Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Кыргызстанда курулуш материалдары 10,5% кымбаттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетитинин эсебинде, май айында курулуш материалдары өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу 10,5% кымбаттады.

Анын ичинен кыш 17%, кесилген жыгач материалдар 15,6%, шифер 15,2%, цемент 10,4% жогорулады.

Негизинен кыш Нарын менен Талас облусунда, жыгач материалдар Баткен жана Жалал-Абад облустарында кескин кымбаттаганы байкалды.

Статистика комитети буга чейин өлкөдө тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 6,8%, азык-түлүктүкү 3% өскөнүн билдирген.

Ушул жылдын январь-май айларында ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) көлөмү 215 миллиард сомдон ашып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6% төмөндөгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG