Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Парламент комитети Инанды боюнча ишти жетишсиз деп тапты


Орхан Инанды
Орхан Инанды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети "Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын дайынсыз жоголушуна байланыштуу күч түзүмдөрүнүн ишин жетишсиз деп тапты. Министрлер кабинетине алардын жоопкерчилигин кароо тууралуу кат жолдоду.

Комитеттин чечими менен Орхан Инандынын жоголушу боюнча маселе Жогорку Кеңештин 9-июндагы жалпы жыйынында каралат.

Эл аралык комитет Тышкы иштер министрлигине Түркиянын басма сөзүнө чыгып жаткан маалыматтарга жооп берүүнү, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматына Орхан Инандыны издөөгө күчөтүлгөн режимде көмөктөшүүнү тапшырды.

Комитет жыйынында ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков Инандынын ишине байланыштуу Жазык кодексинин 170-беренеси (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

“Башында “дайынсыз жоголуу” фактысы менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаганбыз. Кийин материалдарды топтоп, бул жерде адам уурдоо фактысы бар экенин аныктадык. Азыр иш абдан көп. Тергөө жүрүп жаткандыктан, иштин жагдайларын айта албайбыз”, - деди Өмүрзаков.

Орхан Инанды 31-майдан бери дайынсыз болууда. Анын эшиги ачык калган машинеси 1-июнда таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров аны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Кыргызстанда 20га жакын "Сапат" жеке лицейинин, эл аралык "Ала-Тоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, Бишкекте иштеп, Кыргызстандын жарандыгын алган. (МТа)

XS
SM
MD
LG