Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Июль, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:33

Кыргызстан: соода-сатыкты көбөйтүү жолдору


Иллюстрациялык сүрөт

Экономикасы оор кырдаалга кептелген Кыргызстанга инвестиция тартып, жаңы базарларды табуу маанилүү болуп турат. Учурда кайсы өлкөлөр менен экономикалык алканы өнүктүрүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланса болот?

Бул суроону чет өлкөдөгү журтташтар менен талкуулайбыз. Ага Украинадагы ишкер Азамат Исмаилов, Лондондогу кыргызстандык ишкер Сыргак Токтоналиев жана Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Индиядагы өкүлү Бектурган Калыбек уулу катышты.

“Азаттык”: Сөздү Азамат мырза сизден баштайын. Жакындан тарта кыргызстандык ишкерлер Украинага бир нече жолу барып, бул өлкө менен бизнес кылуунун жол-жобосун караштырып жатканы белгилүү болду. Негизинен украин рыногуна чыгуу үчүн кандай иштер жүрүп жатат жана кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

Исмаилов: Украина Европа рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүгү бар чоң өлкөлөрдүн бири. Бул өлкө менен экономикалык жактан байланыш түзүү абдан маанилүү. Мен Кыргызстандын Соода-Өнөр жай палатасынын Украинадагы өкүлү катары 10 жылдан бери иштеп келе жатам. Бул убакыт аралыгында биздин ишкерлерди бул өлкө менен биргеликте иштөөгө шарт түзүү боюнча аракет кылып жатабыз. Өткөн аптада эле агротармакта бизнес форум өткөрүп, кыргызстандык ондон ашык ишкер катышты.

Азамат Исмаилов
Азамат Исмаилов

Тилекке каршы, биздин ишкерлердин Украинадагы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө көп маалыматы жок. Көбүнесе орус медиасынын бир жактуу маалыматтарына ишенип, негативдүү маалыматтарга маани берип, көп нерсени ошондой кабыл алып алган. Бирок келип өз көзү менен көргөн соң "бул мамлекетте абдан чоң мүмкүнчүлүк бар турбайбы" деп иштешүүгө аябай кызыкдар болуп жатышат. Буга чейинки тажрыйбага таянып, биз азыр тармактык иш сапарларды жасап жатабыз. Мисалы, былтыр текстиль тармагында форум өткөрсөк, быйыл агротармакты тандап алдык.

“Азаттык”: Украинанын канчалык мүмкүнчүлүгү бар? Бул өлкө ЕАЭБке кирбеген соң биздин ишкерлердин соода жүгүртүүсүнө канчалык ыңгайлуу?

Исмаилов: Украина Советтер союзунун курамына кирген үчүн мурда кол коюлган келишимдер азыркыга чейин эле иштеп жатат. Мисалы, Украинадагы Кыргызстанга товар алып барган учурда СТ 1 деген сертификат болсо, эч кандай төлөм алынбайт, кошумча нарк салыгы гана төлөнүшү керек. Бул биз үчүн абдан чоң артыкчылык. Андан сырткары учурда Европа өлкөлөрү Украина менен төлөмсүз соода жүгүртүүү келишимине кол койгон жана украин товарлары Европага чыгып жатат. Ошондуктан, биз кыргыз ишкерлерине Украина менен иштесек, кийин Европа рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк ачылат, ал эми украиналыктарга силер Кыргызстан аркылуу ЕАЭБке, Кытайга чыгууга мүмкүнчүлүк аласыңар деп түшүндүргөнгө аракет кылып келебиз.

“Азаттык”: Ал эми өкмөт аралык кызматташтык кандай? Кыргызстандын расмий органдары Украина рыногуна чыгуу үчүн шарттарды түзүүгө кызыкдарбы?

Исмаилов: Ачыгын айтканда, Кыргызстандын саясаты коңшу мамлекеттерге байланыштуу болгондуктан, биздин мамкызматкерлер Украина менен мамиледе кылдат болууга аракет кылып жатышат. Маселен, агротармактагы бизнес форумга айыл чарба министрин чакырып, келүүгө да макулдук берген. Бирок акыркы моментте баш тартып койду. Ушул мезгилге чейин мамлекеттик деңгээлде жакшы иш жүрбөй келет. Биз саясат өзүнчө карап, бирок экономикалык кызыкчылыкты карайлы деп айтып эле келе жатам.

“Азаттык”: Бектурган мырза, сиз соңку мезгилде абдан тездик менен өнүгүп жаткан Индия менен иш алпарып, ал жакта жашап келдиңиз. Кыргызстан 1 миллиард 300 миллион адам жашаган ири рыногу бар өлкө менен экономикалык жаатта канчалык эффективдүү кызматташып жатат?

Калыбек уулу: Индия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 40 миллион доллар экени абдан эле өкүндүрөт. Бул жаатта Кыргызстан бул өлкө менен экономикалык жаатта кызматташтыкка анча көңүл бурбай жатат. Мисалы, коңшу эле Өзбекстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдүн кызматташтыгын карап көрсөк, такыр башка деңгээлде.

Бектурган Калыбек уулу
Бектурган Калыбек уулу

Биз алардан үлгү алып, Индия менен экономикалык алаканы көтөрүп, аларга бат-бат барып, индиялык ишкерлерди Кыргызстанга чакырып турушубуз керек болуп жатат. Алар биздин кен тармагына кызыгат. Биздин туристтик потенциалды колдонсок болот. Мисалы, Индиянын 1,3 миллиарддык калкынын 15 пайызы чет жакка эс алышат. Бул өлкөдө бай адамдар, миллиардер болгон ишкерлер абдан көп. Тилекке каршы, алар биздин өлкө жөнүндө көп билишпейт. Биз алар менен кызматташтыкты өнүктүрүп, өзүбүздүн мүмкүнчүлүктү жолго кое албай келебиз.

“Азаттык”: Бектурган мырза, буга эмне себеп болуп жатат? Эмне жетишпейт?

Калыбек уулу: Биринчиден, логистикалык маселелер. Кара жол менен алысыраак болуп, товар ташуу кымбат болуп жатат. Мисалы, Индиядан 20 тонналык контейнерди алып келүүнүн баасы 10 миң долларга чыгып кетет экен. Ошондуктан, биз аба каттамдарды жолго коюп, мүмкүнчүлүктү пайдалансак болот эле. Мүмкүнчүлүк абдан чоң. Биз азыр аз-аздан төө буурчак, бал ташууга аракет кылып жатабыз.

“Азаттык”: Сыргак мырза, Кыргызстан Британия сыяктуу дүйнөнүн финансылык борбору болгон Европанын өлкөлөрү менен каржылык, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланып жатабы?

Токтоналиев: Мүмкүнчүлүк чоң эле. Бирок Кыргызстан бийлик институттарын толугу менен мыйзамга ылайык иштетпесе: ошол эле адам укугун, бизнести коргоо, жеке менчик укугун сактабаса европалык инвестор Кыргызстанга толук кызыкпайт го деген ойдомун.

“Азаттык”: Бул жерде фундаментталдуу баалуулуктарга маани берүү зарыл деген ойдосузбу?

Токтоналиев: Албетте, сот системасын реформалоо сыяктуу нерселерди айтып жатам.

Сыргак Токтоналиев
Сыргак Токтоналиев

Мисалы, кайсы-бир түшүнбөстүк жаралган учурда Британ же АКШ сотунда соттошобуз деп айтышат эмеспи. Кыргызстандагы соңку бийлик алмашуулардан соң репутациясы жакшы болгон компаниялар өлкөгө келүүгө кызыкдар болбой, репутациясы күмөндүү компаниялар келип жатат. Кыргызстан саясий акыбалын оңдоп, сот реформасын ишке ашырмайынча мыкты компаниялардын инвестиция салышы кыйын.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG