Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:09

Баш мыйзамга кодекстерди кайчы койгон камоолор


Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбеков.

Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу Жогорку Кеңештин бир нече депутаты камалды. Жаңы күчүнө кирген Баш мыйзамга ылайык, парламент депутатын камоо үчүн кылмыш жасаган жеринен кармалган учурду кошпогондо, Жогорку Кеңештин макулдугу талап кылынат. Айрым эл өкүлдөрү соңку камоолордон улам Конституция бузулганын айтышууда.

Баш мыйзамда парламент депутатына кол тийбестик кепилденгенин белгилеген вице-спикер Аида Касымалиева депутаттарды камоо Конституцияга каршы келерин айтып чыкты.

Ал маселени Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери карап чыгарын 10-июндагы отурумда билдирди.

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

“Жаңы Баш мыйзамдын 78-беренесинде депутаттардын кол тийбестиги күчөтүлгөн. Ал кылмыш жасап жаткан учурунда кармалбаса, анда аны камоого көпчүлүк депутаттардын макулдугу керек. 5-майда жаңы Баш мыйзам кабыл алынды. Жогорку Кеңештин депутаттарын кармоо июнда болуп жатат. Ошондуктан бул Баш мыйзамга каршы келет. Башкы прокуратура "кармоолор учурда иштеп жаткан кодекстер менен жүрдү" деп билдирүүдө. Бирок мындай кырдаалда Баш мыйзам түз иштеши керек”, - деди Касымалиева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу, Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде кармалышканын маалымдаган.


Жогорку Кеңештин депутаттарынын кол тийбестик макамына ылайык, депутаттарды камоо үчүн парламенттин макулдугу керек. Бирок мурунку Конституцияда "оор кылмыш кылган учурда, парламенттин макулдугунун зарылчылыгы жок" деген берене болгон. Коррупция жана бийликти күч менен басып алуу беренелери оор кылмыштарга кирет.

Бул берене менен депутат кезинде азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаров, спикерт Талант Мамытов, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кармалып, камалышкан. Кийинчерээк Өмүрбек Текебаев да кармалып, камалган.

"Депутаттардын камалышы мыйзамсыз"

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, саясатчы Клара Сооронкулова бийлик өзү киргизген мыйзамды сыйлабай жатат деп эсептейт.

"Жаңы Баш мыйзамда депутаттардын кол тийбестик макамы мурдагыдан да күчөтүлгөн. Конституцияны өзгөртүү сунушталып жатканда кол тийбестикти такыр алып салуу убада кылынган. Азыр эми эч кандай уруксат сурабай, алып барып камап жатканы Конституцияга туура келбейт. Демек, мыйзам бузуп жатышат".

Жогорку Кеңеш депутаттарынын камалышы мыйзамсыз деген пикирин "Коммунисттер" партиясынын лидери, экс-депутат Исхак Масалиев да билдирүүдө. Ал жаңы Конституция күчүнө киргенден кийин бардык тармактарда бирдей иштеши керектигин айтты:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Жогорку Кеңештин депутаттарын камоо үчүн парламенттин макулдугун сурабай туруп камоо мурдатан, Аскар Акаев мамлекет башында турган кезден тарта башталган. Бийликке жакпаган депутатты камоодо парламенттин макулдугу суралбайт, мыйзам иштебейт. Прокуратура менен президенттик администрация бул депутаттар кодекстер боюнча камалды дептир, кодекстерден Баш мыйзам жогору турушу керек. Президенттин укуктарына келгенде Конституция иштейт, башкаларга келгенде кодекстер күчүндө болобу?".

Эски да, жаңы да Конституцияда Жогорку Кеңеш депутаттарын добуш бергени үчүн куугунтуктоого, камакка алууга жол берилбейт.

Президенттик администрация азырынча бул дооматтарга жооп бере элек. Өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Кумтөр ишине” байланыштуу соңку камакка алуулар тууралуу билдирүүсүндө мыйзам алдында бардык адамдар бирдей экенин маалымдаган.

"Коррупция менен чыныгы күрөштүн негизги элементтеринин бири элдешкис позиция, калыстык жана мыйзамдуулуктун сакталышы болуш керек. Эл арасында алтын кенинин айланасында коррупциялык көрүнүштөр жөнүндө дайыма ачык айтылып келсе да, бүгүнкү күнгө чейин Кумтөр боюнча бир дагы терең, объективдүү иликтөө жүргүзүлгөн эмес. Коомчулуктун талабы менен учурда Кумтөрдүн айланасындагы бардык коррупциялык иштер ар тараптуу каралып жатат. Бул иште өлкөдөгү белгилүү адамдардын аттары да чыгып жатат. Бирок, бул жагдай тергөө иштеринин жүрүшүн токтотпошу керек. Мына ушундан улам, биздин көз карашыбызда, мыйзам алдында баарыбыз бирдей болгондуктан, бул абалга кимдин бирөөлөрдүн мурдагы эмгектерин, ээлеген кызматтарын байланыштырууга болбойт".

Баш мыйзам бардык мыйзамдардан жогору

11-апрелдеги жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынып, 5-майдан тарта күчүнө кирген жаңы Баш мыйзамда депутаттардын иммунитети мурдагыдан да күчтөндүрүлгөн.

5-майдан тарта күчүнө кирген жаңы Баш мыйзамдын 78-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, "Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш жасаган жеринен кармаган учурду кошпогондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана аны жазык жоопкерчилигине тартууга жол берилет".

Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашевдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, жаңы Баш мыйзамдын 44-беренесинен тышкары бардык беренелер күчүнө кирди.

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

"Беренелер 2021-жылдын 5-майынан тартып күчүнө кирди. Бир гана 44-берене 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Башка мыйзамдарды Конституцияга ыңгайлаштыруу үчүн жарым жыл убакыт берилген. Бул аралыкта башка мыйзамдар менен Баш мыйзам кайчылаш келген учурда, 6-беренеге ылайык, Баш мыйзамдын үстөмдүгү бар".

Депутат Аида Касымалиева өткөн аптада УКМКнын тергөө абагында кармалып турган экс-спикер Асылбек Жээнбековго жолугуп чыккан.

Касымалиева "Асылбек Жээнбеков өзүнө коюлган айыптар боюнча эч кандай аргументтер жана фактылар жок экенин айтып, мунун баарын өч алуу жана саясий майданды тазалоо деп эсептейт" деп жазды Фейсбуктагы баракчасына.


Кумтөрдөгү коррупцияга тиешеси жоктугун депутат Төрөбай Зулпукаров да билдирүүдө. Анын тергөө абагынан жазылган катын тарапкерлери 9-июнда социалдык тармактарга жарыялашты.

Зулпукаров өзүнө тагылып жаткан айыптоолордун бирине да макул эместигин билдирип, Кумтөрдүн ишине эч кандай тиешеси жоктугун айткан. "Эгер мыйзам иштесе, мага карата мындай чечим чыгышы мүмкүн эмес эле" деп жазган Зулпукаров.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Кумтөр ишине” байланыштуу соңку камакка алуулар саясатка тиешеси жоктугун билдирген.

Коррупция чырмаган Кумтөр иши

10-июнда "Кумтөр иши" боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко, мурдагы депутаттар Элвира Сурабалдиева жана Ширин Айтматова да күбө катары сурак берип чыгышты.

Бул ишке байланыштуу буга чейин депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков жана экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, президенттин мурдагы аппарат башчысы Данияр Нарымбаев камалган.

Бабанов өкмөттү жетектеп турганда анын парламенттеги өкүлү болгон Динара Молдошева тил кат менен бошотулган. Баарына тең Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү, тагыраагы “Коррупция” менен айып тагылды.

“Кумтөр ишине” байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, депутат Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар да күбө катары көрсөтмө берип чыгышкан.

Кумтөр долбоорун ишке ашыруунун ар кыл этаптарындагы коррупция боюнча кылмыш иши тергелип, мекеме аралык топ шектүүлөрдү аныктоо ишин жүргүзүп жатканын УКМК 31-майда билдирген. Ошондон бери бир катар мурдагы жана азыркы депутаттар, жетекчилер камакка алынууда. Тарапкерлери алардын күнөөсү жоктугун айтып, нааразылык акцияларын уюштуруп жатышат.

Кыргызстан «Кумтөр Голд» компаниясын убактылуу өзү иштетмей болуп жатат. Андагы ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кумтөр кенинен буга чейинки президенттердин тушунда сыртка ташылып кетти деген алтындын көлөмү тууралуу маалымат берген.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голдду” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

16-майда “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган.

31-майда “Центерра Голд” компаниясы “Кумтөр Голд” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары Нью-Йорктун Түштүк округу боюнча сотуна кайрылганын жарыялаган.

10-июнда кыргыз өкмөтү сырттан башкаруу киргизген “Кумтөр Голд Компани" ишканасы Нью-Йорк сотунда карала баштаган ишке тынчсыздануусун билдирген.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын андагы үлүшү 26% түзөт.

Эксперттер талдайт: Саясатчыларга жеткен Кумтөр чыры

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG