Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Пакистан: темир жол кырсыгынын курмандыктары 40тан ашты


Пакистан. 7-июнь, 2021-жыл.
Пакистан. 7-июнь, 2021-жыл.

Пакистандагы поезд кырсыгынан набыт болгондордун саны 40тан ашты. Ондогон адамдар жаракат алышты. 7-июнда эртең менен болгон кырсык Синд провинциясындагы Дахарки шаарына жакын жерде болгон.

Карачиден Саргодхага бара жаткан жүргүнчү поезд рельстен чыгып кетип, каршы багытта келе жаткан поезд менен кагышкан.

Окуя алыскы аймакта орун алгандыктан куткаруу операциясы кыйынчылык менен коштолууда. Ага катышып жаткан полиция кызматкерлери айрым адамдардын сөөгүн алып чыгуу кыйын болуп жатканын билдиришти.

Өлкөнүн премьер-министри Имран Хан кырсыктын себептерин аныктоо үчүн терең иликтөө жүргүзүлөрүн убада кылды.

Түштүк Азиядагы калкы көп Пакистанда акыркы жылдары темир жол кырсыктары көп катталууда. Поезд популярдуу транспорттун түрү болгону менен көпчүлүгүнүн эскилиги жеткени айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG