Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:24

“Кумтөрдүн” колго тийбеген каражаты


"Кумтөр Голддун" убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жана президент Садыр Жапаров Кумтөр кенинде. 2021-жыл, 15-июнь.
"Кумтөр Голддун" убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк жана президент Садыр Жапаров Кумтөр кенинде. 2021-жыл, 15-июнь.

Кыргыз бийлиги “Кумтөр Голд” ишканасына тыштан башкаруу киргизип алтын кенди өзү иштетип жатканына бир айдан ашты. Бул убакыт аралыгында бир тоннадан ашык алтын сатып, 40 миллион доллар киреше тапты. Анын эсебинен жумушчулардын айлыгы төлөнүп, өндүрүшкө кеткен чыгым жабылды.

Компаниянын убактылуу жетекчилиги түшкөн пайдага Кыргызстандагы башка да кендерди иштетүү максатын жарыялады. Ушуга окшогон дымактуу пландар айтылганы менен “Кумтөр Голддун” эсебиндеги акчага Кыргызстандын колу жетпей, экинчи жактан эл аралык сот тооруп турат.

“Кумтөр Голд” компаниясын убактылуу сырттан башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүк 21-июнда “Биринчи радионун” журналисттерине кенен интервью берип, Кумтөр алтын кенинин ишмердиги тууралуу бир топ маалыматтарды ачыктады. Ал ишканада өндүрүш мурдагыдай эле жүрүп жатканын, кызматкерлерге айлык бере турган эски система калыбына келтирилип, ушул тапта чечилбей турган олуттуу деле маселе жок экенин айтты. Кыргыз тарап оптимисттик маанайда турганы менен көйгөйлөрдү четке кагууга да болбойт.

Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча соттун чечимин “Кумтөр Голд” ишканасына товар ташыган компаниялар туура эмес түшүнүп алып, товар жеткирүүнү токтотуп коюшту. Нью-Йорктогу биздин юристтер кызмат көрсөткөн бир да ишкана келишимдеги милдеттенмелерди бузууга акысы жок экенин билдирип арыз берип жатат. Дагы бир көйгөй жана эң негизгиси - биздин эсептерибиздин бардыгын "Центерра Голд" көзөмөлдөйт. Ушул жылдын март айында компаниянын директорлор кеңешинин акыркы жыйынындагы протоколго ылайык, "Кумтөр Голд" ишканасынын эсебинде 1,3 миллиард доллар бар. 2020-жылдагы кирешенин эсебинен кошумча 400 миллион доллар которулган. Жалпысынан бизде 1,7 миллиард доллардан ашык каражат бар. Бирок алар бизге жеткиликсиз болуп калды. Ошондуктан биз өндүрүп жаткан алтынды тез арада сатып, жумушчуларга айлык акы берүүнү чечтик”.

Кыргызстан "Кумтөр Голд" ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизип жатканда компанияны иштетүүгө үч айга жете тургандай сырье – башкача айтканда, оор техниканын тетиктери, аммиактык селитра, жардыруучу заттар күнүмдүк керектелүүчү ар кандай товарлар бар болчу. Алардын көбү чет жактан сатылып келет. Бул чарбалык иштер.

Тенгиз Бөлтүрүк Кыргызстан "Центерра Голд" менен сүйлөшүүдө карманган позициясынан бир кадам да артка жылбай турганын ишенимдүү айтып жатат. Ал эми канадалык компания "Кумтөр Голд" боюнча “ак же көк” дебегенин сындады.

“Канадалыктардан коркпойбуз. Биз негизи дүлөй менен сүйлөшкөндөй эле болуп жатабыз. Биздин айткандарыбызды укпайт. Анан эле ЖМКлар аркылуу жамандап калат. Алар биздин экология боюнча койгон дообузду мойнуна алса, отуруп сүйлөшөт элек. Анткени биздин фактыларды алар да билет. Биз 2017-жылы "Центерра Голдду" кечиргенбиз. Ошондон кийин да бардык иштер мурдагыдай кала берген. Мыйзамдарды бузган, салыктарды төлөгөн эмес. "Центерра Голд" экологиялык чыгым менен төлөбөгөн салыкты мойнуна алганда гана сүйлөшөбүз. Андай болбосо биз "Центерра Голддун" позициясын кабыл албайбыз жана түшүнгүбүз да келбейт. Башка диалог болбойт. Монолог болот жана биз эмне десек угушат. Буюрса Кумтөрдү алдык. “Кумтөр Голддогу” 1,7 миллиард доллар акчабызды бербей атышат. Андан тышкары "Центерра Голддогу" 26% акциябыз бери дегенде 700 миллион доллар болот. Ошондо орто эсеп менен 2,5 миллиард доллардай акчабыз турат. Сөз ушул каражат боюнча болуп атат. “Кумтөр Голдду” биз бербейбиз”.

Тенгиз Бөлтүрүктүн бул сөзү Кыргызстан “Кумтөр Голд” ишканасын өзү эле иштетүүнү көздөп турганын ырастагандай болду. Анын маалыматы боюнча, компанияны тыштан башкаруу кыргыз тарап качан "Центерра Голд" менен мунасага келгенде гана токтойт.

"Центерра Голд" кыргыз бийлиги кенди басып алганын билдирип келет, компаниянын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри Bloomberg сайтына өткөн аптада курган маегинде кендин айланасында абал курчуп кеткенин, эми баштапкы абалга кайтуу кыйынга турарын айтты.

Кумтөр алтын кени. 2021-жыл, 15-июнь.
Кумтөр алтын кени. 2021-жыл, 15-июнь.

Өндүрүлгөн алтын, өкмөттүн дымагы

Ал тапта Кыргызстан “Кумтөр Голдго” убактылуу тышкы башкаруу киргизгенден кийин 44 миң унций же 1 тонна 247 килограммдан бир аз ашыгыраак алтын сатып, 40 миллион доллар дүң киреше тапты.

Саясат талдоочу Нурсултан Акылбек бийлик кендин тагдырын бир жаңсыл кылып чече элек жатып эле алтынды сата баштаганын түшүнбөй турат.

Нурсултан Акылбек.
Нурсултан Акылбек.

"Центерра Голд" Нью-Йоркто эсептерди жаптыртты. Бул – мамлекеттик рейдерликтен коргоо чарасы. Экинчиден, Тенгиз Бөлтүрүк “алтын сатып жумушчуларга айлык берип атабыз” дегени көп суроону пайда кылды. Биринчиден, алтынды кимге сатышты? Экинчиден, аны сатканга укугу барбы? Себеби, мамлекет "Центерра Голд" менен бир чечимге келе элек. Ишкананы убактылуу тыштан башкарып жаткан адам алтынды сатса – бул жөн эле рейдерлик да”.

Кыргыз бийлиги “Кумтөр Голд” 44 миң унций алтын кандай жол менен кимге сатылганын ачык жарыялаган жок. Тенгиз Бөлтүрүк болгону алтын “Кыргызалтын” ишканасы аркылуу сатылганын жана алтын Кыргызстанда эле калганын айтты. Буга чейин алтынды Улуттук банк алары кабарланган. Саясат талдоочу Айданбек Акматов дал ушул алтындын баасы, сатуу жолдору боюнча күмөн жараткан жагдайларга токтолду.

Айданбек Акматов.
Айданбек Акматов.

“44 миң унций алтындын баасы 80 миллион доллардан ашык акча болот. Анын ичинен өндүрүшкө 25 миллион доллардай каражат кетерин эсептеп чыктык. Калган сумма аз чыгып калууда. Алар 15 миллион долларды соттук териштирүүлөргө жумшап салышы мүмкүн”.

Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд” ишканасынан түшкөн кирешеге Кыргызстандагы башка кендерди да ачуу пландалып жатканын айтып жиберди. Ал мындай кендердин катарына Ысык-Көлдөгү Тоголок алтын кенин, Таластагы Андаш жез кенин, Талды-Булак алтын кенин жана Нарында Жетим-Тоо темир кенин кошту.

“Kумтөр Голд” ишканасынын кесиптик бирлик уюмунун жетекчиси Калысбек Рыспаев компанияда иш ырааттуу эле жүрүп жатканын айтып, мындай деди:

“Компаниянын иштебей токтоп калуу коркунучу жок. Анткени кенде 30 жылга жакын убакыттан бери түзүлүп калган система бар. Азыр болгону ишкананын айланасында абал тынч болсо эле иштеп кете берет. Адистер да такшалган. Аларды керек болсо чет өлкөдөгү компаниялар чакырып иштетип жатышат. Туруктуу иштешпесе да алар убактылуу иштеп келип жатышат”.

Орус миллиардеринин сырдуу сапары

Кендин айланасындагы дагы бир кызыктуу жагдай, орусиялык миллиардер банкир, Мамлекеттик Думанын экс-депутаты жана медиа магнат Александр Лебедев Кумтөргө келип кеткени болду.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Лебедев Кумтөргө өткөн аптада барганын “Азаттыкка” ырастап, анын максатын мындайча түшүндүрдү.

“Алар Кумтөрдө мөңгүлөрдү көрүштү. Мен Давыдов, Лысый мөңгүлөрү мурда кандай эле, азыр кандай болуп калганын көрсөтүп бердим. Бизде 1995, 1998, 2008-жылдары мөңгүлөр кандай болгону тууралуу архивдик материалдар бар. Аларды документалдуу түрдө көрсөттүм. Комиссиялардын отчетторун айттым. Ал өзү да тартып алды. Биз да тарттык”.

Кутманова Лебедевдин кенге келишинде эч кандай бизнес кызыкчылык жок экенин, ал Кумтөрдөгү экологиялык абалды эле көргөнү келгенин айтып, ишендирүүгө аракет кылды.

Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд” ишканасына үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизилген. Мындай сунушту парламентке Кумтөр алтын кенинин ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия берген. Зарыл болсо компанияны тыштан башкаруу дагы үч айга узартылат.

Мамлекеттик комиссия канадалык "Центерра Голд" компаниясы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. Ишкана мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

7-майда болсо Бишкектин Октябрь райондук соту "Центерра Голдду" Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кени. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG