Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

MH17 каттамындагы кыйраган учактын соту башталды


Малайзиялык MH17 учагынын атып тұшүрүлүшү боюнча сот жараяны Нидерландда башталды. 7-июнь, 2021-жыл.
Малайзиялык MH17 учагынын атып тұшүрүлүшү боюнча сот жараяны Нидерландда башталды. 7-июнь, 2021-жыл.

Нидерланддарда 2014-жылы Украинанын үстүнөн атып түшүрүлгөн учакка байланыштуу сот жараянынын соңку баскычы 7-июнда башталды.

Малайзиялык "Боинг" кыйрагандан дээрлик жети жыл өткөндөн соң Нидерланддарда төрт шектүүнүн үстүнөн негизги сот жараяны башталды.

Жараян Амстердамдагы Схипхол аэропортундагы атайын бөлүнгөн аймакта өтүп жатат. Алгач сот окуянын маанилүү жагдайларына токтолот. Ал эми иликтөөнүн жыйынтыктары 8-10-июнь күндөрү өткөн жыйындарында айтылат. Курман болгондордун жакындары үчүн бул сот жараяны абдан маанилүү.

"Бир жагынан биз эмне болгонун, эмне үчүн мындай болгонун, бул үчүн ким жоопкерчилик аларын билгибиз келет. Бирок тескерисинче, сотто айтылган маалыматтардын баары нес кылышы мүмкүн. Эмнеси болсо да бул адилеттүүлүктүн орношуна алып келиши керек",-деген Пит Плоег кырсыкта агасы, жеңеси жана жээнин жоготкон.

Айыптоонун версиясына караганда, малайзиялык авиакаттамга караштуу Boeing 777 учагын Донбасста 2014-жылдын 17-июлунда орусиячыл жикчилдер атып түшүрүшкөн. Курамына Нидерланддар, Австралиянын, Малайзия, Бельгия жана Украинанын өкүлдөрү кирген эл аралык тергөө тобу 2018-жылдын май айында учак Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн №53 Абадан коргонуу бригадасынан алынып келген "Бук" ракеталык комплекси менен атып түшүрүлгөнүн билдирген. Bellingcat эл аралык иликтөө тобу ырастагандай, жабдууну окуя алдында Орусиядан алып келишип, кайра тез эле артка алып кетишкен.

Жыйынтыгында борттогу 298 адамдын бири да аман калган эмес. Амстердамдан Куала-Лумпурга багыт алган учактагылардын 196сы голландиялыктар болгону үчүн сот Нидерланддарда өтүп жатат.

Сотко шектүүлөрдүн бири да катышпайт. Болгону орусиялык Олег Пулатовдун гана адвокаттары барат. Алардын айтымында, Пулатов өзүнө тагылган күнөөлөрдү четке кагууда. Андан башка дагы шектүүлөрдүн арасында Сергей Дубинский, Игорь Гиркин деген орусиялыктар жана Леонид Харченко деген украиналык жаран бар. Прокурорлордун айтымында, анын баары орусиячыл козголоңчулардын арасында башкаруучу кызматтарды ээлеп келишкен.

Кремль MH17 каттамына байланыштуу сот жараянын "театрга" салыштырды. Нидерланддардын өкмөтү учактын атып түшүрүлүшүнө Москваны түздөн-түз күнөөлөп келет. Орусиянын бийлиги бул дооматтарды четке кагып, тескерисинче өз варианттарын сунуштап жүрөт. Алардын ичинде учакты Украинанын аскер күчтөрү атып түшүргөн деген да жоромол бар.

Былтыр октябрда Нидерланддардын прокуратурасы Орусияны тергөө иштерине аралашууга жана күбөлөрдүн артынан түшүүгө аракет кылганы үчүн айыптаган.

"Орусиянын коопсуздук кызматтары MH17 каттамы тууралуу чындыкты билүүгө тоскоолдук кылууга аракет жасап жатышат",- деди прокурор Тийс Бергер. Ал кошумчалагандай, британиялык жана голландиялык бийликтер Орусиянын чалгын кызматынын малайзиялык тергөө кызматтарынын системаларын бузууга катышы бар экенин билдирген.

Кырсык эл аралык резонанс жаратып, Крымды басып алгандан кийин ансыз да начарлап турган Батыш менен Москванын алакасына ого бетер доо кетирди.

Нидерланддарда учак кыйраганда набыт болгондордун элесине арналган эстелик ачылган. Ошондой эле Схипхол аэропортунун жанындагы эскерүү комплексинде маркумдардын урматына бирден дарак отургузулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG