Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

COVID-19: маркум медкызматкерлерге эстелик коюлат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинети өлкөдө коронавирус илдетинен курман болгон медицина кызматкерлерине эстелик тургузууну көздөп жатат.

Улуттук илимдер академиясы ушундай демилге көтөрүп, медицина илимдеринин доктору, профессор Рахатбек Оморов скульптуранын макетин сунуш кылды. Анда COVID-19 илдети менен күрөшүп жаткан дарыгерлердин образы чагылдырылат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Жылдыз Бакашова 7-июнда кеңешме өткөрүп, эстелик орнотула турган жерди аныктоону Бишкек мэриясына, уюштуруу иштерин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине тапшырды.

2020-жылдын мартынан бери Кыргызстанда бул илдеттен 1852 киши каза болду, анын 100дөн ашыгы медицина кызматкерлери.

Өлкөдө COVID-19 илдети жуктуруп алганы расмий аныкталган 107 335 кишинин беш миңге жакыны медиктер.(MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG