Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:31

Мамдума «Яндексти» бутага алды


«Яндекстин» Москвадагы башкы кеңсеси.

«Орусча Google» атыккан «Яндекс» интернет порталы орусиялык депутаттардын бутасына айланды. Мамлекеттик Думанын айрым мүчөлөрү бул порталдын башкы жаңылыктарды тандоо ыкмасына капа болушууда. «Яндекс» кабарлар автоматтык түрдө тандаларын айтып жатат.

Орус депутаттары «Яндекс» интернет порталы жергиликтүү маалымат каражаттары жазган жаңылыктардын ичинен негизгилерин кандай принцип менен тандай турганына кызыга башташты.

Айрымдары «чет өлкөдө» катталган бул портал Орусиядагы «социалдык жана саясий кырдаалды курчутуу» үчүн эл арасында популярдуу болгон кабарларды атайылап жайылтпай элеби деп суроо салып жатышат.

Алардын бири, «Бирдиктүү Орусия» фракциясынын жетекчисинин биринчи орун басары Андрей Исаев 14-августта издөө порталдарында «жалган маалыматтар» илинип турганын айтты.

Бийликтеги фракциянын дагы бир орун басары Адальби Шхагошев «Яндекс» порталын жаңылыктарды тандоо алгоритмин кайра карап чыгууга чакырды.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы.
Орусиянын Мамлекеттик Думасы.

«Мамлекеттик Думанын кадыр-баркынын көтөрүлүшүн каалабаган күчтөр бар деп эсептейбиз. Биз бул жерде түздөн-түз «Яндекстен» шек санабай элебиз. Бирок көптөгөн маалымат каражаттары «Яндексти», тактап айтканда анын робот системасын колдонуп жатат деп ойлойбуз. Алар мындай кабарлар башкы жаңылыктардын катарына кошулушун каалашат. Ушул себептен улам биз «Яндекстен» түшүндүрмө күтөбүз», - деди Шхагошев.

Депутаттардын мындай нааразылыгына «Яндекстин» «Коммерсантъ» басылмасынын үч күн мурдагы макаласын негизги жаңылыктардын катарына кошкону себеп болду. «Дума эски автоунааларга тыюу салууну караштырууда» деп аталган бул макала эл арасында чоң талкууга жем таштаган эле.

Анда Думанын Экономикалык саясат комитетинин мүчөсү Альфия Когогинанын эски автоунааларга тыюу салууну караштыруу жөнүндө министрлерге жөнөткөн каты тууралуу сөз болгон. Мындай сунушту депутаттын күйөөсү, Орусиядагы оор жүк ташуучу унааларды чыгарган «КамАЗ» заводунун президенти Сергей Когогин да колдогону айтылган. Элдин нааразылыгынан көп өтпөй «Бирдиктүү Орусия» фракциясы мындай демилге бир гана депутатка таандык экенин белгилеп, аны колдобой турганын билдирүүгө ашыкты.

Бирок депутаттар «Яндекс» сыяктуу издөө порталдары сунуш колдоо таппаганына карабастан эски автоунааларга тыюу салуу тууралуу макаланы алдыңкы сапкы чыгарып жатканына нааразы болушууда.

«Сентябрь айынын башында биз бул жаңылык жана издөө порталдарынын өкүлдөрү менен жолугуп, өзгөчө алар чет өлкөдө катталган болсо, эмне үчүн мындай кылып жатканын тактагыбыз келет», - деп билдирди «Бирдиктүү Орусия» фракциясынын жетекчисинин биринчи орун басары Андрей Исаев.

«Яндекс» болсо депутаттардын дооматтарына жооп кайтарып, жаңылыктар автоматтык түрдө тандалаарын эске салды.

Орус президенти Владимир Путин "Яндекстин" баш кеңсесинде, Москва, 21-сентябрь 2017-жыл.
Орус президенти Владимир Путин "Яндекстин" баш кеңсесинде, Москва, 21-сентябрь 2017-жыл.

«Яндекс.Новости» порталынын редакциясы жок экенин, бардык кабарлар лицензиясы бар маалымат каражаттарынан автоматтык түрдө алынарын, алардын темалары жана фрагменттери өзгөртүлбөй көрсөтүлөрүн эске салгыбыз келет. Биздин алгоритим ачык-айкын, башкы жаңылыктарга кандай факторлор таасири тийгизээрин ачык эле билсе болот», - деп айтылат компаниянын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Елена Бунина жетектеген «Яндекс» порталынын акцияларынын 80 пайызы Нью-Йорктогу «NASDAQ» биржасында ачык эле сатылат. Компаниянын баш кеңсеси Москвада жайгашкан. «Яндекстеги» добуш берүү укугунун 49 пайызы компаниянын түзүүчүсү Аркадий Воложго таандык. Анын колунда орус жарандыгынан сырткары Мальтанын да паспорту бар.

Мындан тышкары «Сбербанк» мамлекеттик банкынын «Яндекс» компаниясында «алтын акциясы» бар. Мындай укук «Сбербанкка» «Яндекстин» 25 пайызга чейинки акцияларын сатууга тыюу салып коюу мүмкүнчүлүгүн берет.

«Яндекстин» айланасындагы окуялар Москвада июль айынын соңунан бери ири митингдер токтобой жаткан учурга дал келүүдө. Көз карандысыз активисттерге 8-сентябрга белгиленген жергиликтүү кеңешке шайлоого катышууга уруксат берүүнү талап кылган соңку митинг 10-августта өтүп, ага 60 миңге чукул киши катышкан. Бул Орусиядагы 2011-жылы Болотная аянтында өткөн акциялардан берки эң ири саясий жүрүш болуп калган эле.

Москвадагы митинг маалындагы кармоо, 10-август 2019-жыл.
Москвадагы митинг маалындагы кармоо, 10-август 2019-жыл.

Орус бийлиги митингдер боюнча Батыш өлкөлөрүн, анын ичинде «Google» компаниясын айыптап жатат. Маселен Орусиянын байланыш жана маалымат технологиялары тармагын көзөмөлдөгөн Роскомнадзор мекемеси «Google» корпорациясын «бийлик уруксат бербеген жүрүштөрдү жарнама кылып жатат» деп күнөөлөп, мындай жарнамаларды токтотууга чакырган.

Өткөн айда бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаты маанилүү интернет-компаниялардагы чет өлкөлүк жарандардын үлүшүн 20 пайызга чейин чектеген мыйзам долбоорун сунуш кылган. Орус маалымат каражаттары бул документ «Яндекс» порталына багытталганын жазып чыгышкан эле.

Быйыл жыл башында «Яндекс» компаниясы өзүнүн электрондук почта кызматынын криптографиялык ачкычын же каттар кандай ыкма менен шифрленерин коопсуздук кызматы менен бөлүшүүдөн баш тартып койгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG