Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Бишкекте 11 жаштагы кыз изделип жатат


Бишкекте 11 жаштагы Айтурган Садыкова изделүүдө. Ал 6-июнда Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Арзы айылында жоголгон. Үйдөн ошол кыштактагы чоң атасыныкына барам деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Атасы Рустам Момунов учурда кызын Бишкек шаарында издеп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Кыздын жоголгону тууралуу ата-энеси Кочкордогу милицияга кайрылышкан. Күч кызматкерлери Кочкордун автобекетиндеги видеокамералардан кыз Бишкекке карай бараткан маршруткага түшүп кетишкенин аныкташкан.

Айтурган Садыкованы көрүп-билгендер болсо, милицияга же ата-энесинин телефонуна кабар берсе болот: 0706639779, 0778639779. (LzT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG