Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Сот реформасы: убада менен убара


Президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны. 7-июнь, 2021-жыл.

Кыргызстанда сот бийлигинин ишин жөнгө салган жаңы мыйзам долбоорлору коомдук талкууда турат. Бийлик жакынкы күндөрү документтерди Жогорку Кеңешке жөнөтөт.

Президенттин жарлыгы менен түзүлгөн Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйыны 7-июнда өттү. Анда эки маселе - сот бийлигинин ишине байланыштуу мыйзам долбоорлору жана сунушталып жаткан жаңы кодекстер каралды.

Отурумда бул документтерге байланыштуу узун баяндамалар жасалды, бирок талкуу болгон жок.

Президент Садыр Жапаров анда өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулук жана мыйзамдуулук соттордун, укук коргоо кызматкерлеринин ишинен көз каранды экенин белгиледи.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Андыктан, судьялар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери кесипкөйлүктүн төмөндүгүн жана бир жактуулукту көрсөтүп, мыйзамдуулуктун принциптерин бузса, конкреттүү бир судья, же кызматкер гана уят болбостон, жалпы мамлекеттин беделине шек келет, мамлекетке болгон ишеничке коркунуч жаралат. Канчалык ачуу болсо да, калк тарабынан айтылган бир чындыкты тайманбай моюнга алышыбыз керек: өлкөдө сот реформасы жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, сот жана укук коргоо системалары өздөрүнүн негизги функциясын — бузулган укуктарды коргоо жана калыбына келтирүү ишин жетиштүү жана натыйжалуу деңгээлде аткара албай жатат! Коомдо ушундай пикирдин үстөмдүгү сакталып жаткандыгын эскерте кетейин”,-деди Жапаров.

Жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн сот бийлигине байланыштуу “Судьялардын статусу жөнүндө”, “Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө”, “Конституциялык сот жөнүндө”, “Жогорку сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө” жана “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” беш мыйзам долбоору коомдук талкууда турат.

Документтер коомдук талкуудан кийин президенттин демилгеси катары Жогорку Кеңешке сунушталат. Анда сот тутумунун ишмердиги, судьяларды кызматка алуу-бошотуу, алардын жүрүм-туруму, ыйгарым укуктары тууралуу жол-жоболор жазылган.

Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин мүчөсү, Жогорку соттун судьясы Замирбек Базарбеков сунушталган айрым өзгөртүүлөргө токтолду.

“Конституциялык мыйзам соттордун, сот бийлигинин органдарынын ишин жакшыртууга жана оптималдаштырууга, финансылык каражатты жана материалдык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга багытталган. Бул мыйзам долбоорлорун кабыл алуу сот бийлигинин ишинин сапатын, ыкчамдуулугун жогорулатууга, ошондой эле финансылык иш-чараларды жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүк берет деп ойлойм”.

Замирбек Базарбековдун сөзүнө караганда, “Жогорку сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө” негизги мыйзамдардын бири 2003-жылы кабыл алынган. Ага 2020-жылга чейин 13 жолу өзгөртүү киргизилген.

Быйыл 5-майда күчүнө кирген Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык палата жоюлуп, Конституциялык сот түзүлдү. Конституциялык сот кабыл алынып жаткан чечимдердин Баш мыйзамга дал келер-келбесин карап, президентке импичмент жарыялоо тартиби сакталгандыгы тууралуу корутунду берет.

2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин Конституциялык соттун ишмердиги токтотулуп, ошол эле жылдын июнь айында Жогорку соттун Конституциялык палатасы түзүлгөн.

Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин мүчөсү, "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова отурумда Кыргызстанда реформа жасоо убадалары аткарылган иштерден айырмаланып келгенин эскертти.

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

“Кыргызстандын тарыхында ар бир келген администрация мыйзам жазып, реформа баштайт. Көп учурда алар мыйзамдарды өздөрүнө жана белгилүү бир саясий топ үчүн ылайыкташтырып алышат. Бирок бийлик деген түбөлүк эмес. Качан бийлик алмашканда саясий элита ошол мыйзамдардын биринчи курмандыгы болот. Ошондуктан мыйзамдарды иштеп чыкканда, аларды кабыл алууда өлкөнүн ар бир жаранын сүйүп, көз карашыбызды өзгөртсөк. Анан “бийлик колдон чыккандан кийин эмне болот?” деп ойлонсок. Мурдагы саясий элитанын бир топ өкүлдөрү азыр "Адилет" укуктук клиникасынын кардарлары. Мен кардарлардын көбөйүшүн каалабайт элем”.

Кыргызстанда кайсы гана бийлик келбесин соттук реформаны артыкчылыктуу багыт катары аныктап, сот тутумун жакшыртуу үчүн ар кандай жумушчу топ, кеңешмелерди түзүү адат болуп калган. Бардык президенттер бул тармакты реформа кылууга саясий эрки жетерин, каражат бөлүнөрүн айтып кат-кат убадаларды берет.

Сот бийлигинин иши талкууланган отурум Садыр Жапаров президент катары ишке киришкенден бери дээрлик бардык бийлик бутактарынын жетекчилери катышкан биринчи чоң жыйын болуп калды.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова Жазык, Жазык-процессуалдык, Тартип бузуу жөнүндө жана Жазык-аткаруу кодекстеринин жаңы долбоорлору, сот бийлигине байланыштуу документтер шашылыш даярдалды деген ойдо. Ал мындай окуялар буга чейин да болгонун, анын айынан мыйзамдарды кайра оңдоого туура келерин айтып сынга алды.

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

“Мындай реформалар бир-эки айда жасалбайт. Биринчи ар тараптуу үзгүлтүксүз изилдөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин гана реформанын стратегиясы түзүлөт. Бизде болсо реформанын жыйынтыгы эмнеге алып келет, максаты кандай талкууланбай төрт-беш айда топторду түзө калып эле иш баштап жиберишет. Формалдуу гана талкуулар өткөрүлбөсө ачык-айкын талкууларды көргөн жокпуз. Ошондуктан азыркы бийлик баштаган реформанын буга чейинкилерден айырмасы деле жок. Ар бир бийлик өз бийлигин күчтөгөнгө аракет кылат. Ал эми адам укугун коргоонун аракетин көргөн жокпуз. Мыйзамга башканы жазат иш жүзүндө такыр тескери”.

Президент болсо сот жана укук коргоо органдарынын ишин жакшыртыш үчүн Кыргызстан колдоо көрсөткөн эл аралык уюмдардагы өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экенин айтып жатат. Ал 7-июндагы жыйындын соңунда иш бөлмөсүнө мас болуп кире албай жаткан Чүй облустук сотунун төрагасы Дамирбек Оңолбековдун видеосун көрсөттү.

“Биз көптөн бери мыйзамдарды иштеп чыгып, реформаларды жүргүзөлү, сот системасына мыйзамдуулукту, адилеттүүлүктү орнотолу деп жатабыз. Бирок соттор өзүлөрү оңолбосо, мыйзамдардарды алтын тамгалар менен жазып койсок да реформаны мындай соттор менен аягына чыгара албайбыз. Мына бүтүндөй бир облустун сотторунун төрөгасы күндө арак ичип мас экен. Күнүгө кабинетине ушундай кирет экен. Урматтуу жогорку соттун төрайымы, тазаланыңыздар. Бул адамды тезинен чакырып, соттук кеңешке салыңыз”, - деди Жапаров.

Судьялар кеңеши ушул эле күнү президентке Дамирбек Оңолбековдун судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, кызматтан бошотуу сунушун берди. Оңолбеков 24.kg сайтына комментарий берип, бул окуя 2020-жылы июль айында жумуш эмес күнү болгонун айтып, “күн сайын мас болуп келет” деген айыпты четке какты.

Иштеп жаткан Конституцияга ылайык, президенттин бул жааттагы ыйгарым укугу бир топ кеңейген. Президент Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуштайт.

Андан сырткары Судьялар кеңешинин сунушу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларын кызмат ордунан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуш берет. Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин сунушу менен жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт. Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын беш жылдык мөөнөткө дайындайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG