Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Кыргызстан-Еврошаркет: 30 жылдык алака


Кыргызстан Европа Биримдиги менен кеңири кызматташтык тууралуу келишимге кол койгону жатат. Бул президент Садыр Жапаров Брюсселге барганда ишке ашмакчы.

Кызматтык миссиясын жыйынтыктап жаткан Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Петер Буриан 3-июнда Бишкекте жергиликтүү журналисттер менен жолукту. Ал Садыр Жапаровдун болочоктогу Брюссель сапары, Бишкек менен аталган уюмдун алака-катышы тууралуу суроолорго жооп берди.

Ага ылайык, Жапаровдун Брюсселдеги сапарында эки тараптуу өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлат. Документте аймактык алака, туруктуу экономика, экология, инвестиция, жана коопсуздукка байланыштуу жагдайлар камтылат.

Петер Буриан
Петер Буриан

“Бул келишим кызматташтыктын деңгээлин арттырат. Документте эки тараптуу саясий мамиле, экомомика тармагы жана адам укуктары камтылган. Биз экономикалык кызматташтыкка басым жасап жатабыз. Ошондой эле Кыргызстандагы сот реформасынын жүрүшүнө да кол кабыш кылабыз”, - деди Петер Буриан.

Садыр Жапаровдун Брюсселдеги сапарынын так датасы азырынча айтыла элек. Петер Буриан чөлкөмдөгү дипломатиялык миссиясы аяктап жатканына байланыштуу шейшембиде президент Жапаров жана өлкөнүн башкы дипломаты Руслан Казакбаев менен да жолуккан. Анда Жапаров эки тараптуу кеңейтилген кызматташтыкты кубаттарын айткан.

"Кыргызстан Евробиримдик менен стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да кеңейтүүгө жана чыңдоого даяр. Ошону менен бирге Садыр Жапаров “Европа Бирлиги — Борбор Азия” алгачкы экономикалык форумун 2021-жылдын октябрь айында Бишкек шаарында өткөрүүнү маанилүү деп эсептейт. Президент ошондой эле Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы макулдашуунун долбоорун даярдоо зарылдыгын белгиледи. 2021-жылдын аягына чейин бул документке кол коюу маселеси приоритеттүү мүнөзгө ээ", деп айтылат президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Кыргызстан менен Евробиримдиктин өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндөгү жаңы макулдашуусу 1999-жылкы келишимди жаңыртып-жаңылап, аны учурдагы шартка ылайыкташы керек.

Жаңы келишимде саясат, демократия, мыйзамдын үстөмдүгү, адам укуктары жана сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарга өзгөчө көңүл бурулган.

Ал эми тышкы саясат жана коопсуздук тармагында аймактагы туруктуулукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алууда биргеликте аракет көрүү дагы келишимде каралган.

Соолгундаган алака

Кыргызстан Еврошаркет менен алакасын эгемендик алган 1991-жылдан тартып баштаган. 1999-жылы кызматташуунун алкагында негизги үч келишим түзүлгөн. Алар саясий диалог, экономикалык мамилелер жана ар кандай тармактардагы кызматташтыкка байланыштуу болгон.

Серепчилер акыркы жылдары Кыргызстан менен Еврошаркеттин мамилеси солгундап кеткенин белгилешет. Саясатчы Равшан Жээнбеков аны бир нече факторлор менен байланыштырды.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

“Евробиримдик менен алака Акаевдин тушунда гана жакшы болгон. Ал киши кандайдыр бир деңгээлде тышкы саясатты жүргүзө алды деп айтсак болот. Анткени ошол кезде президент жана өкмөт башчылар Европа мамлекеттерине жана АКШга расмий иш сапарлары менен көп каттачу. Бул мамлекеттер менен экономикалык, каржылык катнаштар көп болчу. Кийинки жылдары бул иш солгундай түштү. Акыркы 15 жылдан бери биз АКШ жана Европа менен активдүү саясат жүргүзбөй калдык. Анча-мынча каражат алганынбыз болбосо мамилебиз токтоп калды десек да болот. Ал эми азыркы эки тараптуу келишимге кол коюлса алака кайра жанданат. Бирок азыркы кырдаалда мамилебиз өтө активдүү болуп кетпейт. Анын эки себеби бар. Биринчиси, Орусия бизди карап турат. Экинчиси, Европа Кыргызстандагы болуп жаткан акыркы окуяларды жактырбай турат. Ошондуктан алар Кыргызстандагы иштерин убактылуу токтотуп турат”.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылы Брюсселге барып, Кыргызстан демократия, адам укуктары жана сөз эркиндигине басым жасаган өлкө экенин белгилеген. Ошондой эле Евробиримдик маанилүү өнөктөш деп айткан жайы бар. Ал эми Алмазбек Атамбаев өз мөөнөтүндө Брюсселге үч жолу барган. Анын бардык иш сапарында Еврошаркеттин өкүлдөрү Кыргызстандагы парламенттик башкарууга жана эркиндикке артыкчылык берери айтылган.

Азыркы президент Садыр Жапаров болсо, 2010-жылы парламенттик демократияга багыт алган Кыргызстанды кайра толук президенттик башкарууга өткөрдү. Анын бийлигинин тушунда Батыш менен кызматташтык кандай болору белгисиз.

Саясат талдоочу Сейтей Качкынбай буларга Жапаровдун бийлигинен эл үмүт артып жатканына токтолду.

"Жапаров жана анын командасы мурунку бийлик өкүлдөрүндөй деп айтууга болбойт. Азыркы бийликтин өз алдынча саясат жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү болуп жаткандай сезилет. Арасында күчтүү кадрлар бар. Бул сапарда Евробиримдик менен Кыргызстандын алакасын жакшыртып келиши мүмкүн".

Кыргызстан менен Евробиримдиктин соода жүгүртүүсү 2019-жылга карата 1,2 миллиард долларды түзгөн. Евробиримдик 2015-жылы Кыргызстанга "ВСП+"- жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат берген. Бул система алкагында кыргыз ишкерлери 6,5 миңдей аталыштагы товарды Европа өлкөлөрүнө бажы төлөмүсүз экспорттоого мүмкүнчүлүк алган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан "ВСП+" макамын алганга чейин, 2015-жылы шаркеттеги мамлекеттерге 50,4 миллион долларлык товар экспорттоп, 323 миллион доллардын товарын импорттоп келген.

Ал эми 2019-жылы экспорттун көлөмү 898 миллион долларга жетип, импорт 313 миллион доллар болуп калган.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Аскар Бешимов эки тараптуу карым-катнаштын келечегине кызыкты.

Аскар Бешимов
Аскар Бешимов

"Евробиримдик менен Кыргызстандын алакасынын деңгээли көтөрүлөбү же мурункудай эле кала береби? Мына ушуну ойлонушубуз керек. Акыркы алты жылдан бери биз саясат жана экономикалык жактан Кремлдин көзүн карап келе жатабыз. Кыргызстан Евробиримдик менен кызматташуусун Орусия жактырбашы мүмкүн. Садыр Жапаровдун тышкы саясат тууралуу сүйлөгөн сөзүн эске алсак, анда улуттук кызыкчылыкты көздөп бардык тараптар менен мамилебизди түздөйбүз”.

Евробиримдик Кыргызстандагы окуяларды көз жаздымда калтырбайт. Маселен былтыр башаламандык менен коштолгон октябрь окуялары тууралуу камтамачылыгын билдирген. Мындан тышкары ар бир парламенттик жана президенттик шайлоолордун өтүшүнө, ошондой эле адам укуктары, демократия баалуулуктарына байланыштуу билдирүүлөрүн таратат.

Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Петер Буриан 3-июнда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Айбек Жунушалиев менен да эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады.

Ал ортодо баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) өлүмү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, Европа Биримдигине кайрылуу жолдоду. Евробиримдик былтыр абакта каза болгон укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөгө кыргыз бийлигин чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG