Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Азия өнүктүрүү банкы бизнести өнүктүрүүгө 80 миллион доллар берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Азия өнүктүрүү банкы кыргызстандык ишкерлерге 80 миллион доллар берет. Анын 69,3 млн. доллары жеңилдетилген насыя катары 24 жылга 1% үстөгү менен берилет. Ал эми 10,7 миллион доллары грант. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда, экономика жана каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, сөз болуп жаткан 80 миллион доллар кепилдик фонддун эсебине түшүп, чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү үчүн ишкерлерге насыя катары берилет.

Өкмөт өткөн жылы ишкерлерди колдоо үчүн 6-10% менен жеңилдетилген насыяга бюджеттен 14 миллиард сом каралганын билдирген. Мындан тышкары, айыл чарба тармагында иштеген 12 миң ишкерге 5,7 миллиард сомго жакын насыя акча бөлүнгөнү кабарланган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG