Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Шайлоо: күчүн күзгө калтырган партиялар


11-апрелдеги шайлоо учуру. 2021-жыл.
11-апрелдеги шайлоо учуру. 2021-жыл.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоого катышуу үчүн 25 партия документтерин тапшырды. Бишкек шаарында 17, Ош шаарындатогуз, Токмок шаарында алты партия ат салышат.

11-апрелде өткөн шайлоодо жеңишке жеткен айрым партиялар бул жолку саясий жарышка катышуудан баш тартса, айрым партиялар жаңыдан катышууда. Муну күздө өтүүчү парламенттик шайлоого даярдык катары баалагандар да, бийликтин долбоору катары көргөндөр да бар.

Жыйынтыгы жокко чыгарылган 11-апрелде өткөн шайлоодо Бишкек шаарында жеңишке жеткен “Ак Бата” жана Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП), Ош шаарында жеңишке жеткен “Ыйман Нуру”, Токмок шаарында жеңишке жеткен “Республика” партиясы кайра шайлоого катышуу үчүн документ тапшырган жок.

Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо дайындоону эң көп талап кылгандардын бири - “Ак Бата” партиясынын лидери Нариман Түлеев шайлоого катышпай турганын мындай түшүндүрдү:

Нариман Түлеев
Нариман Түлеев

“Биздин негизги максатыбыз мэрди шайлоо болчу. Эл колдойт деген ойдо элек. Шаардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча программабызды ишке ашырууга даяр турганбыз. Эл түшүнгөн жок, жашоо-турмуш кыйын болгондон кийин акча алып, шайлашты. "Караңгы бөлмөдөн кара мышыкты кармайбыз" деп жөн эле убара болбойлу дедик. Анын үстүнө мэрди президент түз дайындаган мыйзам кирип жатыптыр. Күчүбүздү күзгүгө сактайбыз”.

11-арелдеги шайлоодо Кыргызстан элдик-демократиялык партиясын (КЭДП) сүрөөнгө алган Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматов менен “Республика” партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов УКМКнын абагында отурушат.

Бишкектеги шайлоодо босогодон өтө албай калган “Республика” партиясын баштап барган Алтынай Өмүрбекова шайлоого катышпоого бир канча себеп бар экенин айтып, комментарий берген жок.

11-апрелдеги шайлоодо Кыргызстан элдик-демократиялык партиясын (КЭДП) шайлоого баштап барган Илим Карыпбековдун айтуусунда, Бишкектин мурдагы мэри Азиз Суракматовдун камалышы, партиянын кайра шайлоого катышпай калышына таасирин тийгизди.

“Шайлоого катышпай калганыбызга көп себеп болду. Чоң кампанияны ишке ашырыш үчүн көп каражат керек. Айрым добуш ала турган адамдар башка партия менен барабыз, жакшы шарттарды сунуштап жатат деп кетишти. Анан албетте, Азиз Суракматовдун камалышы дагы таасир этти. Ал штаб башчыбыз болгон, тилекке каршы Суракматовдой шаарды жакшы билген, ишти мыкты уюштура ала турган адамды таба алган жокпуз. Болгон күч-аракетти Жогорку Кеңешке шайлоого топтойлу деп чечтик”.

11-апрелде өткөн шайлоодо Ош шаарында босого чегинен өткөн, Бишкек шаарында сегизинчи орунду алган “Ыйман Нуру” партиясы дагы кайра шайлоого катышпайт. Партия лидери Нуржигит Кадырбеков партия каржылык маселеден улам кайра шайлоолорго катышпоо чечимин кабыл алганын айтты:

Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

“Биринчиден, Жогорку Кеңешке даярданалы деп чечтик. Экинчиден, улам-улам шайлоого катыша бергидей бай партия эмеспиз. Аябай таза катышсаң деле бир топ каражат керек экен. Үчүнчүдөн, шайлоонун бузулушуна себепкер болгон партияларды, талапкерлерди катыштырбаш керек эле”.

“Ыйман Нуру” партиясынын шайлоого катышуудан баш тартышына партиянын мурдагы лидери, “Ихлас” курулуш компаниясынын кожоюндарынын бири Айбек Осмоновдун “Биздин Кыргызстан” партиясын Бишкек жана Ош шаарларындагы шайлоого алып чыгышы менен байланыштыргандар бар. Кадырбеков мындай сөздөр орунсуз экенин билдирди.

Бийликтин долбоорубу?

Сөз болуп жаткан “Биздин Кыргызстан” партиясы Бишкек жана Ош шаарларындагы шайлоого катышканы турат. Анын башчысы, ишкер Айбек Осмонов буга чейин “Мекеним Кыргызстан” партиясын негиздеген. 2020-жылы октябрдагы шайлоонун астында “Ыйман Нуру” партиясына лидер болуп, бирок тез эле лидерликти Нуржигит Кадырбековго өткөрүп бергени маалым. Ал “Биздин Кыргызстан” партиясы бийликтин партиясы деген сөздөрдү четке какты:

Айбек Осмонов
Айбек Осмонов

""Мекеним Кыргызстан" партиясын менин негиздегеним чын. Бирок себептер менен ал партиядан кетүү чечимин кабыл алгам, туура эле кылган экем. Андан кийин “Ыйман Нуру” партиясына жетекчи болуп бер деп жаштар сунушташкан. Ал жерден да белгилүү себептер менен кеткем. Азыркы партиянын төрагалыгына дагы жаштар сунуштап, шайлоого барууну чечтим. Бийликчил партия деген калп. Партиянын артында жаштар турат. Бийликчил болсо бийликти жактаган адамдар тизмеде турбайт беле?”.

Жарандык активист Афтандил Жоробеков 11-июлда үч шаарда өтчү кайра шайлоо мурдагыдан айырмаланбайт деп эсептейт. Жоробековдун айтуусунда, бул ирет да бийликтин жана анын жандаган партиялары деген система иштеп жатат:

Афтандил Жоробеков
Афтандил Жоробеков

“Мурдагы эле жол менен кетип баратышат. Бийликтин партиясы анан анын жандооч партиялары бара жатат. Бийликтин партиясы 50% көп добуш ала албайт. Ошондуктан жанына бийликке жакын бизнесмендерден партия түзүлдү. Бизнесмендерди көзөмөлдө кармоо оңой болот. Бир-эки партия шайлоого катышпай калды, бирок алардын талапкерлери бийликтин партияларына өтүп кетиптир. Бийликке жакын партиялар “Ата Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин Кыргызстан”, “Эмгек” партиялары”.

Жоробеков айткан “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын артында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев турары айтылып келет. Ташиев өзү мындай сөздөрдү четке каккан. “Ата Журт Кыргызстан” партиясы 11-апрелде өткөн шайлоодо Бишкек жана Ош шаарларында жеңишке жеткен. Бул жолу үч шаардагы шайлоого тең катышып жаткан жалгыз партия.

Дагы бир бийликтин жандооч партиясы делген “Ынтымак” да Бишкек жана Ош шаарындагы шайлоого катышат. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жетектеген бул партия 11-апрелдеги шайлоодо Бишкекте жана Ошто шайлоо босогосунан өткөн. Бирок бул саясий топту 11-апрелде шайлоого баштап барган, ишкер Айбек Кыштообаев партиядан кеткенин жарыя кылды.

11-апрелде өткөн шайлоодо Бишкек жана Токмок шаарында биринчи орунду алган “Эмгек” партиясы бул жолу дагы эки шаардагы шайлоого катышууда.

Олигарх Аскар Салымбеков негиздеген “Эмгек” партиясын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, кылмыш иши козголгон Жаныбек Абиров баштап бара жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы “Эмгек” партиясынын 11-апрелде өткөн шайлоодогу Токмоктогу жана Бишкектеги жеңишин жокко чыгарган.

Ал кезде күтүүсүздөн жеңишке жеткен “Биздин эл” партиясы шайлоого катышпай турганын билдирген менен, кайрадан башка курам менен шайлоого катышууда.

Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого лидери Жеңиш Молдокматов камакта жаткан "Туран" партиясы дагы катышмакчы. Партиянын теңтөрагасы Тилекмат Күрөңов өздөрүн бийликтин жалгыз келишкис оппозициясы деп мүнөздөдү.

Тилекмат Күрөңов
Тилекмат Күрөңов

""Туран" Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышып жаткан партиялардан жалгыз оппозициялык партия. Биз бийликтин мыйзамсыз кадамдарына, орунсуз кадр саясатына каршыбыз. Дебатты көркүнө чыгарабыз. Биз бир дагы аткаминердин ысымына жамынбаган командабыз".

Мурдагы шайлоодо Бишкек шаарында шайлоо босогосунан өтүү үчүн аз гана добуш жетпей калган “Реформа” партиясы дагы кайра шайлоого катышууну чечти.

Партия лидери Клара Сооронкулова буларды билдирди:

“11-апрелде өткөн шайлоо жараксыз деп табылды. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы өз токтомунда партиялардын атын атап кетсе болмок. Азыр кайрадан катышып жатат, биз укуктук деңгээлде бул маселени көтөрүп, арызданабыз. Сотко чейин жетели деп жатабыз. Бийликке жакын партиялар болгондуктан, кандай чечим чыгат билбейм”.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов 11-апрелдеги шайлоодо мыйзам бузганы сот тарабынан аныкталган талапкерлер каттоого алынбай турганын айтты. Бирок партияны кайра шайлоого катыштырбай коюу мыйзамда каралган эмес.

Абдыжапар Бекматов
Абдыжапар Бекматов

“Мурдагы шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгышына себепкер болгон, сот тарабынан аныкталган талапкерлер шайлоого катышпайт. 20-июлга чейин аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлерди каттоого алат, ошондо эске алынат. Мыйзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында үч шаарда укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик, партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен биргеликте семинар-кеңешмелер өтүп жатат. Ар бир аймактык шайлоо комиссияларынын астында ыкчам чара көрүү боюнча жумушчу топтору түзүлүп, иштеп жатат”.

Быйыл 11-апрелде Кыргызстандын бир катар шаардык жана жергиликтүү кеңештерине шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс чырынан улам Бишкек, Ош, Токмок шаарларындагы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Бишкек шаардык кеңешине 17 партия ат салышууда. Алар: “Ата Журт Кыргызстан”, “Эмгек”, “Туран”, “Келечек-Будущее” “Реформа”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Биздин Кыргызстан”, “Биздин Эл”, “Столица, “Замандаш” “Ынтымак”, “Күч биримдикте”, “Жаны Мезгил”, Социал-демократтар”, “Ишеним”, “Улуу Журт”, “Жашылдар” партиялары.

Ош шаарында тогуз партия катышууда. Алар: “Ынтымак”, “Улуу Журт”, “Бир бол” ”Биздин Кыргызстан”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата- Журт Кыргызстан”, “Улуттар биримдиги” “Келечек-Будущее”, “Нур”.

Токмок шаарында алты партия катышууда. Алар: “Эл биримдиги”, “Бирге-Вместе”, “Эмгек”, “Патриот ынтымагы”, “Асыл Мурас жаштары”, "Ата Журт Кыргызстан” партиялары. Үч шаарда тең үгүт иштери 20-июнда башталат.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG