Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Коронавирус Кыргызстанда 107 медкызматкердин өмүрүн алды


Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында тартылган сүрөт.
Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасында тартылган сүрөт.

Коронавирус Кыргызстанда 107 медицина кызматкеринин өмүрүн алды. Илдет аларга иш учурунда жуккан. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен 8-июнда "Азаттыкка" билдиришти.

Өлкөдө COVID-19 илдети 2020-жылдын мартында аныкталып, андан бери 107 миңден ашуун адам ооруга чалдыкты. Алардын беш миңдейи медиктер.

Расмий эсепте жалпы ооругандардын 1900гө жакыны каза болду.

Кыргызстандын Министрлер кабинети өлкөдө коронавирус илдетинен каза болгон медицина кызматкерлерине Бишкек шаарында эстелик тургузууну көздөп жатат.

Кыргыз бийлиги буга чейин коронавирустан өлгөн медкызматкердин үй-бүлөсүнө миллион сомдон, жуктуруп алгандарга 200 миң сомдон кенемте төлөө тууралуу жобо чыгарган. Кийинчерээк ал өзгөртүлүп, өлгөндөргө 2 миллион 800 миң, жуктуруп алгандарга 75 миң сомдон төлөнмөй болгон. Ушул күнгө чейин көз жумгандардын отуздан көбүнүн туугандарына, ооруга чалдыккандардын 1500дөн ашуунуна кенемте берилди. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG