Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Садыр Жапаров Түркиядагы кыргызстандыктар менен жолукту


Жолугушууда тартылган сүрөт.
Жолугушууда тартылган сүрөт.

10-июнда президент Садыр Жапаров Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында кыргызстандык мигранттар, студенттер жана ишкерлер менен жолукту.

Жыйында негизинен кыргызстандыктардын виза алуу жараяны жана консулдук ишмердүүлүктүн көйгөйлөрү талкууланды.

Ошондой эле Түркияны байырлаган вандык кыргыздардын өкүлдөрү да Садыр Жапаров менен кездешти.

Учурда Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Бирок бул өлкөдө эмгек миграциясында жүргөн алатоолуктардын саны расмий эсептен кыйла көп экени айтылып жүрөт.

Алар негизинен Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап эмгектенишет.

Түркияга 9-июнда барган Садыр Жапаровдун расмий сапары 11-июнда жыйынтыкталат. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG