Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Айдоочуларды нааразы кылган «Яндекстин» иши


Яндекс Такси. (Иллюстрациялык фото)
Яндекс Такси. (Иллюстрациялык фото)

Бир караганга «Яндекс» компаниясы таксисттерге эң сонун шарттарды түзүп салгандай көрүнөт: жумуш кычаган маалда кымбаттатылган тариф, бийик рейтингге иштеген ыкчам заказдар, автоунаанын абалына анчалык көңүл бурулбаганы. Бирок айдоочулар компанияны Кыргызстандан “чыгарып таштоону” талап кылышууда.

Алар ушундай талапты коюп өкмөткө чейин барышты, ал жердегилер арызда айтылгандарды иликтеп көрүү убадасын беришти. Чоң нааразылыкты жараткан маселе, айдоочулардын ырасташынча, шартынын оордугу, комиссияга алынчу акчанын көптүгү.

Айдоочулар ар бир заказдан түшкөн акчанын 15% “жумуш берчүлөргө” калтырышат. Айталы, жеткирүү 300 сом болсо анын 45 сомун бериш керек. Жергиликтүү таксопарктар бардык заказдардан белгиленген гана акчаны алышат, адатта ал 10 сомдон ашпайт. Көп акча алчу «Яндекстен» чыгып, жергиликтүү компанияларга өтүп кетиш кыйын – эл аралык лөк компания арзан тарифтери менен такси базарын толук ээлеп алган.

Айдоочуларды нааразы кылган дагы бир жагдай бар - «Яндекс» Кыргызстанда катталган эмес, ал эч кандай салыктарды төлөбөйт, анысы жүргүнчү ташуу жаатындагы атаандаштыкка бирдей шарт түзбөй, анын монополисттик абалын камсыздоодо.

Айдоочулардын айтымында, компаниянын көздөгөнү - кирешелүү тармактын каймагын калпып алуу. Таксисттер «Яндекс» күн сайын өлкөдөн 11 миллион сомдой акчаны алып чыгып кетерин эсептеп чыгышкан. Чын эле ошондойбу, Кыргызстанга кирген компаниянын иши кандай уюштурулганын карап көрбөйлүбү.

Бизнес формасы жагынан алганда «Яндекс» – такси кызматы эмес, маалымат сервиси. Анын өзүнүн машинелери, айдоочулары жок. Сервис жергиликтүү өнөктөш парктар менен иштешет, алардын иши айдоочулар менен кызматташууга негизделген.

«Яндексти» заказ кылган жүргүнчү иш жүзүндө анын тиркемесин гана пайдаланат. Чакырууга жергиликтүү компаниянын бир таксисти келет, ал компания болсо «Яндекс» менен кызматташат. Айдоочу түшкөн пайданын 12% «Яндекске» берет, калган 3% - жергиликтүү таксопаркка которулат.

«Яндекстин» расмий сайтында Бишкек шаары боюнча 37 өнөктөшү катталган, алардын арасында айдоочулар арасында аты белгилүү «Караван», «ЯПартнер», «Бишкек KG» жана башкалар бар. Иш жүзүндө «Яндекстин» өнөктөштөрү өтө көп, баарысы 150 – аларды таксисттер баланстарын толтуруп алчу ар кыл терминалдардан көрүүгө болот.

Орусия президенти Владимир Путин "Яндекс" компаниясынын башкы директору Аркадий Волож менен компаниянын баш кеңсесинде. 2017-жылдын 21-сентябры. Михаил Метцель/ТАСС
Орусия президенти Владимир Путин "Яндекс" компаниясынын башкы директору Аркадий Волож менен компаниянын баш кеңсесинде. 2017-жылдын 21-сентябры. Михаил Метцель/ТАСС

Көрүнүп тургандай, «Яндекс» тиркемесин пайдаланууга бергени үчүн гана комиссия алат. Чет элдик компания айдоочулар боюнча жоопкер эмес, себеп дегенде алар жергиликтүү таксопарктарга иштешет. Таксопарктар болсо өз кезегинде айдоочулар менен келишим түзүп, тиешелүү салыктарды төлөшү керек.

Иш жүзүндө болсо жаңы таксисттерди каттоо онлайн-режимде бир-эки мүнөттүн ичинде ишке ашат. Айдоочунун патенти барбы-жокпу, машинеси такси кызматын аткарууга жарайбы, рулда отурган кишинин ким экенин текшерчү адам жок. «Ал мүмкүн кылмышкердир, акыл-эси жагынан мандеми бардыр же машине айдаганды жакшы билбеген бирөөдүр», - дейт айдоочулар менен таксисттер профсоюзунун президенти Руслан Жакыпбеков.

Көптөгөн жергиликтүү таксопарктардын сайттарында жайгаштырылган жападан-жалгыз маалымат - «Яндекс Таксиге» катталыш үчүн көп убаракерчиликтин деле кажаты жок.

«Яндекс» Нидерландда катталган, юридикалык жагынан анын Кыргызстанга эч тиешеси жок. Мамлекеттик салык кызматындагылар «Яндекстин» иш-аракетинде эч кандай мыйзам бузуулар жок экенин түшүндүрүп беришти.

Салык кодекси боюнча Кыргызстанда туруктуу мекемеси жок чет элдик уюмдун кирешесинин салык агенттери тарабынан төлөм булактарынын 10% гана салык катары төлөнөт. Жөнөкөйлөтүп айтканда салыкты «Яндекстин» жергиликтүү өнөктөш компаниялары төлөшү керек. Алар «Яндекс» тиркемелерин пайдаланганы үчүн резидентке кирбеген компания катары 10% киреше салыгын төлөөгө милдеттүү.

Анткен менен «Яндекстин» жергиликтүү өнөктөштөрү салык төлөгөнүн же төлөбөгөнүн текшерип чыгыш кыйла оор жумуш экен. Алардын кантип Кыргызстанда катталышканы белгисиз. «Яндекстин» каршылаштарынын айтуусунда, көпчүлүк таксопарктар көмүскө иштешет.

«Таксопарктар катталышпайт. Расмий түрдө алардын үчөө гана катталган. Калгандарынын салыктарды төлөрү, тапкан кирешелерин ачыкка чыгарары белгисиз. Ушундай система иштеп жатат», - дейт 16-февралда Бишкектеги темир жол вокзалынын жанында өткөн нааразылык акциясынын катышуучусу.

«Азаттыктын» Салык кызматы таксопарктардын кандай иштеп жатканына кызыгабы деген суроосу жоопсуз калды, ведомстук жооп бербеди. «Яндекс» компаниясынын пресс-кызматы салыктарды төлөө жоопкерчилиги жергиликтүү өнөктөштөргө жүктөлөрүн билдирди.

«Ар бир таксист күнүгө «Яндекске» болбоду дегенде 200 сом төгөт. Бул жалгыз «Яндекске» гана берилчү акча, биздин таксопарктарга берилчү акча да бар. Ошол 138 таксопарктын ар биринде болжол менен 400 «мотор» (автоунаа – ред.) иштеп турат. Ошол жалпыны, 400 «моторду» 200 сомго көбөйтсөк, аны 138 таксопаркка кошсок, болжол менен күнүнө 11 млн. сомдой акча чыгат. Ушунча акчаны «Яндекс» күнүгө эч кандай салык төлөбөй сыртка чыгарып кетет. Өткөн нааразылык акциясында өкмөт үйүнө бардык,ошол жерде Салык кызматы өздөрүнүн эсебин жүргүздү. Болбоду дегенде эле күнүнө 7-8 млн. сом чыгып кетип атпайбы», - ушинтип эсеп-чотун алып оңор эмес акчанын кайда кетип атканын акция катышуучусу Тилек Шагайбаев алдыга жайды.

«Яндекс» таксистеринин бир тобу нааразылык акциясы компаниянын атаандаштарынын алысты мелжеген иш-аракетинин бири болушу ыктымал деп эсептешет.

«Бардык эле айдоочулар каршы эмес. Бул жерде заказдар толтура, иштеп жетише албайсың. Тиркемеси да ыңгайлуу. Күн сайын миң сомго жакын акча иштеп табам. Бул деген рынок, эркин атаандаштык. Бир жери - алар комиссияны дайыма көтөрүп ийишет, ошондуктан көпчүлүк айдоочулар жүргүнчү отурар замат эсептегичти өчүрүп коюшат», - дейт бишкектик таксист Адилет.

Такси айдоочуларынын көз карандысыз профсоюзундагылар максат атаандашты кандай гана да болсо четке сүрүп чыгаруу эмес, «Яндекстин» ишин лицензия негизинде мыйзамдуу жолго салып жөндөө экенин айтууда.

Кыргызстанда иштөөнү каалаган «Яндекс» баштаган чет мамлекеттин компаниялары биздин өлкөдө мыйзамдуу катталышы керек, анан алар айдоочулар менен эмгек келишимин түзүп, алардын иштешине шарт түзүп бериши керек», - дейт уюмдун президенти Руслан Жакыпбеков.

Москвадагы мигранттар эмдөөгө даярбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

(Орусчадан которгон Бекташ Шамшиев)

XS
SM
MD
LG