Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Евробиримдик Кыргызстанга эшигин ачкан жок


Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен немис канцлери Ангела Меркел, Берлин, 29-июнь 2020-жыл.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен немис канцлери Ангела Меркел, Берлин, 29-июнь 2020-жыл.

Евробиримдик 1-июлдан тарта 15 өлкөгө чек арасын ачты. Бул тизмеге Борбор Азия өлкөлөрү кошулган жок. Постсоветтик чөлкөмдөн Грузиянын жарандары гана Шенген аймагына саякаттоого мүмкүнчүлүк алышты.

Европа кеңеши бир нече күндүк талкуудан кийин өтө зарыл эмес каттамдар жандана турган 15 мамлекеттин тизмесин бекитти.

Эми 1-июлдан тартып Алжир, Австралия, Канада, Грузия, Жапония, Монтенегро, Марокко, Жаңы Зеландия, Руанда, Сербия, Түштүк Корея, Таиланд, Тунис жана Уругвайдын жарандары Шенген аймагына мурдагыдай чектөөсүз саякаттап же бизнес сапар менен бара алышат.

Бул мамлекеттерде коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал салыштырмалуу “коопсуз" деп табылды. Евробиримдик Кытайды да тизмеге кошкону менен бул өлкөнүн жарандары Бээжин европалыктарга чектөөнү алгандан кийин гана шаркеттин аймагына саякаттай алышат.

Уюмга кирген өлкөлөр Европа кеңешинин бул сунушун сөзсүз аткарууга милдеттүү эмес. Андыктан шаркеттин айрым мүчөлөрү тизмедеги кайсы бир өлкөгө кошумча чектөөлөрдү же эрежелерди киргизиши мүмкүн. Маселен, Испания Кытай менен Марокконун бийлигине өзүнчө шарт койду.

“Кытай менен Марокко испан жарандарын кабыл ала баштаганда гана бул өлкөлөргө чек аралар ачылат”, - деп билдирди испан өкмөтүнүн басма сөз өкүлү Мария Монтеро.

Римдин башкы аэропортундагы кызматкерлердин бири, 2020-жылдын май айы.
Римдин башкы аэропортундагы кызматкерлердин бири, 2020-жылдын май айы.

Эң кызыгы Евробиримдик эшигин ачкан мамлекеттердин катарына континенттеги өлкөлөрдүн НАТОдогу башкы өнөктөшү - АКШ кошулбай калды. Мындан тышкары коронавируска байланыштуу кырдаал толук жөнгө салынбаганы үчүн Бразилия, Орусия, Түркия да тизмеге кирген жок. Постсоветтик чөлкөмдөн Грузиянын жарандары гана Шенген аймагына саякаттоого мүмкүнчүлүк алышты.

“Euroactiv” басылмасы Евробиримдик бул тизмени түзүүдө геосаясат менен эпидемиологиялык кырдаалдын ортосундагы чекти табууга аракет кылганын жазды. Аталган сайт айрым европалык мамлекеттер коронавирус адеп башталган Кытайдын жарандарына чек арасын ачып, АКШны обочодо калтырууга каршылыгын билдиргенин да белгиледи.

Коронавирус Италия менен Испанияда күчөй баштаган март айында эле АКШ Шенген аймагынан жүргүнчүлөргө чек койгон. Өткөн аптада Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Европа менен АКШ каттамдарды жандантуу багытында чогуу иш алып барып жатканын айткан.

“Экономикалык ишмердиктин жана каттамдардын ылайыктуу деңгээлин аныктоого байланыштуу өтө татаал маселелер бар. Биз европалык кесиптештер менен туура чечим табуу үчүн чогуу иш алып барып жатабыз”, - деп билдирген Помпео.

Өткөн аптада “Euronews” баштаган бир катар басылмалар Еврошаркет өтө зарыл эмес каттамдарды жанданта турган 50дөн ашуун мамлекеттин баштапкы тизмесин өз булактарына таянып жарыялаган. Ага Борбор Азиядан төрт мамлекет кирип, Кыргызстан гана кошулбай калган. Аны улай Еврокомиссиянын басма сөз кызматы бул акыркы тизме эмес экенин “Азаттыкка” билдирген.

Алматынын аэропорту, 14-май 2020-жыл.
Алматынын аэропорту, 14-май 2020-жыл.

Чынында 30-июнда бекитилген акыркы тизмеге Борбор Азиянын бир дагы мамлекети кирген жок. Евробиримдиктин критерийлерин эске алганда чөлкөмдөгү өлкөлөр, өзгөчө коронавирус күчөп жаткан Казакстан менен Кыргызстандын жарандары жакын арада Европага ээн-эркин саякаттай албачудай.

Евробиримдик сырткы чек аралар ачыла турган мамлекеттердин тизмесин ар эки жума сайын жаңылап турарын билдирүүдө. Ага ылайык, тизмеге жаңы өлкөлөр кошулуп, абал оорлоп кетсе кайсы бир мамлекеттерге кайра чектөө киргизилиши ыктымал. Еврошаркет чечим кабыл алууда үчүнчү өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга, коронавирусту ооздуктоо үчүн көрүлгөн чараларга жана ал мамлекеттин европалыктарга карата чектөөлөрдү алып-албаганына көңүл бурат.

Маселен, Европа менен каттамдарды жандантууну көздөгөн мамлекетте акыркы 14 күн ичинде ар бир 100 миң адамдын ичинен коронавирусту жугузуп алган бейтаптардын саны Евробиримдиктеги орточо көрсөткүчкө жакын же андан ылдый болушу керек. Мындан тышкары COVID-19дун жайылуу деңгээли эки жума мурдагыга караганда төмөн же туруктуу болушу абзел. Ошондой эле калкты тесттен өткөрүү жана коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгондорду аныктоо багытындагы иш-аракеттер канчалык натыйжалуу жүрүп жатканына маани берилет.

Еврошаркет үчүнчү өлкөлөр менен зарыл эмес каттамдарды 17-мартта токтоткон. Андан бери бул чектөө ай сайын узартылып келди. 11-июнда Европа комиссиясы чөлкөмдө коронавирус басаңдап баратканын билдирип, уюмга кирген мамлекеттердин экономикасын, өзгөчө туризм тармагын калыбына келтирүү үчүн 1-июлдан тартып сырткы чек араларды ачууну сунуштаган. Андан бери уюмдун мүчөлөрү каттамдар жандана турган үчүнчү мамлекеттердин тизмесин талкуулап келди.

Европа кеңешинин маалыматына ылайык, 15 мамлекеттин катарына кирбей калган өлкөлөр менен шашылыш же зарыл каттамдар улана берет. Маселен Евробиримдик медиктерге, медицина тармагындагы изилдөөчүлөргө, карыяларды баккан кызматкерлерге, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө, дипломаттарга, аскердик жана гуманитардык кызматкерлерге, транзиттик жүргүнчүлөргө, билим алуучу үчүн келе жаткан студенттерге шаркеттин аймагына кирүүгө уруксат берет. Мындан тышкары шаркетке экономикалык жактан керектүү деп саналган жумушчулар да Евробиримдикке кире алат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG