Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

Бөлтүрүк: Кумтөрдө иш орундар көбөйөт


Тенгиз Бөлтүрүк
Тенгиз Бөлтүрүк

Кумтөр алтын кенине дагы 300гө чейин жаңы иш орундары ачылат. Ага окуу жайды бүткөн жаш адистер орношот. Ал 2021-жылдын аягына чейин ишке ашат. Бул тууралуу “Кумтөр Голд” компаниясына тыштан башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк 21-июнда “Биринчи радиого” курган маегинде айтты.

“Кызматтык кыскартуулар болгон жок. Тескерисинче, иш орундар көбөйөт. Тоо-кен тармагында иштеген тажрыйбалуу адистер керек болуп жатат. Алар Кыргызстандын жараны болушу шарт. Ошондуктан Кумтөргө 200-300 кишини ишке алабыз. Ашпозчу, айдоочулардан баштап инженерлик кызматка чейин 50дөн ашык кесиптин ээлери иштесе болот”, - деди Бөлтүрүк.

Маалыматка ылайык, ушул тапта Кумтөр алтын кенинде 3500дөн ашык киши иштейт.

Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизилген.

Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голдду” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. “Центерра” мындай дооматтарды четке кагып келүүдө. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG