Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Коомдук ишмерлер Бабановдун иши боюнча президентке кайрылды


Өмүрбек Бабанов. 9-август, 2019-жыл. Орусиядан Кыргызстанга кайтып келген учур.
Өмүрбек Бабанов. 9-август, 2019-жыл. Орусиядан Кыргызстанга кайтып келген учур.

Кыргызстанда Апас Жумагулов, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Накен Касиев, Роза Айтматова баштаган коомдук ишмерлер камакта жаткан экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун ишине байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Кайрылууда алар Бабановдун бөгөт чарасын өзгөртүп, тышка чыкпоо тил каты менен камактан бошотууну өтүнүштү. Андан тышкары тергөө, сотту ачык-айкын өткөрүү маанилүү экенин белгилешти.

Өмүрбек Бабанов 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка баргандан кийин кармалган. Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айыпталган мурдагы премьер-министр Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-июлга чейин камалган.

2011-2012-жылы премьер-министр болуп турган Бабанов өзүнө козголгон кылмыш ишин “абсурд” деп атаган. Атайын кызмат ага тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде иш козголгонун билдирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG