Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Освенцимди бошотууга катышкан советтик аскер дүйнө салды


Давид Душман.
Давид Душман.

Германияда Освенцим концлагерин бошотуу операциясына катышкан советтик аскер Давид Душман 98 жашында дүйнө салды. Ал экинчи дүйнөлүк согуш маалында Кызыл армиянын катарында кызмат өтөгөн. Сталинград жана Курск салгылаштарына катышып, үч жолу жараат алган. Маркум сөз болуп жаткан операцияга катышкан советтик жоокерлердин акыркы көзү тирүүсү эле.

1945-жылы 27-январда 21 жаштагы Душман башкарган танк Освенцимди курчаган электр тосмону бузуп кирген.

Согуштан кийин Давид Душман фехтования боюнча СССРдин чемпиону болгон. Кийин Советтер союзунун фехтования боюнча аялдар курама командасынын машыктыруучусу болуп иштеген.

Давид Душман соңку жылдары Мюнхенде жашады. Бул шаардагы ооруканалардын биринде 5-июнда каза болду.

Нацисттер Польшаны оккупациялап турган кезде Освенцим-Биркенау лагеринде 1 миллион киши кырылган жана алардын көпчүлүк бөлүгүн жөөттөр түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG