Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Үч шаардагы кайра шайлоо: үгүт өнөктүгү башталды


11-апрелдеги шайлоо учуру. Бишкек, 2021-жыл.
11-апрелдеги шайлоо учуру. Бишкек, 2021-жыл.

11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өткөнү жатат. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү бүгүн, 21-июнда башталды.

Башкалаада шаардык кеңешке шайлоого 18 партия ат салыша турган болууда.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдиргендей, шайлоого 18 партия катышат. Мурдагы шайлоонун жокко чыгарылышына себепчи болгон талапкерлер кайра шайлоого катышуу үчүн арыз берген жок:

Кайрат Маматов.
Кайрат Маматов.

“Күнөөлүү талапкерлер Бишкекте кайра шайлоого өздөрү эле катышкан жок. Соттун же укук коргоо органдарынын чечими болбогондон кийин биз алардын аттарын атаган жокпуз. Бирок алардын аттары жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылып жүргөндүктөн, шайлоого катышууга арыз беришкен эмес”.


“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзам боюнча шайлоонун жокко чыгарылышына алып келген талапкерлер кайра шайлоого катыша албайт".

Ошентип, Бишкек шаарында 18, Ош шаарында тогуз, Токмок шаарында алты партия кайра күч сынамакчы. Ордо калаада кайра шайлоого катышуу үчүн 18 партиядан 1371 талапкер арыз берди. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы алардын 113үн ар кандай себептер менен каттаган эмес.

20-июнда Ош шаардык шайлоо комиссиясы да шайлоого катыша турган тогуз партиянын 76 талапкерин шайлоодон четтетүү чечимин чыгарды. АШКнын төрагасы Кушубак Ныязбеков чечимдин себебин минтип түшүндүрдү:

«763 талапкер тогуз партиядан катталган. Анын ичинен 76 талапкердин документтери толук болбой жана башка ар кандай себептер менен шайлоодон четтетилди. 76 талапкердин ичинен мурунку шайлоодо мыйзам бузганы үчүн 14 талапкер тизмеден чыгарылды».

Ош шаардык шайлоо комиссиясы бүгүн мурдагы шайлоодо мыйзам бузгандардын аты-жөнүн расмий жарыялай турганын билдирүүдө.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн.

Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактылары аныкталып, 3-майда Токмок, 11-майда Ош, 19-майда Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылган.

Өлкөдөгү үч чоң шаарга кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Шайлоо: БШКга доомат жана талап
please wait

No media source currently available

0:00 1:01:54 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG