Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 07:43

Токтогазиева: Кайрылуудан майнап чыкса, чоң прецедент жаратат


Сания Токтогазиева

Юрист Сания Токтогазиева Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылып, тажик бийлигинин Кыргызстандын жай тургундарына каршы аракеттерин иликтөөнү өтүндү.

Токтогазиеванын айтымында, жарандык коомдун өкүлдөрү, иликтөөчү журналисттер, жабыркаган адамдардан видео, сүрөттөр жана башка далилдер чогултулган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майда болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алды. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жараат алганы расмий жарыяланган.

- Сания, сиз маалымдама катты кимдин атынан жөнөттүңүз?

- Рим статутунун (Эл аралык кылмыш сотун негиздөө тууралуу документ – ред.) 15-беренесинде жеке адам, адамдардын тобу же уюм эл аралык ыктымал кылмыштар же кылмыш болгон деп шек саналган учурлар тууралуу маалыматты прокурорго жөнөтүүгө укук берет.

Документте көргөзүлгөндөй эле 150дөн ашык жабыркаган адам, юристтер жана бейөкмөт уюмдар болуп чогуу коллективдүү кайрылуу жибердик. Жабыркагандардын тизмесин түзүүгө мага жардам беришкен, алардын макулдугун да сураганбыз. Мен юридикалык жактан маалыматтарды топтоп, жөнөткөм, ошон үчүн кат менин атымдан болду.

Бул абдан татаал процесс. Бир нече жыл кетиши мүмкүн. Бирок биздин юрист катары да, жарандык да позициябыз бар. Кайрылуудан майнап чыгып калса, чоң прецедент жаратат. Анткени эл аралык кылмыш соту бул деген жөнөкөй адамдарды эмес, аскер кызматкерлерин жана жогорку кол башчыларына чейин согуштук жана аскер кылмыштары үчүн эл аралык укуктун алкагында жоопко тартышы мүмкүн.

- Сиз эл аралык укуктук нормаларды жакшы билесиз. Согуш кылмыштары, аскердик кылмыштар үчүн жоопко тартуу керектигин айтып жатасыз. Ушундай олуттуу айып тагуу үчүн кандай далилдерди чогулта алдыңар?

- Далилдерди топтоого же маалыматтарды архивдештирүүгө "Bellingcat" (британиялык иликтөөчү журналисттердин вебсайты - ред.) жардам берди. Андан тышкары Баткенде иштеп жүргөн эксперттер, бейөкмөт уюмдар да көмөктөштү. Жабыркаган адамдар сүрөт, видеолорду жөнөтүп жатты. 75 барактан турган кайрылууга юридикалык анализ, фактылар камтылган. Буга кошуп "Bellingcat" менен бирге чогултулган маалыматтарды тиркеме кылып жөнөттүк. "Google drive" электрондук кампасын ачып, ошол жерге бардык сүрөт, видео, тиркемелерди топтоп, сактап койгонбуз.

- Ошол эле маалда сиз өзүңүз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги, прокуратура кайрылууну жолдоо ишинде эч кандай жардам бербегенин "Фейсбукка" жаздыңыз. Тескерисинче, маалымат берүүдөн баш тартканын айттыңыз. Муну эске алганда кайрылуу катыңыз канчалык негиздүү? Бейөкмөт уюмдар, эксперттер маалымат чогултууга жардам беришиптир. Бирок мындайда маалыматтын көбү ошол расмий органдардан, атайын кызматтардан, армия, милиция өкүлдөрүнөн келип түшөт да?

- Эл аралык кылмыш соту негизделгенде жазасыз калуу учурларын токтотууну максат кылган. Көпчүлүк убакытта мамлекеттик органдар тергөө жүргүзбөйт же тергөө жүргүзөлү деген адамдарга бут тосот. Ошондой учурларда Эл аралык кылмыш сотунун прокурорунда өз демилгеси менен иликтөө баштоо укугу бар. Ал ачык, бейөкмөт уюмдар берген маалыматтарга таянат.

Негиз бар деп эсептесе, биздин мамлекеттик органдардан маалымат алышы мүмкүн. Баткен жаңжалында кандай аскердик кылмыштар жасалган деген суроо туулбай койбойт. Биринчиден, кыйноо жана адамгерчиликсиз мамиле, адамдарды барымтага алуу фактылары болгон.

Карапайым калкка, жарандык объектилерге атайлап кол салуу - шаарларга, айылдарга, турак жайларга, имараттарга, аскердик эмес, корголбогон объектилерге кол салуу дегенди билдирет. Жарандык объектилерди талап-тоноо жагы катталган. Биз аскердик кылмышка жол берилген деп шек саноого негиз түзгөн фактыларды чогултуп жөнөттүк.

Биз болгону канча адам жабыркаганын, канча объект керектен чыкканын, канча иш козголгонун гана сураганбыз. Расмий, мөөр басылган документ керек болчу.

- Сиз жогоруда айткандай Кыргызстандын расмий органдары кандай маалыматтарды берүүдөн баш тарткан?

- “Медиа-полиси” институту, Жарандык демилге коомдук фонду жазуу түрүндө бийликке кайрылышкан. Башында "маалыматтарды аскер прокуратурасы берет" деп айтышты, алар УКМКга шилтеп коюшту. Атайын кызмат мына беребиз деп коюп, үч жума күттүк.

Андан кийин "тергөөчү алмашты" деп айтышты. Жыйынтыгында бул "купуя маалымат" деп бербей коюшту. Биз болгону канча адам жабыркаганын, канча объект керектен чыкканын, канча иш козголгонун гана сураганбыз. Мунун бардыгы маалымат каражаттарында бар. Бизге расмий, мөөр басылган документ керек болчу. Эч кандай экспертиза же башка кагаздарды сураган эмеспиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG