагы 1995-жылкы чеги боюнча көрсөтүлгөн;
  • Сыя түс сызык менен – коруктун 2009-жылдын чегиндеги аймагы;
  • Көгүлтүр сызык менен – буфердик аймак, коруктун аймагына кийин кошулуп, анын жалпы аянты 149 миң 17 гектарга көбөйгөн.

Бул тууралуу 2019-жылы «Кыргыз токой аңчылык түзүмү» мамлекеттик мекемесинин директору Сабырбек Чукумбаев коруктун аймагындагы жылгаларды 2010-жылы коруктун чегин тактоодо "Кумтөргө" кен казууга бердирбей, кантип сактап калышканын “Азаттыкка” айтып берген жайы бар:

“2010-жылы коруктун тилкелерин “өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймагына” киргизебиз деп документтерин даярдап жаткан учурда Геология жана жер казынасы агенттиги менен катуу талаш-тартыштар болгон. Башында аталган тармактын жетекчилери Эсенаманов анан Чунуев катуу каршы чыгышкан. Алар жаңыдан өздөштүрүлө турган Кумтөрдөгү алтын кендерди жана аларга бара турган жолдорду жаап калат деген негизде биздин аракеттерге каршы турушкан. Баш-аягы төрт ирет ошондой каршылык болгон. Аягында Чунуев тажаганынан макулдук берди окшойт. Анткени экологдор, жарандык активисттер бардыгы биригип, коруктун аймагындагы жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү жок болуп кетет деп коңгуроо кагып туруп алышкан. Ошондо Чунуев кол коюп берген”.

Абылгазиев 2019-жылы 3-июлда бекиткен “Жалпы мамлекеттик маанидеги кен тилкелеринин тизмесине” Үч-Кошкон жана Сары-Булак тилкелери киргизилип, 16 330 гектардын ичинде “Кумтөргө” Сары-Чат-Ээр-Таш коругунан жер берүү фактысы “Өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактары” мыйзамынын талаптарын одоно бузуу катары Жазык кодексинин “коррупция” беренесинин негизинде иш тергелип жатканы кабарланды.

31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды. Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев да тергөө аяктанганга чейин камакта болушат.

2009-жылы 5-июндагы кен казууну өнүктүрүү үчүн коруктун чек арасын өзгөртүү токтомуна кол койгон мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов күбө катары көрсөтмө берип чыкты. Мындан башка Рыскелди Момбеков, Максат Сабиров сыяктуу депутаттар дагы суракка чакыртылганы кабарланды. Булардын баары «Кумтөр» иши боюнча суралып жатканы менен тергөө айыптоо корутундусун чыгарып, алардын кайсы конкреттүү кылмыш эпизоду боюнча жоопко тартылып жатканы тууралуу расмий маалыматтар жарыялана элек.

Арбитражга алып барчу далилдер

Саясатчы Эмилбек Каптагаев кызмат адамдарына карата козголгон иштер эл аралык соттордо кыргыз тараптын позициясын бекемдөөчү жагдай экенин айтты:

“Бийлик ошол кездеги тиешелүү бийлик башындагылар ага макул болгонун, анан кийин “Кумтөр Голд” аталган жер тилкелерин алып, мөңгүлөрдү кыйратып, коруктун аймагына чейин кирип барып, талкалаган учурларды биз эл аралык соттордо далилдегенге даяр болушубуз зарыл. Ошондуктан ага мыйзамдык жылчык таап берип, жол ачкан кызмат адамдарына кылмыш иштерин козгоп, алар кабыл алган чечимдерди жана буга негиз берген келишимдердин бардыгын жокко чыгаруу маанилүү. Ошондо олуттуу экологиялык зыян келтирилгенин ырастап, соттон утуп чыкканга жеңил болот. Болбосо эл аралык соттордо “Центерра” биддин өкмөт менен парламент чыгарып берген чечимдер менен токтомдорду жана эң башкысы 2009-2017-жылдары кабыл алынган макулдашууларды бетине кармап отура берет. Алар жокко чыгарылмайынча, биздин Эл аралык арбитраждан утуп чыгышыбыз кыйын. Бул үчүн ошону түзгөн, ага өбөлгө кылган кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карап, жазалоо милдети турат”.

Саясатчыларга жеткен Кумтөр чыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:52:02 0:00

Абылгазиев өкмөтүнүн ашкереленген актануусу

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин мурдагы статс-катчысы Абдымитал Чынгожоевдин 2009-жылы 9-сентябрда Сары-Чат - Ээр-Таш мамлекеттик коругунун түштүк чек арасын өзгөртүү боюнча өкмөттүн токтомун аткарууга байланыштуу кызматтык каты 2012-жылы убактылуу депутаттык комиссиянын колуна тийген. Анда коруктун 4380 гектар жер аянты «Кумтөр Оперейтинг компани» ишканасына алтын кенин иштетүү үчүн берилгени көрсөтүлгөн. Ал эми жакында суракка чакыртылган экс-премьер-министр Игорь Чудиновдун ал токтому ушул күнгө чейин күчүндө калган.

2019-жылы өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов депутаттарды ээрчитип алып, Кумтөргө чейин алып барып, коруктун жери кен казууга берилген эмес деп айткан:

“Такталбаган маалыматтын негизинде кайсы бир адис статс-катчы болгон адамга аталган кызматтык катты даярдап берген болушу мүмкүн. Азыр ал адам өзү катка кандайча кол коюп бергени эсинде жок экенин айтып, тактап алайын деп жатыптыр. Бирок бул жерде мамлекеттик деңгээлде күчүнө киргизген эч кандай документ жок. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчилиги коруктун аймагын тактап, анын эч кандай кемибегенин, “Кумтөргө” эч кандай жер тилкеси берилбегенин айтып отурат”.

Ал эми “Кумтөргө” берилген баштапкы 10 070 гектар жер аянтын пайдалануу мөөнөтү 2009-жылы эле бүтүп, ага кошуп 16 миң гектар жер тилкесин берген токтом 2012-жылы эле жокко чыкканы, бирок анын соңку мезгилге чейин ал аймактан алтын казып келген жагдайына “Центерра Голд” түшүндүрмө бере элек. Анын мыйзамдуулугуна тергөө кандай баа берери да белгисиз. Ошондой эле УКМК бул иш боюнча экс-премьер-министр Абылгазиевден башка дагы кайсы жогорку кызмат адамдары жоопко тартылып жатканын расмий кабарлай элек.

Сары-Чат - Ээр-Таш мамлекеттик жаратылыш коругу 134 миң гектардан турат. Коруктун аймагында 14 чакырымга созулган Петров мөңгүсү бар. Корукту Кызыл китепке кирген илбирс, аркар-кулжа жана жапайы тоо эчки-текелери байырлайт. Мамлекеттик корук 1995-жылы уюштурулган. Ошол кездеги анын чек арасын аныктаган токтомдо Коёнду, Кара-Сай жана Үч-Көл тилкелери коруктун четки ээлигиндеги жер аянттары катары бекитилген болчу. «Кумтөргө» ал жер аянттарынан кен казууга лицензиялар берилип кеткени аныкталып, бирок 2012-жылы жокко чыгарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG