Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Жапаров Эрдогандан Инандынын жоголушу тууралуу сурады


Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, 9-июнь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган. Анкара, 9-июнь, 2021-жыл.

Анкарада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушканда 10 күндөн ашуун Бишкекте дайынсыз болгон Орхан Инанды тууралуу да сөз болду. Бул тууралуу Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Президент Садыр Жапаров кызматташы Режеп Тайып Эрдогандан Орхан Инандынын Кыргызстанда жоголушу боюнча сурады. Эрдоган аны тааныбастыгын, ал жөнүндө маалыматы жоктугун, ФЕТОчулар тууралуу билгиси да келбей турганын айтты" - деди Султанбаев.

Жапаровдун 9-11-июндагы Түркияга расмий сапары теги түркиялык кыргыз жараны Орхан Инанды дайынсыз жоголгон учурга туш келди.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" менчик лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Инанды 1-июнга караган түнү жоголгон. Ушул тапта аны Интерпол да издөөдө.

Анкара Инандыны Түркияда террористтик деп таанылган “Хизмет” кыймылына мүчө деп айыптап, аны экстрадициялоону Бишкектен бир нече жолу өтүнгөн.

Расмий Анкара 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети үчүн АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди жана анын “Хизмет” кыймылын айыптап келет. (SE/BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG