Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Тенгиз Бөлтүрүк: "Кумтөрдүн" кирешесинен башка кендерди ачабыз


Президент Садыр Жапаров жана "Кумтөр Голддун" убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинде. 2021-жыл, 15-июнь.
Президент Садыр Жапаров жана "Кумтөр Голддун" убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөр кенинде. 2021-жыл, 15-июнь.

“Кумтөр Голд” компаниясын убактылуу тыштан башкарып жаткан Тенгиз Бөлтүрүк ишканадан түшкөн кирешеге Кыргызстандагы башка кендерди да ачуу пландалып жатканын айтты. Анын ичинде Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар. Бул тууралуу ал 21-июнда “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

“Кумтөр кенинин жанында 30 чакырым аралыкта Тоголок деген алтын кен бар. Анда бери дегенде эле 100 тоннага чейин алтын бар. Кенди чалгындап, аны да кошобуз. Андан тышкары Таластагы Андаш, Талды-Булак, Нарында Жетим-Тоо темир кени турат. Бала-Чычкан деген да өтө чоң кен бар. Мен проект менеджермин. Чет мамлекеттен команда алып келип, бул жактагы жакшы балдарды чогултуп, ошолорду жүргүзөлү деп жатабыз”, - деди Бөлтүрүк.

Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизилген.

12-майда Кумтөр кенинин ишмердигин иликтеген мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Акылбек Жапаров канадалык компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. “Центерра” мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

Садыр Жапаров былтыр премьер-министр болуп турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген. Ушундан улам Жетим-Тоону коргоо кыймылы түзүлүп, аны иштетүүгө каршы чыгышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG