Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:07

Евробиримдик Борбор Азиядан кол үзбөйт


«Европа Биримдиги - Борбор Азия» форуму, Бишкек. 7-июль, 2019-жыл.
«Европа Биримдиги - Борбор Азия» форуму, Бишкек. 7-июль, 2019-жыл.

Бишкекте «Европа Биримдиги - Борбор Азия» тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өттү.

Жолугушууга Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини жана Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын тышкы иштер министрлери, Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары катышты.

5+1 форматындагы Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу жыл сайын уюштурулуп жүрөт.

Жаңы стратегия жакшы мамилеге өбөлгө түзөбү?

15-жолу өткөн жолугушууда Евробиримдик быйыл 17-июнда кабыл алган Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыктын жаңы стратегиясына өзгөчө көңүл бурулду. Кызматташтыктын жаңы стратегиясы эки максатты көздөй тургандыгы кабарланды. Алар - аймактагы коопсуздук, социалдык экономикалык абалды жакшыртууга арналган туруктуулук үчүн өнөктөштүк жана Борбор Азиядагы ачык инвестициялык климатты түзүү, реформаларды камтыган өнүгүү үчүн өнөктөштүк деп аталат.

Муну жолугушуудан соң журналисттерге билдирүү жасаган Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ырастап, кеңири сөз болгонун айтты:

Чыңгыз Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков.

«Жолугушуунун жүрүшүндө биз Евробиримдиктин жаңы стратегиясынын алкагындагы негизги багыттарды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттерди талкууладык. Алар: мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, демократияны алга сүрөө жана адам укуктарын сактоо, коопсуздук, жаратылыш жана климаттын өзгөрүшү, суу ресурстарын башкаруу, жеке секторду өнүктүрүш үчүн ар тараптуу жардам көрсөтүү, сооданы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу, экономикага санариптик технологияны киргизүү, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү энергетика, билим берүү, жаштар маселелери».

Бирок министр азырынча стратегиянын алкагында кандай конкреттүү долбоорлор, программалар бар экенин чечмелеген жок.

Адам укуктары жана Азимжан Аскаров маселеси

Евробиримдик үчүн Борбор Азия өлкөлөрүндө экономикалык кызматташтык менен катар бир топ түйшөлткөн маселелер бар. Ал бул чөлкөмдө дээрлик бардык өлкөлөрдө адам укуктары, сөз эркиндиги жаатында кыйынчылыктар бар деп эсептейт.

Федерика Могерининин Бишкектеги сапарынын алдында бир катар эл аралык уюмдар, укук коргоочулар менен жарандык коом өкүлдөрү Борбор Азиядагы сөз эркиндиги жана адам укуктары боюнча маселелерге көңүл бурууга чакырышкан. Атап айтсак, Кыргызстанда түрмөдө отурган укук коргоочу Азимжан Аскаров, Тажикстандагы сөз эркиндигинин абалы, Интернетти блоктоо, Казакстандагы президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акциялары жана алардын камалган катышуучулары тууралуу кеп болгон.

Жолугушуудан кийинки билдирүүдө Евробиримдиктин комиссары Могерини Борбор Азиядагы сөз эркиндигине байланыштуу журналисттердин суроолоруна жооп берди:

Федерика Могерини.
Федерика Могерини.

«Ар бир өлкөдө жагдай ар башка. Мен эч кандай баа бере албайм. Ал биздин ишмердикке кирбейт. Биздин ролубуз - жакшы өзгөрүүлөргө өбөлгө түзүү жана аларды ишке ашырууга колдоо көрсөтүү. Ал эми жеке адамдардын укуктарынын системалуу түрдө бузулушуна келгенде биз бул багытта ишти өзгөртүү зарылдыгын көрүп турабыз. Ошол эле маалда андай өзгөрүүлөрдү жасаш үчүн өз колдообузду сунуш кылабыз. Сот эркиндиги жана сөз эркиндиги биздин кызматташтыктын эн маанилүү жана негизги өзөгү бойдон кала берет. Бул эки күндө министрлер менен ушул маселелердин үстүндө иштиктүү кызматташууну талкууладык».

Ал эми Азимжан Аскаров боюнча суроого Могерини: «Бул маселеге байланыштуу бардык суроолор талкууланып жатат. Маселе ачык-айкын жана конструктивдүү пикир алмашуунун негизинде талкууланып жатканын белгилейм», - деп кыска гана жооп берди.

Негизи эле Евробиримдик аймак менен кызматташууда адам укуктары боюнча билдирүүлөрдү жасаганы менен иш жүзүндө жыйынтык жок болуп жатканын айткандар да бар. Мисалы казакстандык укук коргоочу Евгений Жовтис:

Евгений Жовтис.
Евгений Жовтис.

«Биринчи стратегия иштелип чыгып жатканда жана Евробиримдик менен биздин өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу келишимдер даярдалып жатканда биз ал документтерде адам укуктары жана жарандык коом деген өз алдынча компонент болсун деп сунуш кылганбыз. Дал ушунун жыйынтыгы менен кайсы бир жыйынтыкка жетишүүнү каалаганбыз. Ооба, андай компоненттер киргизилди. Алар эки тараптуу кызматташтыкта жарандык коомду эң керектүү катышуучу катары таанышат. Бирок жыйынтыгы азырынча кубангыдай эмес», - деди.

Борбор Азия менен Евробиримдиктин ортосундагы буга чейинки стратегия 2007-жылы кабыл алынган. Бул стратегиянын алкагында Европа Биримдиги Борбор Азия өлкөлөрүнө 2020-жылга чейин 2 миллиард евро өлчөмүндө жардамды ар кыл программалардын алкагында бөлүп берери каралган. Ал эми Кыргызстанга болсо 2014-жылдан тартып бул институт тарабынан 174 миллион евро бөлүнгөнү маалымдалган эле.

Могерини: Саясий маселелер ачык талкууланышы керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:42 0:00

Жалпысынан Евробиримдиктин Борбор Азия өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыгы жалпы чөлкөмдүк масштабда эмес, ар бир өлкө менен эки тараптуу негизде жүрүп келет. Аймакта бул тармакта Казакстан жигердүү иш алып барып, өлкөгө келген түз инвестициянын 50 пайызга жакыны Европа өлкөлөрүнө туура келген.

Ал эми Өзбекстан болсо мурдагы президент Ислам Каримов башкарып турган учурда 2009-жылга чейин санкцияда болсо, эксперттер Шавкат Мирзиёев бийликке келген соң расмий Ташкент Европа Биримдиги менен алаканы жакшыртууга аракет кылып жатканын белгилешет.

Аймакта парламенттик демократия жолун тандап, бул багыттагы абал салыштырмалуу жакшы деп эсептелген Кыргызстан Евробиримдик менен экономикалык байланыштарын жөнгө сала албай жатканы кеп болуп жүрөт. Брюссел Кыргызстанды «ВСП+» - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат бар тогуз өлкөнүн катарына киргизсе да Бишкек бул макамды толук колдоно албай жатканын айткандар бар.

Бул кемчиликти жоюш үчүн кыргыз тарап кийинки жылы Бишкекте европалык ишкерлер менен бирге бизнес форум өткөрүүнү сунуш кылды.

Ошол эле кезде дээрлик бардык Борбор Азия өлкөлөрү тышкы саясатта Орусия менен алакага басым жасап, Кремлдин позициясы менен эсептешет. Ал эми Орусия менен Евробиримдиктин мамилеси 2014-жылдан бери бузулуп, Европа Москвага карата санкцияларын узартып келатат.

Саясий серепчи Эмил Жороев Орусия фактору бар экенин четке какпай, бул маселеде Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидеринен көп нерсе көз каранды экенин белгиледи:

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

«Бул биздин мамлекеттин жетекчилерине байланыштуу. Бизде геосаясат деген бар, чоң саясаттагы кызыкчылыктар бар. Ушулардын көлөкөсүндө менин байкашымча Бишкектин Москвага, Бээжинге карата кылдат саясатынын аркасында Европага толук көңүл бургандан баш тартып келгендейбиз. Менимче антип тартынуунун кереги жок. Биздин негизги өнөктөштөр деле өтө принципиалдуу каршылыгы жок. Каршы болсо да биз эгемен өлкөбүз. Биздин Европа менен катнашыбыз башкаларга эч кандай зыянын тийгизбейт».

Евробиримдикте эч нерсе өзгөрбөйбү?

Могерининин Бишкектеги сапары анын Евробиримдиктин башкы дипломаты катары акыркы сапарларынын бири болгону калды. Мартта Европарламенттин жаңы чакырылышы шайланган соң Евробиримдиктин институттарынын: Еврокеңештин, Еврокомиссиянын, Европарламенттин жетекчилери алмашууга тийиш. Өткөн аптада бул кызматтарга жетекчилер аныкталып, бекитилди.

Жаңы курамдагы Еврокомиссия Борбор Азия өлкөлөрү менен кандай мамиле курат жана кызматташтыкта эмне өзгөрүү болот деген суроо турат.

Буга чейин Евробиримдиктин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү Петер Буриан: «Борбор Азия өлкөлөрү менен тереңдетилген жана кеңейтилген кызматташтык жаатында ырааттуу саясат уланат деп ырастагым келет. Жаңы комиссиянын алдында Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтык стратегиясынын алкагында конкреттүү долбоорлорду иштеп чыгып, аны ишке ашырууга каражат бөлүү милдети турат. Жаңы комиссия бюджетти кабыл алат. Азыртадан эле Еврокомиссия эл аралык кызматташтык долбоорлоруна мурдагыга караганда каражатты 30 пайызга көбөйтөрү белгилүү болду», - деп билдирген эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG