Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Казакстан Орусияга каяша айтты


ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары

Казакстандын бийлиги Орусиянын Батыштын санкцияларына каршы биргеликте жооп кайтаруу планын четке какты. Расмий Нур-Султан Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) экономикалык гана уюм экенин эске салып, аны саясатташтырбоого чакырды.

Казакстан Батыштын Орусияга каршы санкцияларына "Евразия экономикалык биримдиги биргелишип жооп кайтарат" деген Кремлдин билдирүүсүн төгүндөдү. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин 5-июнда тараткан билдирүүсүндө айтылат. Анда ЕАЭБ экономикалык максаттагы уюм экенин эске салып, аны саясатташтырбоого чакырган.

Батыштын санкцияларына ЕАЭБдин алкагында биргеликте жооп кайтаруу тууралуу Орусиянын тышкы иштер министрин орун басары Александр Панкин айтып чыккан. Ал 3-июнда Петербург эл аралык экономикалык форумунда сүйлөп жатып, "ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө үчүнчү тараптын достукка жатпаган санкциялык аракеттерине жооп чаралар күн тартипке коюлган, ал каралууда жана дагы каралат",- деп маалымдаган.

Панкин бул саясий сезимтал маселе болгондуктан ачык талкууланбай турганын эскерткен.

Орусиянын маселени жабык кароо каалоосуна карабай расмий Нур-Султан бул теманы ачыкка чыгарды. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги соңку билдирүүсүндө ЕАЭБди саясатташтырууга каршы экенин жарыялады.

"Санкцияларга бирге жооп кайтаруу, экономикалык басым чаралары же чет өлкөлөр менен алакага басым көрсөтүүнүн түрлөрү ЕАЭБдин күн тартибинде жок. Бул Казакстандын принципиалдуу жана туруктуу позициясы болуп саналат", деп жазылган билдирүүдө.

Орусиянын Батышка карата өз экономикалык өнөктөштөрү менен бирге жооп кайтаруу демилгеси Москванын Европа жана АКШ менен мамилеси абдан начарлаган учурга туш келди.

Буга чейин Кошмо Штаттары жана Европа Биримдиги Орусияга карата Крымды аннексиялап алышы, Украианын чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөткөнү жана оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын ууландырып, камакка алынышына байланыштуу бир нече санкция киргизген.

Мындан тышкары Батыш өлкөлөрү Беларустагы саясий окуялардан улам Александр Лукашенко баш болгон бийликке санкцияларды жарыялаган.

Эки апта мурун "Ryanair" компаниясына таандык учакты күч менен кондуруп, андагы оппозициячыл журналист Роман Протасевичти камакка алгандан кийин Батыш Минкске жаңы санцияларды киргизүүдө.

Досым Сатпаев
Досым Сатпаев

Казакстандык эксперт Досым Сатпаев дал ушундай кырдаалда Нур-Султан бөтөн экономикалык согушка кийлигишпей, өз убагында жооп кайтарганын белгилейт:

“Казакстандын улуттук экономикалык кызыкчылыктары бар. Ал эми Орусияныкы өз саясаты бар. Ошондуктан, биз максаттарыбызды бир ыраатка келтирип, макулдашууга кереги деле жок. Ал таптакыр эки ача да чыгышы мүмкүн. Буга байланыштуу Нур-Султан көп векторлуу экономикалык саясатын колдоп, аны алга сүрөөгө аракет кылышы керек".

Азырынча Казакстандан башка ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Кремлдин соңку сунушу тууралуу комментарий бербей турат. Уюмга мүчө мамлекеттердин ичинен соңку саясий окуялардан улам Батыштын санкцияларына кабылган Беларус Москванын билдирүүсүн толугу менен колдошу мүмкүн.

Ал эми Бишкек менен Еревандын позициясы беймаалым. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен парламентаризмге өтүүгө аракет кылып, бирок ички жана тышкы факторлордон улам Орусия менен жакын мамиле курууга аргасыз болгон бул эки мамлекет Москванын пикири менен эсептешүүгө аргасыз болуп келет.

Абдывахап Нурбаев
Абдывахап Нурбаев

Кыргызстандын парламентинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрага орун басары, депутат Абдывахап Нурбаев Нур-Султандын соңку билдирүүсүн туура экенин айтып, Кыргызстан да ушундай позицияны карманышы керектигин айтууда:

"Орусиянын башка өнөктөр менен бул маселени талкуулабай туруп эле айтканы туура эмес. Мындай маселе абдан катуу талкууланышы керек. Экинчиден, Кыргызстан бул ишке аралашканы туура эмес болот. Биз өз кызыкчылыбызды карап, позицияда турушубуз керек".

ЕАЭБге Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Беларус жана Армения мүчө. Ал алгач бирдиктүү бажы биримдиги катары түзүлүп, кийин экономикалык уюмга айланган. Мүчө өлкөлөр жалпы бажы аймагын түзүүгө гана багытталган экономикалык максатты гана көздөгөн уюм катары сыпаттаганы менен адистер Орусиянын жетекчилиги саясатка айлантканын белгилешет.

ЕАЭБге байланыштуу нааразылыктар буга чейин деле айтылып келген. Айрыкча, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда чек араларда көйгөй жаралганда эч бир чара көрбөгөнүнө сынга кабылган. Маселен, 2017-жылдын соңунда Казакстан чек арасынан Кыргызстандын жүк ташуучу унааларын өткөрбөй койгон учурда бул көйгөй талкууланган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG