Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Мамлекеттик бажы кызматын Самат Исабеков жетектейт


Экономика жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Самат Исабеков дайындалды. Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Ал 7-июнда мекеменин жамаатына тааныштырылды.

Расмий маалыматта Исабеков 1996-жылдан бери бажы органдарында, ар кандай ыкчам кызматтарда иштегени айтылат. Кызматты мурда Кадыржан Семетеев жетектеген.

2020-жылы Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик органдарга элдин ишеним деңгээлин аныктаган изилдөөсүндө Бажы кызматы "эң коррупциялашкан мекеме" деп табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG