Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45
Кыргызстан - Монголия футбол командаларынын беттеши. 7-июнь, 2021-жыл. Осака, Жапония.
Кыргызстан - Монголия футбол командаларынын беттеши. 7-июнь, 2021-жыл. Осака, Жапония.

Крестинин: футболчулар түшүнүксүз жагдайда четтетилди

Бүгүн, 7-июнда Жапониянын Осака шаарында Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча улуттук курама командалары футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарында беттешти. Оюн 0:1 эсебинде монгол футболчуларынын пайдасына аяктады.

Жапониянын Осака шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди.

Беттештин жалгыз голун монголиялык фулболчу Мижиддорж Оюнбаатар киргизди.

Аталган оюн футбол боюнча 2022-жылдагы Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын 2-раундунун алкагында болду.

Коронавирустан улам Кыргызстандын дарбазачылары бул оюнга чыгарылган жок. Жапон өкмөтүнүн ооруга каршы саясатына ылайык, жалпы машыктыруучулар штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотаев, Кутман Кадырбеков жана Валерий Кашуба коронавирус илдетине чалдыкты деп шектелгендердин тизмесине киргендиктен, кыргыз футболчулары дарбазачысыз оюн талаасына чыгууга мажбур болушту. Кыргызстандын футбол биримдиги бул тууралуу маалымат командага оюн башталарга эки саат калганда гана белгилүү болгонун маалымдады. Дарбазачы катары коргоочу Айзар Акматов ойноду.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин оюндун жыйынтыгы тууралуу төмөнкүдөй пикирин билдирди:

"Бүгүнкү оюндарда жеңишке жетишкен Монголия жана Жапония командаларын куттуктайм. Топко көбүрөк ээлик кылып, оюндун дээрлик бардык бөлүгүндө чабуул жасадык. Тилекке каршы, айып аянтында жеткиликтүү агрессия көрсөтүлбөй калды. Ошондуктан жеңилдик",- деди Крестинин.

Ал ошондой эле коронавируска байланыштуу кырдаалды ачыктап берүүсүн өтүнгөн журналисттин суроосуна:

"Бардыгыбыз тапшырган тесттин жыйынтыгы таза болчу. Бирок беш кишини оюнга катыштырышкан жок. Аны силердин уюштуруучулар түшүндүрүп, сырын ачып беришсин. Мен кайдан билем? Бардыгынын тең тести терс чыкты. Бирок оюнга чейин үч дарбазачыны жана эки футболчуну четтетишти. Бул кандай?",- деп собол менен жооп берди.

Бул күнү Кыргызстан - Монголия беттешинен сырткары F тайпасында Жапония менен Тажикстандын курама командалары беттешип, 4:1 эсебинде талаа ээлери жеңишке жетти.

F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада жети оюндан кийин 21 упай топтогон Жапония көч башында. Жети оюнда 10 упай топтогон Тажикстан 2-катарда, алты оюндан кийин жети упай эсебинде бар Кыргызстан 3-орундан жылган жок.

Акыркы оюнда Кыргызстандын курама командасын жеңген Монголия алты упай топтоп, Мьянмага теңелди.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Бир жарым жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

Кыргызстан бөлүнгөн F тайпасындагы оюндардын бардыгы Жапониянын Осака шаарында болот. Кыргыз футболчулары 11-июнда Мьянма, 15-июнда Жапония оюнчулары менен беттешет.

2022-жылы Катарда өтө турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алышат.

Футбол: "Ак шумкарлар" жеңилди

Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Алимардон Шукуров оюн учурунда. Алимордон 19 жашта. Ал курамадагы жаш оюнчулардын бири.
1/13 Кыргызстан курама командасынын оюнчусу Алимардон Шукуров оюн учурунда. Алимордон 19 жашта. Ал курамадагы жаш оюнчулардын бири.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
Кыргызстан менен Монголиянын улуттук курама командалары футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын 2-айлампасында беттешти.
2/13 Кыргызстан менен Монголиянын улуттук курама командалары футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын 2-айлампасында беттешти.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
Беттеш Кыргызстандын аймагында "КТРК Спорт", "Кыргыз Спорт ТВ" телеканалдарында жана Sportrecs интернет платформасында түз эфирде көрсөттү. Күйөрмандар үчүн Бишкектеги "VEFA" жана "ASIA MALL" соода борборлорунда фан-зоналар уюштурулган.
3/13 Беттеш Кыргызстандын аймагында "КТРК Спорт", "Кыргыз Спорт ТВ" телеканалдарында жана Sportrecs интернет платформасында түз эфирде көрсөттү. Күйөрмандар үчүн Бишкектеги "VEFA" жана "ASIA MALL" соода борборлорунда фан-зоналар уюштурулган.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
Чабуулчу Мирлан Мурзаев. Ал бүгүнкү оюнга команданын капитаны катары чыкты. Ал эми Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны, коргоочу Валерий Кичин беттешке катыша алган жок. Себеби, ал 2019-жылы Бишкекте Тажикстан курама командасы менен болгон оюнда алган эки сары кагаздын айынан бир оюнга дисквалификация болгон.
4/13 Чабуулчу Мирлан Мурзаев. Ал бүгүнкү оюнга команданын капитаны катары чыкты. Ал эми Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны, коргоочу Валерий Кичин беттешке катыша алган жок. Себеби, ал 2019-жылы Бишкекте Тажикстан курама командасы менен болгон оюнда алган эки сары кагаздын айынан бир оюнга дисквалификация болгон.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
<p>Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндары 2019-жылы&nbsp;5-сентябрда башталган. 2020-жылы пандемиядан улам оюндар токтотулуп, бир жарым жылдан кийин кайра жанданды.&nbsp;&nbsp;</p>
5/13

Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндары 2019-жылы 5-сентябрда башталган. 2020-жылы пандемиядан улам оюндар токтотулуп, бир жарым жылдан кийин кайра жанданды.  

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
Жапон өкмөтүнүн коронавируска каршы саясатына ылайык, жалпы машыктыруучулар штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотаев, Кутман Кадырбеков жана Валерий Кашуба &quot;вируска чалдыкты&quot; деп шектелгендердин тизмесине киргендиктен, кыргыз футболчулары дарбазачысыз оюн талаасына чыгууга мажбур болгон.
6/13 Жапон өкмөтүнүн коронавируска каршы саясатына ылайык, жалпы машыктыруучулар штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токотаев, Кутман Кадырбеков жана Валерий Кашуба "вируска чалдыкты" деп шектелгендердин тизмесине киргендиктен, кыргыз футболчулары дарбазачысыз оюн талаасына чыгууга мажбур болгон.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
Дарбазачылар оюнга чыкпай калганына байланыштуу буга чейин коргоочу позициясында ойноп жүргөн футболчу Айзар Акматов дарбазаны кайтарды.
7/13 Дарбазачылар оюнга чыкпай калганына байланыштуу буга чейин коргоочу позициясында ойноп жүргөн футболчу Айзар Акматов дарбазаны кайтарды.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
Беттештин 33-мүнөтүндө монгол футболчуларынын пайдасына эсеп ачылды.
8/13 Беттештин 33-мүнөтүндө монгол футболчуларынын пайдасына эсеп ачылды.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
Оюн кыргыз футболчуларынын күйөрмандарын санаага салды.
9/13 Оюн кыргыз футболчуларынын күйөрмандарын санаага салды.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
Падемиядан улам 1,5 жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.
10/13 Падемиядан улам 1,5 жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
Ызаланган күйөрман.
11/13 Ызаланган күйөрман.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада алты оюндан кийин 18 упай топтогон Жапония көч башында. Алты оюнда 10 упай топтогон Тажикстан 2-катарда, алты оюндан кийин жети упай эсебинде бар Кыргызстан 3-орундан жылган жок.
12/13 F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада алты оюндан кийин 18 упай топтогон Жапония көч башында. Алты оюнда 10 упай топтогон Тажикстан 2-катарда, алты оюндан кийин жети упай эсебинде бар Кыргызстан 3-орундан жылган жок.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
Буга чейин Кыргызстан менен Монголия футбол курамалары бир жолу Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун 4-турунда (2019-жылдын 15-октябрында) Улан-Батор шаарында беттешкен. Ал оюнда кыргыз футболчулары 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.
13/13 Буга чейин Кыргызстан менен Монголия футбол курамалары бир жолу Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-раундунун 4-турунда (2019-жылдын 15-октябрында) Улан-Батор шаарында беттешкен. Ал оюнда кыргыз футболчулары 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди. Ушуну менен "Ак шумкарлар" Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында үчүнчү ирет утулду. Буга чейин Кыргызстан өз үйүндө Жапонияга жана Дүйшөмбү шаарында Тажикстанга жеңилип калган.
Артка
Алдыга

Беттеш аяктады. Кыргызстан - Монголия 0:1. Оюндагы голдун автору Оюунбаатар Мижидорж (34-мүнөт). Алдыда кыргыз футболчулары 11-июнда Мьянма, 15-июнда Жапония оюнчулары менен беттешет.

Учурда F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада алты оюндан кийин 18 упай топтогон Жапония көч башында. Алты оюнда 10 упай топтогон Тажикстан 2-катарда, алты оюндан кийин жети упай эсебинде бар Кыргызстан 3-орунда бара жатат. Алты оюндан кийин Мьянма алты упайга ээ болгон. Сегиз оюнда эки жолу жеңишке жеткен Монголияда алты упай бар.

Бир күн мурда Кыргызстандын футбол командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Жапонияда пандемиядан улам машыгууга мүмкүн болбой жатканын билдирип чыккан.

Футбол федерациясынын сайтындагы маалыматка караганда, кыргызстандык футболчулар Бишкектен тест тапшырганда баары таза чыккан. Жапонияда спортчулардын биринен "вирус аныкталды" деген негиз менен жалпы командага машыгууга уруксат берилген эмес:

"Биз болгону бир эле жолу машыктык. Ага да баарынын тест жыйынтыгы жакшы чыкса да, команда толук курамда катыша алган жок. Бир адамдан вирус аныкталды деп бүтүндөй команданы машыгуудан четтетип коюп атышат", - деди Крестинин.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2022-жылы боло турган Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарына катышуу үчүн 2-июнда Жапониянын Осака шаарына жөнөп кеткен.

Бүгүнкү Монголия курама командасы менен болгон беттештен сырткары кыргыз футболчулары 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Жапония оюнчулары менен ойнойт.

Беттеш Кыргызстандын аймагында КТРК Спорт, Кыргыз Спорт ТВ телеканалдарында жана Sportrecs интернет платформасында түз эфирде көрсөтүлүп жатат. Күйөрмандар үчүн Бишкектеги «VEFA» жана «ASIA MALL» соода борборлорунда фан-зоналар уюштурулган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG