Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

“Кумтөр Голд" Нью-Йорктогу сотко тынчсыздануусун билдирди


Кумтөр алтын кени, 28-май 2021-жыл.
Кумтөр алтын кени, 28-май 2021-жыл.

Кыргыз өкмөтү сырттан башкаруу киргизген “Кумтөр Голд Компани" ишканасы Нью-Йорк сотунда карала баштаган ишке тынчсыздануусун билдирди. Маалымат 10-июнда компаниянын сайтына жарыяланды.

"Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет жана АКШнын банкроттук соту тарабынан көрүлө турган чаралар укуктук күчкө ээ эмес. АКШнын банкроттук соту процедуранын автоматтык түрдө токтотулушуна байланыштуу Кыргыз Республикасын буйруктун чөйрөсүнөн четтетүүдөн баш тартканы белгилүү болду, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын кийинки сот угуу этабында автоматтык түрдө токтото туруудан андан ары чыгарып салууну талап кылуу укугу сакталып калды", - деп айтылат компания тараткан билдирүүдө.

Билдирүүдө компания түзүлгөн күндөн тартып Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүп келатканы белгиленет.

"Компания өзүнүн социалдык милдеттенмелерин, Кыргызстандын бюджетинин, өзүнүн кызматкерлеринин жана жалдаган уюмдардын алдында бардык милдеттенмелерин аткарууну улантат", - деп жазылган билдирүүдө.

“Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг” компаниялары АКШнын банкроттуулук жөнүндөгү федералдык кодексинин 11-бөлүмүнүн негизинде сотко кайрылганын алтын кенди иштетип келген “Центерра Голд” компаниясы 31-майда билдирген. Компания Нью-Йорктогу сот жараяны "Кумтөр Голд Компани" менен "Кумтөр Оперейтинг Компаниге" каршы бардык доолордун автоматтык түрдө убактылуу токтотулушун камсыз кыларын маалымдаган. Кумтөргө байланыштуу Нью-Йорктогу соттук отурум дагы улана турган болду.

8-июнда Нью-Йорктогу сотто бул иш карала баштаган. Судья Лиза Бекермандын макулдугуна ылайык, эки компанияны юридикалык же административдик жоопко тартуу, алардан доо өндүрүү же ал ишканалардын мүлкүн тартып алуу аракеттерине убактылуу чектөө коюучу буйрук ишке кирген.

Г

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG