Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:01

Айтыш-2021: сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды (видео)


"Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына жана Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата уюштурулган республикалык айтыш.
"Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгына жана Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата уюштурулган республикалык айтыш.

Борбор калаада "Айтыш" коомдук фондунун 20 жылдыгы, Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата республикалык айтыш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Жарышка 12 акын катышкан. Алар: Турат Жумаев, Мамбеттокто Мамбеторозо уулу, Асылбек Маратов, Акматбек Султан уулу, Баян Акматов, Жылдызбек Төрөканов, Амантай Кутманалиев, Кубат Тукешов, Болот Назаров, Азамат Болгонбаев, Идирис Айитбаев, Сапарбек Зулпуев.

Финалга жолдомо алган акындар: Акматбек Султан уулу, Жылдызбек Төрөканов, Идирис Айитбаев жана Кубат Тукешов.
Финалга жолдомо алган акындар: Акматбек Султан уулу, Жылдызбек Төрөканов, Идирис Айитбаев жана Кубат Тукешов.

Биринчи айлампа жыйынтыкталган соң жогорку упай алган төрт акын - Идирис Айитбаев, Акматбек Султан уулу, Жылдызбек Төрөканов жана Кубат Тукешов финалга жолдомо алышты.

Финалда баш байгени Идирис Айитбаев багындырса, 1-орунду Акматбек Султан уулу алды. 2-орунга Жылдызбек Төрөканов татыса, 3-орунга Кубат Тукешов ээ болду.

Байге фонду миллион сомду түзгөн айтышта үчүнчү орунга 50 миң, экинчи орунга 100 миң, биринчи орунга 150 миң, баш байгеге 200 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды.

Айтышка катышкан калган сегиз акын 30 миң сомдон акчалай сыйлык алды.

Тандоо туруна жалпы 48 акын катышкан. (MZh)

Айтыш-2021: баш байгени Идирис Айитбаев алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:05 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG