Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Бек Борбиев кимдин заказын аткарууда?


Бек Борбиев
Бек Борбиев

“Кыргыз туусу” гезити эки күндөн кийин же 17-май Энелердин күнү белгиленерин маалымдоо менен “Касиетиңден айланайын, Эне!” деген макаласын басты.

“Тартылчу фильмдин сценарийине пикир” деген рубрика алдында “Периштечи “Шабдан” тарыхтын тамтыгын чыгарса, анда мындай тасманын” кереги барбы?” деген ат менен тарых илимдеринин доктору, профессор Тынчтыкбек Чоротегиндин жазуучу Каныбек Иманалиевдин “Шабдан баатыр” романынын негизинде режиссер Эрнест Абдыжапаров жазган эки сериялуу көркөм тасманын сценарийин олуттуу жана жүйөлүү сынга алган макаласы бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезитине жарыяланды.

Нарын шаарынан Чынара Жумагулова аттуу автор “Убара тарттыргандардын тизгинин тартууга болобу?” деген каты менен президент А. Атамбаевге кайрылды.

“Де-факто” гезити жазуучу Жеңишгүл Өзүбекованын “Дымагыбыз көктө, бутубуз сазда, кыялыбыз бийикте, жашообуз жайдак” деген, кинорежиссер Садык Шернияздын “Идеология оңдолмоюнча, мамлекет оңолбойт, акчага сатып ала албай турган байлык бар” деген, министр Элвира Сариеванын “Жалпы республикалык тестирлөө мыкты деңгээлде, таза өтөт деп ишенем” деген, журналист Жакшылык Бердибек уулунун “Курулушту куруткан Каныбек Нарбаев жазаланбайбы?” деген, “Бек Борбиевдин кадамы акциябы же аскиябы? Ал кимдин заказын аткарып жатат?” деген интервьюларды, макалаларды, ой-пикирлерди басты.

“Вечерний Бишкек” гезити журналист Нарын Айыптын “Акыл-эстен тангандар” деген макаласын жарыялады. Автор дүйнөдө акыл-эстен тангандар көп эле болгонун, бирок такыр эле жинди болуп кеткендер аз санда болорун эске салуу менен “Жаңы агым” гезитинин кечээ күнкү санындагы Коомдук каналдын Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрүнүн “Вечерний Бишкек” тууралуу экрандан кеткен көрсөтүүнү бири да көрбөгөнүн сынга алып, албетте кожоюн көзүңөрдү жумгула деп буйрук кылса, көзүн жумгандар көрбөй каларын, ал жердеги Эл артисттери менен Эл жазуучулары кайсыл жакты карап отурат деген суроо тууларын, өлкөгө икрамдар, фариддер, эркиндер орнотуп алган уятсыздыкты уялып койбой колдоп-жолдоп отурушканын, бийликтин достору мыкты саясатчылар, кадыр-барктуу окумуштуулар же эл сыйлаган жазуучулар же ойчулдар эмес, баскан жолу да, жасаган иши да көзгө көрүнө бербеген кайдагы бир шектүү адамдар боло баштаганын, андайлардын бири кезинде өмүр бою эркинен ажыратылып, революциядан кийин боштондукка чыккан азыркы президенттин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев экенин жазып чыкты.

“Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин “Сагынар жериме сапар” деген эки беттен турган макаласын жарыялады. Автор жакында Ош жергесине барып кайтканын аңгемелеп, макаласынын аягын “Ыйманы куюлган, курсагы ток, динге бекем, кыргыз дегенде намысы ашып-ташып кеткен элим бар түштүк тарапта. Барып чер жазып келдим, ойлончусунан да толтура ала келдим” деп аяктаган. Ушул эле гезиттеги “Александр Ким кайсы депутаттар менен тымызын сүйлөшүп алган” деген макаласында Тиленбек Азык, тар чөйрөдөгү күбүр-шыбырларга караганда Александр Кимди парламенттеги “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев менен “арнамысчы” Феликс Кулов тымызын колдоп жатканын кабарлады, журналист Жаркын Темирбаева “Туулган жерди сагындым” деген ат менен атактуу ырчы Керим Турапов ырдап жүргөн ушул ыр Бекмамат Осмоновго арналып жазылганын фактылар менен баяндап берди.

“Айбат” гезити бул санын “Келдибековдун дагы бир жакыны коррупционерби?” деген макала менен ачты.

Ушул эле “Айбат” гезитинен сиздер “Керт башын ойлогондор коркунучтуу” деген ат менен бейөкмөт уюмда иштегендерди сынга алды. Мындан тышкары “Кыргыз тилин бузуп ырдаган Бек Борбиев кыргыз тилине күйөбү?” деген макала да бар.

XS
SM
MD
LG