Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:05

Баткен: жаңжалдан кийинки жашоо

"Азаттыктын" кабарчылары жаңжалдан жабыркаган Баткен облусундагы Ак-Сай, Достук айылдарында болуп, элдин жашоосу менен таанышып кайтты.

Бир ай мурдагы чек ара жаңжалында Баткен облусунда 136 жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланган.

Тажикстанда 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону маалымдалган. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы айтылган.

Азырынча көпчүлүк өрттөлгөн үйлөрдүн орду тазаланып, кум-таш түшүрүлүптүр. "Бирдей үлгүдөгү жаңы үйлөр күзгө чейин курулуп бүтөт" деп бийликтегилер берген убадага жабыр тарткандар ишенип турганын айтышты.


XS
SM
MD
LG