Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Сот 2013-жылы кыйноо көргөндөрдүн арызын канааттандырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн, 10-июнда милициянын кыйноосуна кабылган үч адамдын арызын карады.

Доогерлер тартип сакчыларынан 1 миллион 300 миң сом өндүрүүнү талап кылышкан. Сот алардын өтүнүчүн жарым жартылай канааттандырып ар бирине 100 миң сомдон өндүрүүнү Ички иштер министрлигине жүктөдү.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдиргендей, сотко арыз жазгандар 2013-жылы Баткендин Кызыл-Кыя райондук милициясынын кыйноосуна кабылышкан.

“Адам өлтүрүү фактысына шектелип кармалгандарды милиция кыйноого алып, күнөөнү мойнуна алдырууга аракет кылышкан. Шектелгендер ошол кезде 18 жашка толо элек өспүрүмдөр болчу. Биз алардын негизги иши менен эмес, кыйноого кабылганы боюнча иш алып бардык. Бул факт менен сегиз жыл күрөштүк”, - деди Абдирасулова.

Укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанда кыйноо, зордук-зомбулук негизинен кылмышка шектүү адам жаңы кармалганда, милиция бөлүмдөрүндө катталат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) мындай окуялар бар экенин мойнуна алып, кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турарын билдирип келет.

2020-жылы Кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борборго 100дөй арыз түшкөн. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG