Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Жапаров менен Козак вакцина маселесин талкуулады


Президент Садыр Жапаров жана Дмитрий Козак. Орусиянын Сочи шаары.
Президент Садыр Жапаров жана Дмитрий Козак. Орусиянын Сочи шаары.

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды.

Өлкө башчынын администрациянын басма сөз кызматы 21-июнда тараткан маалыматка караганда, анда кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгы талкууланды.

Ошондой эле, Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү чаралары, анын ичинде өлкөгө орус вакцинасын жеткирүү маселеси да талкууланды. Кыргызстан ушул убакытка чейин Орусиядан баш-аягы 100 миң доза Sputnik V вакцинасын алды.

Садыр Жапаров 24-25-майда Орусияга иш сапары менен барып келген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG