Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Кайра шайлоого аттанган эски-жаңы партиялар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин азырынча 16 партия билдирди. Арыз берүү 13-июнда жыйынтыкталат.

Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов "Азаттык" радиосуна үгүт кампаниясынын мөөнөтү кыскарганын билдирди.

"Июлда кайра шайлоо белгиленгени үчүн үгүт убактысы кыскартылган. Үгүт кампаниясы 20 күн, тагыраагы 21-июндан 10-июлга чейин. Партиялар шайлоо жана каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон өткөрүп, тизмесин комиссияга 13-июнга чейин тапшырышы керек. Ал эми кылмыш иши козголгон талапкерлер соттун чечими чыга элек болсо катыша алат".

Добуш берүүнүн жыйынтыгынын жокко чыгышына жеңген партиялар акча таратты деген шек саноо негиз болгон.

9-июнга карата Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу үчүн 15ке жакын партия арыз берген. Булардын арасында 11-апрелде өткөн шайлоого катышкандары да, жаңылары да бар.

Белгилүү ишкер Аскар Салымбеков негиздеген «Эмгек» партиясы буга чейин шайлоодо борбор калаадан эң көп добуш алган.

Партияны шайлоого Бишкек шаардык кеңешинде спикер болуп турган Жаныбек Абиров жетектеп чыккан. Ага жакында эле Башкы прокуратура маяналарга байланыштуу кылмыш ишинде фигурант деп Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") менен иш козгогон.

Жарышта үчүнчү орунда келген КЭДП партиясы кайрадан ат салышууга арыз берди. Партиянын штабын жетектеген экс-мэр Азиз Суракматовго да кылмыш иши козголгон. Ал коррупция жана мыйзамсыз баюуга шек саналып, эки айга камакка алынган.

КЭДПнын тизмесинин сап башында турган Илим Карыпбеков партия кайра шайлоого катышуу тууралуу бир чечимге келе электигин билдирди:

Илим Карыпбеков.
Илим Карыпбеков.

"Партиянын штаб башчысы камакта болгон соң, бул биздин үгүт иштерибизге таасир этет. Андыктан партия жакын арада өз позициясын билдирет. Ал эми партиянын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн камалышында саясий негиз бар экенине ишенгим келбей турат. Бирок бул адамдарга кылмыш иштерин дал ушул шайлоо алдында козгоп жатканы суроо жаратпай койбойт".

Былтыр коронавируска чалдыккандар көбөйгөн учурда ыктыярчы болгон жаштарды курамына кошкон "Биздин Эл" партиясы өткөн шайлоодо 6-орунду ээлеген. Партия бул саам башка курам менен чыга турганы маалым болду.

Буга чейин тизменин башында турган Аскар Алмаз уулу бул жолу ыктыярчылардын шайлоого катышары же катышпасы белгисиз экенин айтты.

"Биз партия менен бир эле шайлоого келишим түзгөнбүз. Өткөн шайлоодо таза жол менен жеңишке жеткенбиз. Бирок эски саясатылардын тирешип, андан биз дагы жабыр тарттык. Талашып-тартышпай эле иштегибиз келген. Акыркы шайлоолор эски саясатчыларга сабак болбогонун көрсөттү".

Апрелдеги шайлоого катышып, бирок босого чектен өтпөй калган “Республика” партиясы да бул жолу шайлоого катышары белгисиз.

Партиянын лидери, саясаттан кеткенин айтып жүргөн Өмүрбек Бабановго Кумтөр ишине байланыштуу кылмыш иши козголуп, өткөн аптада камакка алынган.

Айрым талдоочулардын баамында, көрүнүктүү саясатчыларга козголгон кылмыш иштери алдыдагы шайлоого таасир этет. Бул окуяларды бийликтин саясий атаандаштарын алсыратуу аракети катары баалагандар да бар.

"Чоң-Казат" саясий партиясынын негиздөөчүсү, саясатчы Турат Акимов партия лидерлеринин камалышын басым-кысымга байланыштырды.

"Партиянын башын кармаган, каржылап жаткан адамдар камалып жатса албетте саясий басым болот. Анткени ушулар чечүүчү ролду аткарат. Бизде түз демократия деген жок. Эл талапкерди эмес партияны тандайт, ал эми талапкерди партия башчысы тандайт. Ал эми азыркы шайлоо кайсы мыйзамдын негизинде өтөрү белгисиз. Жаңы Конституция кабыл алган соң, шайлоо мыйзамдарын да ошого ылайыктап өзгөртүшү керек эле".

Президент Садыр Жапаров буга чейин бир нече жолу Кыргызстанда кандай гана шайлоо болбосун таза өтө турганын айткан эле.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков акыркы шайлоолор тазаланууга алып барат деген пикирде.

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

"Алдыдагы шайлоо таза өтөт дегенден алысмын, бирок акыркы иштердин жыйынтыгы тазаланууга алып барат. Укук коргоо органдары эрктүүлүгүн көрсөтүп, кимдин партиясы мыйзам бузууга барса, аны ачык айтышы керек. Болбосо мурда бул президенттин партиясы деп көңүлкош мамиле кылып келген".

Бишкек шаардык кеңешине депутаттар шайланбаганы үчүн борбор калаада транспорт маселеси да чечилбей турат. Өткөн аптада кичи автобустардын айдоочулары үч күн ишке чыккан жок.

Шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев маршруттук кичи автобустун жол кире акысын жогорулатуу боюнча документ коомдук талкууга жакында коюларын билдирген. Ал бул маселе шаардык кеңештин кийинки чакырылышында гана чечилиши мүмкүн экенин айтууда.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо болгон. Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 орунга 25 партиядан 1820 талапкер ат салышып, жети пайыздык босогодон “Эмгек”, “Ак-Бата”, КЭДП (Кыргызстан элдик демократиялык партиясы), “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин Эл” партиялары өткөн.

Бишкектеги добуш берүүнүн жыйынтыгынын жокко чыгышына Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП), “Эмгек” жана “Ак Бата” партиялары шайлоодон четтетилип, алар топтогон добуштар жараксыз болуп чыкканы негиз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG