Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Азамат Болгонбаев Чүй облустук драма театрына директор болду


Төкмө акын Азамат Болгонбаев.

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрына белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаев директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кол койгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев буга чейин "Айтыш" коомдук фондунун жооптуу катчысы, төрагасы, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун (учурда университет) салттык музыка жана фольклор кафедрасынын мугалими, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" тобунун солисти, "Салттуу музыка" коомдук фондунун аткаруучу директору жана КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү кызматтарында эмгектенип келген.

Ал кыргыз-казак айтыш өнөрүндө бир канча ирет байгеге татыган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG