Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Мухаммедкалый Абылгазиев ооруканага түштү

Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп турган кези. 2019-жыл.
Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт башчы болуп турган кези. 2019-жыл.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ооруканага түштү.

Ал учурда Бишкектеги "Бикард" жеке менчик бейтапканасында дарыланууда. Аталган медициналык мекемеден кабарлашкандай, Абылгазиев жүрөк -кан тамыр ооруларын дарылап жатат.

УКМК бул маалыматка комментарий бере элек.

Абылгазиев 26-январда кармалган. Ал коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шек саналууда. Майдын соңунда сот аны камактагы мөөнөтүн 26-июлга чейин узарткан.

Буга чейин жемкорлукка жана мыйзамсыз баюуга шек саналган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимов жана парламент депутаты Кубанычбек Жумалиев да "Бикард" ооруканасында дарыланып чыгышкан. (SE)

​
XS
SM
MD
LG