Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышууга 13 партия арыз берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

7-июнга карата Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышууга 13 саясий партиядан арыз берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан билдирди.

Алар: "Өнүгүү-Прогресс", "Социал демократтар", "Замандаш", "Келечек-Будущее", Ата-Журт Кыргызстан", "Биздин Кыргызстан", "Ынтымак", "Мигранттарынын жана үй куручуларынын агрардык реформа борбору “Жаңы мезгил” саясий партиясы, "Биздин Эл", “Туран“, "Эмгек", "Кыргызстан элдик демократиялык партиясы" жана "Кыргызстандын жашылдар" партиялары.

Шайлоого катышууну каалаган партиялардын арызын кабыл алуу 13-июнда аяктайт. Ага чейин аймактык шайлоо комиссиясынан ыйгарым укуктуу өкүлүн каттап, фондун ачып, курултайларын өткөрүп, тизмелерин тапшырышы керек.

Быйыл 11-апрелдеги Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам жокко чыгарылган.

Кайра шайлоо 11-июлга дайындалды. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG