Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:56

Экономика начарлады, баалар өстү


Базардагы сабиздин баасы.

Улуттук статистика комитетитинин эсебинде, ушул жылдын январь-май айларында ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) көлөмү 215 миллиард сомдон ашып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6% төмөндөдү.

Кумтөр алтын кенин эсепке албаганда атамекендик өндүрүштө өсүү байкалып, ички дүң өнүм беш айдын ичинде 192 миллиард сом болду же 3,5%га жогорулады.

Соңку күндөрү азык-түлүктүн баасы көтөрүлдү. Маселен ушул тушта сабиз болуп көрбөгөндөй кымбаттады.

Кыргызстанга кымбатчылык келди

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү өткөн жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 9,7%, курулуш тармагы 15,9% төмөндөдү. Айыл чарба багыты 1,2%, дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 9,9% пайызга өстү.

Өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу өлкөдө тамак-аш продуктулары менен алкоголсуз суусундуктардын баасы 6,8%, азык-түлүктүкү 3% өстү.

Картошканын баасы 33,9%, кумшекердики 20,6%, тамак-аш майлары 19%, кой эти 14,2%, тооктун жумурткасы 13%, жер-жемиштер 12%, балык 5,1% жана нан 2,8% көтөрүлгөн.

ИДӨ - өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү. Ал экономиканын эң негизги көрсөткүчү катары каралат.

2019-жылы Кыргызстандын ИДӨсү Улуттук статистика комитетинин такталган эсебинде 618 млрд. сомдон ашкан. Көрсөткүч 2017-жылы 530 млрд. сомдон, 2018-жылы 569 млрд. сомдон жогору болгону такталган.

Сабиздин баасы асмандады

Ал арада Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги сабиздин кымбаттап кеткени тууралуу түшүндүрмө берди. Министрдин орун басары Илич Марсбек уулу муну "сезондук көрүнүш" катары сыпаттады.

Анын айтымында, быйыл сабиздин айдоо аянты былтыркыдан көбүрөк, июлда түшүм жыйналганда баа турукташат.

Министрдин орун басары сабиз кымбаттаганы ага сыртта болгон суроо-талап көбөйгөнүнө байланыштуу экенин билдирип, “2015-жылы Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кошулганда дыйкандар өстүргөн продукциясын жакшы жана татыктуу баада сатууга мүмкүнчүлүк ачылганын” белгиледи:

“2020-жылы беш ай ичинде 13 миң тонна сабиз экспорттолгон болсо, 2021-жылдын беш айында 31 миң тонна, 2,5 эсе көп сабиз экспортко жиберилди. Дыйкан-фермерлерибиз татыктуу деңгээлде пайда таба баштаганда гана биздин айыл чарба тармагыбыз өнүгөт. Бирок бир четинен шаарларда баанын өсүп кетиши маселе жаратып жатат. Быйыл ала турган түшүм жакшы болгону жатат. Июлдун башы менен түшүм жыйноо иштери башталганда сабиздин, картошканын жана азыр кымбаттап кеткен айыл чарба продукциясынын баасы ылдыйлайт деп күтүп жатабыз”.

Кыргызстанда соңку күндөрү жашылча-жемиш кымбаттап, 20-30 сомдун тегерегинде сатылып жаткан сабиздин баасы 100-120 сомго чыккан.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы бул уюмга Армения менен Кыргызстан кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Мал-жандыкты сыртка сатууга уруксат берилет

Ушул тушта өкмөт сатыкка мал баккан фермерлерге экспортко кайрадан уруксат бергени жатканы белгилүү болду. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулунун айтымында, айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн сыртка сатууга тыюу салган токтомго өзгөртүү киргизилгени жатат:

“Анын ичинде тоют өсүмдүктөрү, буудай, арпа сыяктуу продукцияларды экспорттоого тыюу салган токтомдун мөөнөтүн узартып жатабыз жылдын аягына чейин. Мал экспортуна тыюуну алып салабыз, башкача айтканда, 8-июлдан баштап малды сыртка сатууга уруксат берилет деп күтүлүп жатат”.

2020-жылдын күзүндө Кыргызстанда эт өтө кымбаттап кетип, өкмөт айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн, анын ичинде мал-жандыкты ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салган. Тыюу салынган мөөнөт кийин узартылып, 8-июлга чейин деп белгиленген.

Тикелей инвестиция кыскарды

Быйыл январь-март айларында Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициянын агымы 112,1 миллион долларды түздү. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 24,4 пайызга аз экенин Улуттук статистика комитети кабарлады.

Ошол эле кезде Кыргызстандан инвестициянын чыгып кетүүсү 16% көбөйүп, 479,1 миллион доллар болду.

Өлкөгө тартылган инвестициянын 91 пайызга жакыны геологиялык чалгындоо ишканаларына, кен казууга, дүң жана чекене соодага ошондой эле камсыздандыруу чөйрөсүнө туура келет.

КМШ мамлекеттеринен тышкары өлкөлөрдөн келген инвестициянын көлөмү 28,3% кыскарды. Кыргызстанга акчасын эң көп салган өлкөлөрдүн ичинен Кытай биринчи орунда турат - 47,4%.

Соңку жылдары Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү түшүп кетти. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылы тикелей инвестиция 477 миллион 625 миң долларды түзгөн. 2019-жылы бул көрсөткүч 1 миллиард 76 миллион доллар болгон.

Кыргызстанда жаңы кабыл алынган Конституциядан кийин президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин түзүмүн бекитип, өлкөдө Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министрлик түзүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG