Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Чыр коштогон "Ак куу көлү"


"Ак куу көлү" балети (Фото архивден, макалага тиешеси жок).
"Ак куу көлү" балети (Фото архивден, макалага тиешеси жок).

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 6-март күнү "Ак куу көлү" спектаклин көрөрмандарга коёр алдында чыр чыкты.

Орусиядан артисттерди чакырып, спектаклди уюштурган "Радужка" фонду муну атайын жасалган чагым деп сыпаттап, көрөрмандардан кечирим сурады.

Петр Ильич Чайковскийдин "Ак куу көлү" чыгармасын көрсөтүү үчүн аталган фонд орус балетинин көрүнүктүү артисттери Екатерина Первушина менен Сергей Мануйловду чакырышкан. Бирок спектакль белгиленген убакыттан 40 мүнөттөй өтсө да башталган жок. Андан соң жергиликтүү артисттер сахнага чыгып, Орусиядан чакырылган артисттер менен иштешпей турганын билдиришкени тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышты.

Фонддун жетекчиси Сагида Жумабекованын айтымында, чыр гонорарга байланыштуу келип чыккан. Келишимге ылайык орусиялык артисттерге гонорар акысын фонд бермек, ал эми спектаклге катышкан жергиликтүү артисттер акчаны Опера жана балет театрынан алышмак.

"Артисттер сахнадан чыгып кетишти, телефондон кимдир бирөөдөн көрсөтмө алышты, кайра сахнага келип бизге "жок" деп айтышты. Алар фондго эмес, театрдын жетекчилигине нааразы экенин айтышты. Анан алар биз Орусиядан чакырып келген артисттерден кечирим сурап, бул атайын алдын ала пландалганын айтышты. Аягында фонд жергиликтүү артисттерге да акы төлөдү. Юридикалык жактан туура эмес болсо да төлөп берди. Ошондо да "ойнобойбуз" дешти. Бирок, спектакль тартууланды. Уят эле болду! Биз келишимдеги шарттардын баарын аткардык. Биз алып келген артисттер аябай жакшы бийлешти. Ушундай жагдай жаралып калганы үчүн көрөрмандардан кечирим сурайм. Алар түшүнүү менен кабыл алып, спектакль башталганга чейин отуруп, көрүп кетишкени үчүн ыраазымын", - деди Сагида Жумабекова.

Театрдын труппасынын өкүлү, балет репетитору Досмат Садыркулов Жумабекованын айткандарын четке кагып, эч кимге акы төлөнбөгөнүн билдирди:

"Жергиликтүү артисттер орус жылдыздары менен сахнага чыккысы келбеди," деген сөздөр чындыкка жатпайт. Биздин мамилебиз өтө жакшы. А протесттин себеби башка. Бул - коммерциялык максатта коюлган спектакль. Ошондуктан баасы да кымбат. Труппа бир тыйын да албайт. Бул эми мурдатан болуп келген көйгөй. Артисттер театрдын жетекчилигине, Маданият министрлигине айтып эле жүрүшөт, бирок, майнап жок. "Радужка" коомдук фонду театрга ижара акысын төлөйт. Артисттерге акча төлөп берүүгө макул болбой, "силер бул жерден айлык алып иштейсиңер" деди. Ошондуктан, артисттерибиз сахнага чыгуудан баш тартышты. Аларга 50 миң сом, 60 миң сом, 100 миң сом бергенге убада кылышты. "Азыр эсепке которобуз же накталай беребиз," дешти. Ага катар "жумуштан кетесиңер" деген коркутуулар да болду. "Акы төлөп берилгенден кийин сахнага чыгышты" деген маалымат да туура эмес. Баш тарткан артисттер аягына чейин турушту. Башка артисттер сахнага чыкты".

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры.
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева үй-бүлөсү менен ошол күнү балетке барган. Ал инциденттен улам сахна артына өтүп, жагдайдын чоо-жайына кызыкканын "Фейсбукка" жазды:

"Коммерциялык спектаклдерге да театр жамааты катышат. Билеттер 2-3 эсе кымбат сатылганына карабай аларга акы берилбейт. Бул көп жылдан берки көйгөй. Труппанын орточо айлыгы - жүз доллар. Алардын эмгегине акча төлөшпөйт. Коммерциялык спектаклдердин акчасы кайда кетип жатат? Муну Эсеп палатасы баштаган мамлекеттик органдар текшериши керек",- деп жазды депутат.

Юрист Нурбек Токтакунов акчага байланышкан бул жагдайга көңүл буруу зарылдыгын айтып, театр жетекчилиги менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жоопкерчилиги маселесин көтөрдү.

"Азаттыктын" кабарчысы театр жетекчиси Керим Тураповго 7-март күнү телефон аркылуу байланышканда, ал комментарий бере албастыгын айтты.

Орусиялык артисттердин катышуусундагы "Ак куу көлү" спектакли бир эле күнгө пландалган. Билеттин баасы 1000 сомдон 2000 сомго чейин болуп, зал толгонун спектаклге баргандар билдиришти.

Спектаклдин жарнамасында алгач Орусиядан артисттер Мария Бек менен Сергей Мануйлов келээри айтылган. Кийин Бектин ордуна Екатерина Первушина келген.

Чайковскийдин төрт актылуу "Ак куу көлү" балети 1877-жылдан бери дүйнө театрларынын сахналарында коюлуп келет. Кыргызстанда бул спектакль ХХ кылымда театр өнөрү жандана баштагандан бери тартууланып турат. Опера жана балет театрынын сайтындагы маалыматка караганда Эл артисттери Айсулуу Токомбаева, Чолпонбек Базарбаевден тартып ондогон өнөрпоздор башкы ролдо бийлешкен.

XS
SM
MD
LG