Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 05:53

"Кара тизмеге" кирген мигранттардын убайымы


Иллюстрациялык сүрөт.

«Кара тизмеге» илинип, Орусияга кире албай жаткан мигранттар кыргыз бийлигине кайрылып, маселени чечип берүүнү өтүнүп жатышат. Алар айып пул төлөнгөн административдик эреже бузуулар үчүн деле жазага тартылып калганын айтышууда.

Бир канча жылдан бери Орусияга барып-келип иштеп жүргөн Сапарбай Абдылдаев апрелде Оштон Москвага учуп барып, «Домодедово» аэропортунан кайтып келген. Ал Орусияга кирүүгө тыюу салынганын ошол жерден билген:

"Мени «кара тизмеге» 2019-жылы эле киргизип коюшуптур. Аны билбей эле 2020-жылы декабрда Кыргызстанга паспортумду жаңыртуу үчүн келгем. Москвада айдоочу болуп иштегем. Административдик мыйзам бузуулар болгон, айып пул төлөгөм, чектерим да бар. Айып пул төлөсөң деле «мыйзам бузуу» катары «кара тизмеге» негиз боло берет экен. Ошондой деп түшүндүрүштү. Канча жылга Орусияга кирүүгө тыюу салынганы, кандай негизде экени түшүнүксүз бойдон калды".

Дагы бир маектешибиз Замирбек Асанов үч жылга чейин Орусияга кире албайт. Ал дагы Москвада айдоочу болуп иштегенин, жолдогу эреже бузуулар үчүн айып пулдарды өз маалында төлөгөнүн айтууда. Бир жылдан бери Кыргызстанда жумушсуз жүргөн ал он миңдеген кыргызстандыктар ушундай абалга туш болгонун белгилеп, кыргыз бийлигин көйгөйдү чечүүгө чакырууда.

"Москвадан текшерттим. Мага 2023-жылга чейин кирүүгө тыюу салыныптыр. Ушул маселени бийлик карап койсо, жакшы болмок. Мунапыс сурап беришсин. Садыр Жапаров февралда Москвага барганда дал ушул маселени чечүүгө убада берген эле. Орусияга ишке кетиш керек, бул жакта жумуш жок. Азыр үч-төрт таанышым мага окшоп бушайман. Орусияга кайра кире албай отурабыз".

Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Административдик эреже бузуу жана миграциялык талаптарды сактабаганы үчүн 43 780 кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

«Кара тизме» бир нече категориядан турат. Айталы, оор кылмыштар жана олуттуу мыйзам бузууларга айыпталган чет өлкөлүктөргө Орусияга кирүүгө биротоло тыюу салынат. Административдик мыйзам бузгандардын көбү 3-5 жылга чейин өлкөгө кире алышпайт.

Азамат Адылгазиев
Азамат Адылгазиев

Москвадагы «Нарын» коомунун төрагасы Азамат Адылгазиев «кара тизмедеги» кыргызстандыктардын көбү эки административдик эреже бузуу үчүн чектөөгө кабылганын, алар айып пулду төлөгөндө деле кош жазага тартылып жатканын белгиледи:

"Мындай эки айып пул үчүн «кара тизмеге» кирип калгандар аябай көп. Алардын көбү Кыргызстанда, паспортун алмаштырып, ар кандай амалдарга барып жатышат. Дагы бир бөлүгү Москвада, четке чыккандан коркуп жүрөт. Кээ бирлери билишпейт деле. Орусияга билет алып учуп келгенде чек арадан же полиция кармаганда эле түшүнүп жатышат. Андайлар 20-30 миңдеп саналат".

Апрелдин башында орус бийлиги Орусияда 115 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграциялык эрежени сактабай жүргөнүн эскерткен. 15-июндан тарта буларга каршы тиешелүү жазалар ишке кирери айтылган.

Адылгазиев бул күндөрү Орусиянын ИИМнин веб-cайтынан өздөрүн текшерген ар бир үчүнчү-төртүнчү жаран «кара тизмеге» илингени билинип жатканын маалымдады. Ал кыргыз бийлиги орус тарап менен сүйлөшүү жүргүзүп, мигранттардын массалык депортациясын алдын алса болмок деген ойдо:

"Эгерде кыргызстандыктарга эки административдик мыйзам бузуу үчүн жазаны жойсо, «кара тизмедегилердин» саны дээрлик 90% чейин кыскарат. Атамбаев Медведев менен айдоочулук күбөлүктү макулдашкандай эле, орус тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек. Бул Бажы жана Евразия экономикалык биримдигиндеги келишимдерге да туура келбейт. Анда биримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын эркин жүрүүсү, соода-сатык жүргүзүүсүнө убада кылынган. Эми бир киши автоунаасы менен жүк алып келе жатып Орусиянын аймагына кирди дейли. Ал Москвага жеткиче эки жерден токтотуп, эки административдик айып пул салса эле дароо «кара тизмеге» кабылып жатпайбы. Бул эми кылмыш иши эмес. Жарандарыбыз айып пул төлөгөн кезде дагы жазага тартылып жатпайбы. Кыргызстанга эң көп акча жөнөткөн - айдоочулар, жүк ташуучулар, таксисттер, соодагерлер жабыркашууда".

Гулиза Акматсияева
Гулиза Акматсияева

Мигранттарга юридикалык көмөк көрсөткөн Гүлиза Акматсияева кыргызстандыктарды юристтерге кайрылып, укуктук колдоо алууга үндөдү.

Анын айтымында, «кара тизмеден» чыгууга же соттун чечимин жокко чыгаруу үчүн бир нече жолдор бар.

"Эгер адам Орусиядан чыгып кеткенден кийин чектөөлөргө кабылып, кайра кире албай калса, ошол эле кезде Орусиянын жарандыгын алган жакын тууганы - ата-энеси, түгөйү, балдары бар болсо түз эле юристтерге кайрылып, ага ишеним кат берип, сот аркылуу бул тизмеден чыкса болот".

Юристтин айтымында, Орусияда жүргөн кыргызстандыктар ИИМдин базасынан жана ар кандай булактардан өзүн текшерип, «кара тизмеге» кабылуу коркунучу болсо, юридикалык кеңеш алышы керек. Мындай аракет өлкөдөн капысынан чыгарылуу коркунучунан сактайт. Ар бир иш өзүнчө каралат. Ошондо деле сотко кайрылып, сот жүрүп жатканда Орусияда иштей берсе болот.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Орусиядан Кыргызстанга 100 миңдей мигрант кайтып келген. Мигранттардын акча которуулары да кыскарган.

Кыргызстандын Улуттук банкы 2020-жылы чет жактан 2 миллиард 377,16 миллион доллар которулганын, бул мурдагы жылга салыштырмалуу 30 миллион долларга кем экенин жарыялады.

2021-жылдын башынан бери Орусияда карантиндик чектөөлөр алынып, аба каттамдарынын жанданышы менен мигранттардын акча которуулары акырындык менен калыбына келүүдө.

Журтташтарды кооптондурган “кара тизме”
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:35 0:00

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG