Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:13

Театрдагы таланттардын таарынычы


Опера жана балет театрындагы спектакль. Бишкек. (Архивдик сүрөт).

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынан кеминде жети артист жумуштан кетти. Арасында жогорку даражадагы артист Екатерина Белоус, эмгек сиңирген артист Марат Сыдыков баштаган өнөрпоздор бар. Алар театрдын башкы балетмейстери Акан Нуртазин менен иштешүүнү каалабай жатышат. 

Балет артисти Екатерина Белоус кесиптештери менен бирге Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине театрдын жетекчилигинин саясатына макул эместигин билдирип кат жолдошкон. Ал бир катар артисттер жумуштан кетип жатканын айтты:

“Эмитеден эле жети артист арызын жазды, анын экөө чет өлкөлөргө чыгып кетти. Арызымды 1-июнда жаздым. Ал өзүмдүн каалоомдон улам эмес, театрдын администрациясынын иштөө саясатына макул болбогонума байланыштуу. Жумуштан концертмейстер кетти, эмгек сиңирген артист Марат Сыдыков кетти, эркектердин биринчи курамындагы солисттер да кетишти. Менимче, театрдын жаңы сезону башталгыча дагы көп артисттер жумушун таштап кетиши мүмкүн”.

Саади Иманкулов.
Саади Иманкулов.

Опера жана балет театрынан кеткенин айткан дагы бир балет артисти Саади Иманкулов башкы балетмейстерге карата сындар жүйөлүү деп эсептейт.

“Биз театр жетекчилигине өзүбүздүн талаптарды, шарттарды койдук. Бирок алардын бири да аткарылган жок. Тескерисинче, бизге кысым болду. Биз балетмейстерди алмаштырууну каалаганбыз. Анткени, биздин көп артисттер ал киши менен иштешкиси келбейт. Балетмейстер өзүнө жаккан адам менен жакшы мамиле түзөт, көңүлү сүйбөгөн адамга жакшы мамиле жасабайт”.

Иштен кеткен артисттердин арасында Жакшылык Толобаев, Фарух Садыркулов, Нурсултан Алманбетов да бар.

Бир нече артист быйыл мартта нааразылык билдирип чыгып, Опера жана балет театрындагы абал талкууга түшкөн. Алар коммерциялык спектаклдердин билеттери кымбат сатылганы менен артисттер бекер иштеп келатканын айтып чыгышкан. Мындай билдирүүлөр артисттердин маянасынын аздыгын, тармактагы социалдык маселелерди күн тартибине чыгарган.

"Азаттыктын" архиви: Театрдагы чырдын көшөгө артындагы себеби. 18-март, 2021-жыл

Маселе 2020-жылдын апрель айында Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде каралып, атайын иликтөөчү комиссиянын корутундусу талкууланган. Театрдын айрым артисттери көйгөйдү ачык айтып чыгышканы үчүн жетекчиликтин кысымына туш болуп жатканын билдиришкен.

Артистттердин иштен кетиши боюнча театрдын директору Керим Тураповго кайрылдык. Ал нааразы тарап мурда да ар кыл билдирүүлөр менен чыкканын айтып, артисттер өз эрки менен иштен кеткенин айтты. Андан башка комментарий берүүнү каалаган жок.

Башкы балетмейстер Акан Нуртазин чыр боюнча кийинчерээк маалымат бере турганын билдирди.

6-марттагы чырдан кийин артисттердин маянасы боюнча маселени Жогорку Кеңеште вице-спикер Аида Касымалиева да көтөргөн. Депутаттын айтымында, театрдагы пикир келишпестикти иликтеген комиссиянын чечимин тиешелүү комитет жакын арада талкуулайт.

“Биз апрель айында тиешелүү адамдарга артисттердин эмгек акысы боюнча тапшырма бергенбиз. Башка жактан келип коммерциялык спектаклдер коюлганда, жергиликтүү өнөрпоздорго да акча төлөнсүн деген талап коюлган. Чынын айтканда, азыр жыйынтык чыга элек. Биз берген тапшырмалар толук аткарыла элек. Бул иштер негизинен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, ошондой эле опера жана балет театрынын жетекчилигине байланыштуу. Алар чечиши керек. Жакынкы күндөрү Жогорку Кеңештин комитетинин күн тартибине бул маселени кайрадан киргизебиз. Ал жерден комиссиянын корутундусун угуп, андан соң ошого жараша чечим кабыл алынат”.

Бакыт Секимов.
Бакыт Секимов.

Атайын комиссияга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин статс-катчысы Бакыт Секимов төрагалык кылган. Анын пикиринде, артисттер өздөрүнүн гана талабын коюп, башкаларды укпай жатышат. Секимов алардын артында театр жетекчилерин кетирүүнү каалагандар турат деп ойлойт.

"Биз балет бийчилерине учурунда барып, "түшүнүк кат бергиле" десек, аны жазбай коюшту. Аларды көкүткөн, үйрөткөн бирөө бар деп ойлойм. Эмнеге жазбайсыңар десек, адвокатын ээрчитип келишиптир. Адвокат жалдагыдай биз эмне аларды соттоп жаттык беле? Биз болгону алардын кадамынын себебин билели дедик. Алар өздөрүн агрессивдүү нукка алып барышты. Биз болсо комиссия түзүп, жыйынтыгын бердик. Иштер жарым-жартылай аткарылды. Театрдын башкы балетмейстери менен көркөм жетекчисине дисциплинардык чара көрдүк. Керим Турапов боюнча сунушту өкмөткө бердик. Эмгек келишимдерге кол койдуралы деп, адвокатына да билдирдик. Ал да көмөк көрсөтөм деген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин келишимдерге кол коюла элек. Анткени, ал келишимде алардын укугу менен катар милдеттери да жазылган”.

Бакыт Болгонбаев.
Бакыт Болгонбаев.

Искусство изилдөөчү Бакыт Болгонбаевдин айтымында, кыргыз маданиятына дээрлик 30 жылдан бери көңүл бурулбай, башка тармактардан артта калды. Ал эгемендиктен кийин бир катар балет артисттери каражаттын айынан четке чыгып кеткенин кошумчалады. Искусство изилдөөчү бүгүнкү күндө да мыкты таланттар өсүп жетилгенин, бирок аларга шарт жоктугун айтууда:

“Кесипкөй театр искусствосу бизге киргенине 100 жыл да толо элек да. Жалпы жолунан дүйнөлүк маданияттын агамына кошулганыбызга аз эле болду. Анын катарында балет өткөн кылымдын 50-жылдары телчигип отуруп, СССРдин масштабында көптөгөн мыкты таланттар чыкты. Мисалга алсак, Бүбүсара Бейшеналиева, Уран Сарбагышов, Нурдин Түгөлов, Берик Алимбаев, Чолпонбек Базарбаев баштаган таланттар кыргыз балетин жаңы деңгээлге алып чыгышты. 1990-жылдан 2000-жылга чейин балет өнөрүнүн бир катар көрүнүктүү өкүлдөрү жан багуунун айынан башка өлкөгө чыгып кетишти. 2000-жылдардан кийин кайрадан үмүт жандана баштады эле. Өкүнүчтүүсү, 2010-жылдардан кийин кайрадан сыртка кетүү агымы байкалды”.

Эл артисти, опера жана балет театрынын мурдагы башкы балетмейстери Кубанычбек Сыдыковдун пикиринде, балет артистин даярдоо үчүн көптөгөн жылдар талап кылынат.

"Мисалы, мен Москвада окугам. 5-классымда алып кетишкен. Ал жакта сегиз жыл окудум. Азыр болсо 7-8 жаштан кабыл алган даярдоо курстары бар. Жалпысынан азыр балет артисттери 11 жыл окуп-үйрөнүүнүн үстүндө болушат. Анан цирк артисттери менен балет бийчилеринин өнөрүнүн жаракат алуу тобокелдиги да бар. Мына ошондуктан, бул чөйрөдө 20 жылдык эмгек тажрыйбадан кийин пенсияга чыгышат. Бирок кээ бирөөлөр мугалим болуп ишин уланта берет, кээ бирөөлөрү хореограф болуп иштешет".

Жазуучу, адабиятчы Олжобай Шакир опера жана балет театрын жеке менчикке өткөрүү жолу менен классикалык искусство өнөрүн сактап калса болот деп эсептейт.

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

"Соңку учурда профессионалдык искусствону унутуп койдук. Жападан жалгыз опера жана балет театрыбыздын өзүнүн аудиториясы бар. Бирок ички интригаларын туура жолго салып кете алган жетекчилик келбей жатканы өкүндүрөт. Күйөрман журт топтолгону менен, бюрократиялык кыйынчылыктар чоң маданий дөөлөткө залакасын тийгизиши мүмкүн. Чет өлкөгө келишим менен барып-келип иштеп жүргөн көп таланттар бар. Бул талаш-тартыштарга чек койбосок, өнөрпоздорубузга кедергисин тийгизип алабыз".

Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин айлык акысы көбөйтүлөрүн буга чейин “Азаттыкка” маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирген.

Өкмөттүн маданият кызматкерлеринин айлык маянасын көбөйтүү тууралуу соңку чечими 2020-жылдын май айында кабыл алынган. Анда айлык 80% чейин көбөйөрү айтылган.

Кыргызстанда 22 театр, оюн-зоок мекемеси, эки филармония, бир куурчак театры, 40 райондук маданият бөлүмү, 40ка жакын райондук китепкана, 30дай райондук музей, миңдей айылдык клуб бар.

"Азаттыктын" архиви: 7000ге жан баккан маданият. 2019-жыл.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG