Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Коронавирустан бир күндө жети киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку бир суткада COVID-19 илдетинен жети киши каза болду. 379 адамдан жаңы аныкталды. Мындай маалыматты саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев Коронавируска каршы ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Каза болгондордун бардыгы Бишкек шаарында катталды. Муну менен өлкөдө вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1859 адамга жетти.

5-июнга карата соңку бир күн ичинде COVID-19дан 311 адам сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча коронавирусту 107 714 киши жугузду. Анын 101 033ү сакайды.

Өлкөдө 2021-жылдын мартында Кытайдын "Sinopharm", Орусиянын "Sputnik V" вакциналары менен эмдөө башталган. Майдын соңунда кытай препаратынын биринчи дозасы түгөнгөн.

Ушул күнгө чейин 80 миңден ашык киши эмделди.

Кыргызстан Дүйнөлүк банк берген 20 миллион доллардын 17 миллионуна 1 миллион доза вакцина сатып алары күтүлүүдө. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG